1 Ağustos 2019 Perşembe

КЛЕТКАНЫН КОМПЛЕКСТҮҮ ТҮЗҮЛҮШҮН КОКУСТУКТАР МЕНЕН ТҮШҮНДҮРҮҮГӨ БОЛБОЙТ


Көптөгөн илимпоздор клетканын комплекстүү түзүлүшүн, анын маалыматты жана планды талап кылган иш-аракеттерин сүрөттөө үчүн бир катар салыштырууларды жасашат. Кээ бирлери клетканы кылдат долбоорлонуп жасалган космос кемелерине, кээ бирлери абдан өнүккөн шаарларга, кээ бирлери болсо эң жогорку технологиядан да жогорку деңгээлдеги лабораторияларга салыштырышат. Бирок бүт баары мындай салыштыруулардан соң, аягында клетканын андан да алда канча татаал экенин айтышат.


Кембридж университетинин зоология профессору У. Торп клетканын комплекстүүлүгү жөнүндө мындай дейт:
Акыркы 10-15 жылда жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү үчүн чыгарылган бири-бирине окшош спекуляциялар менен талкуулар ой жүгүртүүлөрдүн өтө жөнөкөй болгонун, алардын көп деле мааниси жоктугун көрсөттү. Бул маселе такыр эле чечилчүдөй эмес... Бир клетканын келип чыгышы да абдан татаал маселе. Кандайдыр бир клетка түрүндө эле адамзат тарабынан ойлоп чыгарылган кандайдыр бир машинадан биз элестете да албай турганчалык татаал «механизм» бар. Бул табышмактардын жандырмагы тууралуу колубузда реалдуу эч кандай ишарат жок...7
Дарвинисттердин жашоонун келип чыгышы тууралуу түшүндүрмөлөрүндө «кокусунан пайда болгон «примитивдүү» (жөнөкөй) бир клетка акырындап, кокустуктардын натыйжасында азыркы абалына келген» деген ой айтылат. Бирок бул логикасыз көз-караштын натыйжасында көптөгөн карама-каршы пикирлерди айтышат. Мисалы, клетка кээ бир өзгөчөлүктөрү болбосо, такыр жашай албайт. Ошондой эле, клетка мындай татаал өзгөчөлүктөрдүн өзүнөн-өзү, кокусунан эволюцияланышын күтө албайт. Ошондуктан клетка эволюционисттердин кыялындагыдай примитивдүү да боло албайт жана акырындап эволюциялана да албайт. Учурда эволюционисттер да клетканын мындай процесстен өтө албай турганын кабыл алууга мажбур болушууда. Эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурт муну мындайча мойнуна алган:
Артка кылчайганыбызда, дээрлик азап менен изделген өткөөл формалардын эч табылбашына таң калбашыбыз керек экенин түшүнөбүз. Анткени, андай өткөөл форма эч качан болгон эмес, сыягы. Учурдагы билимибиз эволюциянын жалпы принцибинин мында ишке ашпаганын, примитивдүү клетканын акырындап өзгөрүп отуруп, аягында ядролуу, органдуу бир клеткага айланышы сыяктуу бир процесстин болуп өтпөгөнүн көрсөтүүдө.8
Бардык бөлүктөрү менен өзгөчөлүктөрү толугу менен бар болгондо гана клетка жашап, өз функцияларын аткара алат. Британия королдук химия ассоциациясынын мүчөсү, химик профессор Дэвид Роузвир клетка толугу менен бар болгондо гана функцияларын аткара алаарын төмөнкүчө белгилеген:
Молекулярдык биологиянын өнүгүшү менен бирге, Опарин жана Холдейн заманынан бери, клетка «жөнөкөй нерсе» деп кабыл алынбай калды. Жандуу клетка мембранасы белгилүү кошулмаларды клетканын ичине киргизет же клетканын сыртына чыгарат. Клетка мембранасы жөнөкөй жарым-өткөргүч кабыкча эмес. Клеткалардын ичинде бүт организмдин түзүлүшү жана функциялары жөнүндөгү маалыматтар сакталган нуклеин кислоталары бар. Ошондой эле, клеткада белок өндүрүүчү рибосомалар болот. Ал белоктор нуклеин кислоталарынын комплекстүү механизмин жасоодо колдонулат жана көптөгөн түрүнүн ар биринин өзүнүн функциясы бар. Клеткада, мындан тышкары, энергия (АТФ) чыгаруучу митохондрия бар. Бул бөлүктөрдүн ар бири укмуш комплекстүү... Бул бөлүктөр өз алдынча жашай алышпайт, клетка да булардын бирөөсү эле болбосо жашай албайт... Ошондуктан клетка эң башынан баштап, укмуш комплекстүү жана бири-биринен көз-каранды, бардык бөлүктөрү менен бирге бар болушу керек. Бөлүктөрдүн миллиондогон жылдын ичинде, акырындап биригиши, б.а. эволюцияланышы мүмкүн эмес.9
Клетка жашай алышы үчүн талап кылынган өзгөчөлүктөрдүн бири – бул анын «коркунучту айырмалай алуу» касиети. Мындай касиети жок клетка, эгер пайда болсо да, жашоосун уланта албайт.
Эволюционисттердин бир китебинде бул мажбурдук төмөнкүчө белгиленген:
Жандуу системалар пайда болгон секундадан баштап, табигый чөйрөлөр менен шарттардын ар кайсы өзгөчөлүктөрүн бири-биринен айырмалай ала турган жөндөмгө ээ болушу керек болгон. Организмдер затты сиңирүү процесстерин улантуу үчүн мажбурлуу болгон жөндөмгө, айлана-чөйрө факторлору менен таанышып ажырата алуу, кандайдыр бир мааниде аларды таанып, айырмалай алуу жөндөмүнө ээ болгонуна жараша жана бул жөндөмгө ээ болсо гана жашоосун уланта алышкан. Айлана-чөйрө факторлорун (мисалы, кант жана белок сыяктуу энергия берүүчү чоң молекулаларды) алар үчүн пайдасыз, ал тургай, кооптуу жана зыяндуу заттардан кандайдыр бир жол менен айырмалап, керектүүсүн тандай алуу аргасыз (сөзсүз керектүү) бир мажбурдук болгон, анткени бул зыяндуу факторлор аны «ууландырып» клетканын затты сиңирүү процесстерине бөгөт коюп, бул процесстерди жолдон чыгарат.10

Клетка бардык бөлүктөрү болгондо гана кемчиликсиз иш-аракет жүргүзө алат.

1. Клетка мембранасы; 2. ДНК; 3. Клетка скелети; 4. Митохондрия.

А. Клетка мембранасы болбосо клетка да болбойт
В. ДНК болбосо клетка да болбойт
С. Клетка скелети болбосо клетка да болбойт
D. Митохондрия болбосо клетка да болбойт.

Көрүнүп тургандай, клетка зыяндуулар менен пайдалууларды айырмалоо жөндөмүнө ээ болсо гана жашай алат. Бул жөндөм жөнүндө бир нерсени эске салуу керек: жогорудагы сүйлөмдөргө көңүл бурган болсоңуз, тандоо, ажыратуу, таанып билүү, айырмалоо сыяктуу жөндөмдөрдөн сөз кылынган. Ойлонууну, акыл жүгүртүүнү жана аң-сезимди талап кылган бул жөндөмдөргө аң-сезимсиз клеткалардын кокусунан ээ болуп калганына ишенген дарвинисттер мунун логикага сыйбастыгын атайылап байкамаксан болушат. Кокустуктар бардык карама-каршылыктарды кандайдыр бир жол менен чечкен деп ишенишет. Кокустуктарды бардык эшикти ача алган, бардык кыйынчылыктан өтө алган, бүт нерсени өтө кылдат пландаган кереметтүү бир күчтөй көрүшөт. Бул, албетте, негизсиз жалган ишеним.

1. Темир
2. Натрий
3. Кант
4. Калий
5. Көмүртек
6. Белок
7. Суу молекуласы

Клеткадагы улуу акылда эволюционисттерди туюкка салган көптөгөн жагдайлар бар. Мисалы, аң-сезимсиз атомдор кокусунан биригүү аркылуу кантип абдан пландуу иш-аракеттерди жасаган клетканы пайда кылышкан? Эволюционисттер клетканы табиятта өзүнөн-өзү келип чыккан химиялык реакциялардан пайда болгон дешет. Бирок клетканын ар бир өзгөчөлүгү пландалып, тартипке салынган; бул тартипте кокустуктарга орун жок. Ар бир өзгөчөлүк улуу бир аң-сезимдин бар экенин көрсөтөт.
Бул теманы терең изилдеген белгилүү британиялык илимпоз Фред Хойлдун төмөнкү сөздөрү абдан таамай айтылган:
Эгер чындап эле заттын ичинде аны жашоого түртүүчү бир ички принцип болгондо, бул бир лабораторияда оңой эле аныкталышы керек эле. Мисалы, бир изилдөөчү байыркы сорпону (первичный бульон) чагылдырган бир бассейнге эксперимент жүргүзсө болмок. Ал бассейнди каалашыңызча ар түрдүү жансыз химиялык заттарга толтуруңуз. Ага насос менен каалашыңызча ар түрдүү газды кошуңуз же аны каалашыңызча ар түрдүү радиацияга тосуңуз. Бул экспериментти бир жыл бою улантып, анан (жашоого керектүү) 2000 ферменттин канчасынын синтезделгенин караңыз. Бул экспериментти жасап убактыңызды коротпошуңуз үчүн, мен сизге жообун азыр эле берейин: эч качан эч нерсе таба албайсыз, балким бир канча аминокислотаны же башка жөнөкөй химиялык заттарды гана көрүшүңүз мүмкүн.11
Эволюционисттер эң «примитивдүү» (жөнөкөй) клеткалар деп эсептеген бактериялар да бул жерде айтылган аң-сезимдүү өзгөчөлүктөргө ээ. Өзүнө зыяндуу менен пайдалууну бири-биринен ажырата алганы үчүн, аларды да эч качан жөнөкөй деп айтканга болбойт.
Бир эволюционист муну мындайча мойнуна алган:
Жөнөкөй клеткаларды түрлөрдүн келип чыгышынын башталышы деп эсептеген кеңири тараган көз-караш чындыгында жаңылыш көз-караш. Бул клеткаларда функционалдык жактан жөнөкөй эч нерсе жок. Бул клеткалардын бүгүнкүлөрү сыяктуу ушул эле биохимиялык жабдуулары болгон. Андай болсо, кийинки клеткалар кантип пайда болгон? Бул суроонун акылга сыярлык бир гана жообу бар: кандай болгонун билбейбиз.12
Изилдөөчү Говард Пет болсо жөнөкөй клетка деген түшүнүктүн жок экенин төмөнкүчө белгилеген:
Мурда клетка бир ядродон жана цитоплазма «деңизинин» ичиндеги башка бөлүктөрдөн турат деп кабыл алынчу. Бирок клетканын ичинде көп жерлер бош эле. Эми болсо клетканын чындыгында «уюк сыяктуу экенин», б.а. клетканын жана клеткалардан түзүлгөн дененин өз жашоосуна керектүү болгон маанилүү функционалдык бөлүктөргө толо экенин билебиз. Эволюция теориясы жашоо «жөнөкөй» бир клеткадан өрчүгөн деп эсептейт, бирок учурда илим жөнөкөй клетка деген нерсенин жок экендигин көрсөтүүдө.13

Жашоонун келип чыгышында кокустуктарга орун жок

Албетте, илимдин атын жамынган дарвинисттер илимдин алардын көз-караштарын четке кагаарын эч күткөн эмес. Электрондук микроскоп, генетика илими пайда боло электе, б.а. 1800-жылдары клетканын комплекстүү түзүлүшүн эч ким билген эмес. Ошондуктан «жашоо кокусунан пайда болгон» деген көз-караш сабатсыздыктан пайдаланып, белгилүү убакыт бою адамдарды жаңылта алды. Бирок бүгүнкү күндө илим менен технология клетканын түзүлүшүнүн абдан татаал экенин көрсөттү. Клетканын түзүлүшү ушунчалык комплекстүү болгондуктан, илимпоздор канчалаган аракеттерге жана учурдагы жетишкендиктерге карабастан, клеткага окшош бир түзүлүштү жасай алышкан жок.
Аң-сезими жана акылы бар адамдар тарабынан ушунча мүмкүнчүлүктөргө жана технологияга карабастан, жасалма жол менен жасала албаган клетканын кокусунан пайда боло албашы анык. Эволюционисттер бул туюктан чыгуу үчүн, убакыт түшүнүгүнө таянып, миллиондогон жылда бул ишке ашышы мүмкүн дешүүдө. Бирок канча убакыт берилбесин, туш келди факторлордун натыйжасында белгилүү тартипке салынган, акылдуу, аң-сезимдүү иш-аракеттерди жасаган, белгилүү маалыматтарды камтыган бир түзүлүштүн пайда болушун күтүүнүн кыялдануудан эч кандай айырмасы болбойт. Убакыттын кандайдыр бир тартипти орнотуу же ар кайсы кокустуктарды «жасап көрүү-жаңылуу» жолу менен иргеп, «бул жарайт, бул жарабайт» деп тандоо жөндөмү жок. Австралия илимдер академиясында эмгектенген биолог, профессор Майкл Питман убакыттын эволюционисттер ойлогондон тескери натыйжаларга себеп болоорун төмөнкүчө белгилеген:
Убакыттын эч кандай пайдасы жок. Жандуу системанын сыртындагы биомолекулалар убакыт өткөн сайын ажырап баштайт, куралып баштабайт. Биомолекулалардын баары көбүнчө бир канча күнгө чыдайт. Убакыт комплекстүү системаларды ажыратат (бузат). Эгер узун бир сөз (бир белок) же бир абзац кокусунан пайда болсо, убакыт аны бузууга багыт алат.14

1. Жөнөкөй микроскоп
2. Оптикалык микроскоп
3. Электрондук микроскоп
4. Сканердик электрондук микроскоп
5. Ион микроскобу

Клетканын ичиндеги үзгүлтүксүз иш-аракеттер


Жандуу клетка бардык илимпоздорду таң калтырган бир жаратылуу керемети. Электрондук микроскоп менен изилдегенде, клетканын ичинен аарынын уюгундагы иш-аракеттерди эске салган, өтө активдүү бир түзүлүштү көрүүгө болот. Жүздөгөн бал аарылар өлүп, ордуна жаңыларынын келиши аркылуу уюктагы жашоонун уланышы сыяктуу, денеде да күн сайын миллиондогон өлгөн клеткалардын ордуна жаңылары пайда болот. Жана миллиарддаган клетка адамдын денеси жашашы үчүн биргелешип, гармонияда иш алып барышат.
Адамдын денесиндеги бул көзгө көрүнбөгөн түзүлүштөрдү бир шаардын борборуна салыштырууга болот. 100 триллион клетканын ар бири айланасы дубал менен курчалган бир шаарга окшоп бардык муктаждыктарын өзү камсыз кылат, энергия өндүрөт, байланыш, транспорт жана коопсуздук кызматтарын камтыйт. Станциялар клетканын энергиясын, заводдор болсо белокторду жана абдан маанилүү химиялык заттарды иштеп чыгарат. Комплекстүү транспорт системалары ал химиялык заттарды клетканын ичинде бир жерден экинчи жерге жана керек учурда клетканын сыртына жеткирет. Дарбазадагы күзөтчүлөр болсо экспорт жана импорт рыногун көзөмөлдөп, кооптуулук белгилерин алуу үчүн сырткы дүйнөдөн кабардар болуп турушат. Дисциплиналуу биологиялык армиялар баскынчылар менен согушууга даяр турса, «борборлоштурулган генетикалык өкмөт» тартипти камсыз кылат.15

Бир жерде долбоор бар болсо, анын долбоорчусу да бар...

Клетканын ичиндеги транспорт системасы да абдан комплекстүү. Клетканын ичи бир канча бөлүмгө бөлүнөт жана бири-бири менен өтө гармониялуу иштеген адистешүү (эмгектин бөлүнүшү) бар. Бөлүмдөрдүн бир бөлүгү азык топтосо, бир бөлүгү фермент жана белокторду өндүрүп, ташышат. Мисалы, клетканын ичинде кээ бир азыктар колдонуу максатында молекулярдык жүк ташуучу унааларга жүктөлөт. Ар бир унаада бара турган жердин кулпусун ача турган бир ачкыч болот. Ошентип бир катар белоктор жүк жүктөө портторуна окшоп, унааларды ачып, андагы жүктөрдү отсектерге (атайын бөлүктөргө) түшүрөт.16


Тереңирээк изилдегенде, клетканын ичиндеги молекулалардын укмуш ылдам кыймылдаарын көрөбүз. Андагы мыкты уюштурулган жана мыкты координацияланган процесстер бул жерде сүрөттөлгөндөн алда канча татаал. Америкалык астроном Карл Саган, атеист болгону үчүн клетканын келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылганы менен, клеткадагы иш-аракеттер жөнүндө мындай дейт:
Организмдин клеткасы масштабдуу жана комплекстүү бир архитектура керемети. Микроскоптон караганда чымын-куюн кыймылдарды көрөбүз. Тереңирээк деңгээлде молекулалардын укмуш чоң ылдамдык менен синтезделээри учурда белгилүү.17
Лихай университетинин белгилүү биохимия профессору жана учурдагы дарвинизмди сындаган эң белгилүү инсандардын бири Майкл Бихи болсо клетканын бардык бөлүктөрүнүн көрүнгөндөн алда канча татаал түзүлүштөрдөн тураарын төмөнкүчө белгилеген:
Мен Дарвиндин эволюция механизми микроскоптон көрүнгөндөрдү түшүндүрө албайт деген ишенимдемин. Клетканын түзүлүшү туш келди эволюциялана албай турганчалык татаал, аларды жасай турган бир мээ болушу керек... Дарвиндин теориясы клетканын келип чыгышын түшүндүрүү аракетинде эң чоң кыйынчылыкка туш болууда. Клетканын көптөгөн системалары менин сөзүм менен айтканда акыл жеткис даражада комплекстүү. Мунун мааниси система иштээрден мурда бир канча кошундуларга муктаж... Мындай система Дарвиндин ыкмасы менен, б.а. функциялары бир-бирден өрчүү аркылуу, керектүү абалга келе алмак эмес.18
Клеткадагы кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк (нечленимая сложность) система иштеши үчүн бир учурда бир канча бөлүктүн толук бойдон бар болушун талап кылат. Демек кокустуктар системанын бардык бөлүктөрүн бир план менен, акылды, билимди жана тартипти талап кылган функцияларын аткара ала тургандай абалда, бир заматта пайда кылышы керек. Ошондой эле, ар бир бөлүктүн укмуш комплекстүү экенин эске алып, жөнөкөйдөн татаалды көздөй өрчүү боло албай турганын да унутпаш керек. Анткени, бул бөлүктөр толук кандуу болгондо гана өз функциясын аткара алат.
Жашоонун негизги түзүлүшү болуп эсептелген клетканын укмуш татаал структурасы эволюционисттердин дагы эле «жашоо кокусунан кантип башталган болушу мүмкүн?» деген суроого жооп таба албашынын негизги себеби болууда. Себеби андагы жогорку деңгээлдеги комплекстүүлүктү кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Майкл Бихи эволюционист илимпоздордун бул чарасыз абалын эволюционист Джеймс Шапиронун бир сөзүнө шилтеме жасоо аркылуу төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Эң негизгиси жашоонун негизги түзүлүшү болуп саналган клетка абдан татаал. Бирок илим дагы эле «жашоо кантип башталган» деген суроого жооп бере алган жокпу? Жок. Чикаго университетинин биохимия бөлүмүнүн илимпозу Джеймс Шапиро жазгандай, «Дарвиндин механизмин биохимия тармагында түшүндүрө турган так далилдер ушул күнгө чейин табылган жок, бир канча үмүтсүз спекуляциядан башка эч нерсе жок.» Бир канча илимпоз клетканы Дарвинден башка ыкмалар менен түшүндүрүүнү сунушташкан. Анын ордуна, мен бүт бул системалардын бир акыл тарабынан пландалганына жана жөнгө салынганына ишенем.19


Массачусетс технология институтунда (MIT) физика, биология тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор Джеральд Л. Шредер болсо клеткадагы комплекстүүлүктү төмөнкүдөй бир мисал менен сүрөттөгөн:
Дененин ичине жана андан ары клетканын ичине кирүү кереметтер дүйнөсүнө саякат кылуу сыяктуу. Сырткы кабыкча менен оролгон клетканын иш-аракеттери сырттан изоляцияланган. Кандайдыр бир түзүлүштү сыртынан караганыбызда аны жөнөкөй нерседей көрөбүз. Бирок ойдон иш-аракетке өткөндө, миллиондогон клетканын жана миллиарддаган атомдун белгилүү бир буйрукка баш ийип, бул иштерди аткараарын түшүнөбүз. Сырттан караганда баары жөпжөнөкөй көрүнөт. Бир унааны от алдыруу үчүн ачкычты бурашыңыз жетиштүү болот. Же компьютерди иштетүү үчүн күйгүзүү кнопкасын басасыз. Бирок моторду от алдыруу же экранды жарык кылуу үчүн миллиарддаган атомду туптуура багытта кыймылга келтирүү максатында схемалардын долбоорун түзүүгө жана компоненттерди ойлоп табууга сансыз саат коротулган.20


Дарвин менен анын жолун жолдогон эволюционист биологдор көп жылдар бою клетканы «сыртынан» карашкан, ошондуктан аны жөнөкөй бир түзүлүш катары көрүшкөн жана анын келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болот деп ойлошкон. Бирок 20-кылымдын экинчи жарымында клетканын укмуш комплекстүүлүгү жакшыраак аныкталган сайын, эволюционисттер таң калып, айла таппай калышты. Бүгүнкү күндө клетканын келип чыгышы «келечекте бир күнү эволюциялык механизмдер менен түшүндүрүлөт» деген үмүт менен гана жүрүшөт. Колдорунда далил эмес, үлдүрөгөн үмүт гана бар. Үмүттүн жалгыз булагы – бул алардын догматизми.
Клеткадагы комплекстүүлүк анын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын апачык далилдейт. Бирок клеткада, мындан тышкары, таң калаарлык бир аң-сезим да бар. Анткен менен, клеткалардын ойлонуу, таанып билүү, чечим алуу, план түзүү сыяктуу аң-сезимге тиешелүү өзгөчөлүктөрү жок. Өзүнчө тыянак чыгара турган мээлери да, көздөрү да, нерв системалары да жок. Бирок клеткалардын иш-аракеттерин караганыбызда эң акылдуу кишиден да акылдуураак, пландуураак, кылдатыраак жана жоопкерчиликтүүрөөк иш-аракет жүргүзөөрүн көрөбүз. Клеткадагы бул улуу акыл «бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан» (Фуркан Сүрөсү, 2) Раббибизге тиешелүү.

  

Клетка мембранасы болбосо, клетка да болбойт


Клетка мембранасынын түзүлүшүнө жана тандап-өткөрүү касиетине кайрылаардан мурда, эволюционисттердин бул жөнүндөгү көз-карашына токтоло кетүү керек. Эволюционисттердин «алгачкы клетка өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон» деген көз-карашынын канчалык чындыкка жана илимге коошпогон көз-караш экенин көптөгөн китептерибизде терең түшүндүргөнбүз. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Жашоонун чыныгы булагы», «Эволюция калпы» аттуу китептерин караңыз.) Бирок эч ыктымалсыз экенине карабастан, алгачкы клетканын кээ бир органеллдери өзүнөн-өзү пайда болду деп элестетели. Анда эволюционисттер үчүн андан да оор бир абал келип чыгат. Анткени, бул алгачкы клетка талапкери эволюционисттер «примитивдүү чөйрө» деп атаган, ойлоп чыгарылган чөйрөдө, өтө зыяндуу атмосфера шарттарынан сактана алуу үчүн, кокусунан мембраналуу болушу керек болот.

Клетканын түзүлүшү
«Кокусунан пайда болгон бир жандык өмүрүн улантуу үчүн кокусунан чара көргөн» деп айтуу эч акылга сыйбаса да, биз кийинки этаптагы логикасыздыкты көрүү үчүн бул сценарийди да ишке ашты деп элестетели жана жомокту уланталы: кокусунан пайда болгон «алгачкы клетка» атмосферанын зыяндуу таасирлерине туруштук бере албай жок болгон. Анан кокусунан башка клеткалар пайда болуп, бирок алар да жашай алышкан эмес. Кийин пайда болгон клеткалар болсо ата-бабаларынын өмүр таржымалынан «сабак алып», примитивдүү атмосфера шартына коргоосуз чыкпаш керек деген «жыйынтыкка келишет». Жана кокустуктардын жардамы менен аларды бул оор шарттардан коргой турган бир «сырткы кабыктуу» болушат. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниде жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы аркылуу өздөрүнө эң ылайыктуу бир кабыкчага ээ болушат. Эми ойлоп көрүңүз: ушундай пландуу иш-аракетти аң-сезими, акылы, мээси жок бир клетка өз алдынча ойлоно алабы же ушундай мыкты чечим кокусунан пайда болушу мүмкүнбү? Клетка мембранасынын сырткы чөйрөдөгү зыяндуу заттардын клеткага киришине бөгөт койо турган, керектүү заттарды киргизип клетканын азыктануусун жөнгө сала турган аң-сезимге ээ болушун туш келди факторлорго таяндыруу эң биринчиден илимге карама-каршы келет. Бул өзгөчөлүктөр болбосо клетка кыска убакыт да жашай албайт жана кичинекей бир катачылык да өлүмгө алып келиши мүмкүн, ушундай нерсени кокусунан пайда болгон деп айтуу канчалык акылга сыйат? Болгондо да, мындай кемчиликсиз түзүлүш алгачкы клеткада эле эмес, андан кийинки бардык урпактарда да дал ошондой уланышы керек болгон. Эволюционисттик түшүндүрмөлөрдү карасак, алгачкы клетка жөнүндөгү божомолдуу ойлордон башка эч нерсени таба албайбыз. Эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурт клетка мембранасы жөнүндө мындай дейт:
... алгачкы клеткалардын бүт баары бир сырткы кабыкча менен оролгон жана бул жагынан дээрлик баарынын бир жалпы өзгөчөлүгү бар деп айтууга да болот. Анткени, бир затты айлана-чөйрөнүн химиялык процесстеринен кандайдыр бир деңгээлде көз-карандысыз өздөштүрүүнүн шарты – бул органикалык системаны аны курчап турган чөйрө жана шарттардан көз-карандысыз кылып, система менен тышкы факторлордун ортосуна тосмо (чек ара) коюу. Бул жагынан караганда дээрлик бардык алгачкы клеткаларды ушундай тосмо коюучу сырткы кабыкча менен оролгон деп кабыл алышыбыз керек болот.21

А. Клетканын сырты; В. Клетканын ичи.

1. Калий
2. Натрий
3. Фосфор

Дитфурттун бул сөздөрүнүн канчалык логикасыз экени айдан ачык. «Кокусунан пайда болгон» бир клетка сырткы кабыкчалуу болууга «мээси жетип», аны ошол замат ийгиликтүү ишке ашыра албайт. Мындай окуя фантастикалуу кинолордо гана болушу мүмкүн. «Кокусунан пайда болгон» сансыз клеткалардын бүт баарын ушундай «акылмандык кылган» деп айтуу болсо эң фантастикалуу кинолордо да кездешпей турганчалык акылга сыйбас бир жомок болот.
Жыйынтыктасак, клетка болушу үчүн мембранасы да болушу керек. Жана ал мембрана клетканын өзүнүн чечими менен же кокусунан пайда боло албайт. Нью-Йорк университетинин Медицина борборунда эмгектенген  профессор Джеральд Вайсман жашоо үчүн клетка мембранасы сөзсүз керек экенин төмөнкүчө белгилеген:
Башында клетка мембранасы болушу шарт! Пурин, пиримидин жана аминокислоталарды өз алдынча көбөйө алган макромолекулаларга айландырган чагылган, сырткы кабыкчанын долбоорундагы уюштуруу сыры болмоюнча, клеткаларды пайда кыла алмак эмес.22
Клетка мембранасы болбосо жашоонун болбой турганын бардык илимпоздор бир ооздон кабыл алышат. Бирок бул жерде клетка мембранасынын азыркыдай комплекстүү түзүлүшү жана «тандап өткөрүү» касиети менен бирге бар болушу керек экенин унутпаш керек. Бул касиеттин эволюционисттер ойлогондой этап этабы менен, акырындап пайда болушу мүмкүн эмес. Анткени, клетка мембранасы азыркыдай касиеттерге ээ болбосо, клетка жашай албайт. Ошондуктан клетка мембранасы сырткы чөйрөнү таанышы, клетканын муктаждыктарын аныкташы, клеткага кире турган заттардын зыяндуу же зыяндуу эмес экенин айырмалашы жана заттарды тандоодо эч ката кетирбеши зарыл. Химиялык реакциялардын, физика мыйзамдарынын жана кокустуктардын аң-сезимсиз майлар менен белоктордон турган ипичке мембранага мындай аң-сезимдүү иргөө жөндөмүн бере албашы анык.

Булактар:

7. W. Thorpe, "Reductionism in Biology," Studies in the Philosophy of Biology,1974, ss. 116-117.
8. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 3. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 2, İstanbul, 1997, ss. 22-23.
9. http://www.icr.org/pubs/imp/imp-313.htm; Dr. David Rosevear, "The Myth of Chemical Evolution", Impact, no. 313, Temmuz 1999.
10. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 2. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 3, İstanbul, 1997, s. 39.
11. Fred Hoyle, The Intelligent Universe, Holt, Rinehard & Winston, New York, 1983, s. 256.
12. David E. Green and Robert F. Goldberger, Molecular Insights into the Living Process, Academic Press, New York, 1967, s. 403.
13. Howard Peth, Blind Faith: Evolution Exposed, Amazing Facts, Inc., 1990, s. 77.
14. Michael Pitman, Adam and Evolution, 1984, s. 233.
15. Peter Gwynne, Sharon Begley, Mary Hager, "The Secrets of the Human Cell", Newsweek, 20 Ağustos 1979, s. 48.
16. Michael J. Behe, "Darwin Under the Microscope", The New York Times, 29 Ekim 1996.
17. Carl Sagan, "Life" in Encyclopedia Britannica: Macropaedia, 1974, ss. 893-894.
18. Michael J. Behe, "Darwin Under the Microscope", The New York Times, 29 Ekim 1996.
19. Michael J. Behe, "Darwin Under the Microscope", The New York Times, 29 Ekim 1996.
20. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 60.
21. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 3. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 2, İstanbul, 1997, s. 28.
22. http://www.nigms.nih.gov/news/science_ed/surface.html


Hiç yorum yok:

Yorum Gönder