Эмгектеринде Харун Яхья деген атты колдонгон автор (Аднан
Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлгөн. Башталгыч, орто мектепти жана
лицейди Анкарада бүтүргөн. Андан соң Стамбулдагы Мимар Синан университетинин
Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университетинин Философия бөлүмүндө
билим алган. 1980-жылдардан бери ыймандык, илимий жана саясий темаларда
көптөгөн эмгектерди даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын
жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция
теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон
тымызын байланыштарын ачып көрсөткөн абдан маанилүү эмгектери бар.
Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 40000 сүрөттү камтыган
жалпысынан 55000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы
дүйнөнүн 76 тилине которулган.
Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш
тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын
эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын
жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында
колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси –
китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы
китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (сав)дын болсо акыркы пайгамбар
экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана
Расулуллахтын (сав) сүннөтүн өзүнө жол башчы кылууда. Ушундайча атеисттик
философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну
жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу
«акыркы сөздү» айтууну максат кылууда. Абдан акылман жана идеалдуу инсан
Расулуллахтын (сав) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары
колдонулуп келүүдө.
Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат –
бул Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, жана ошол аркылуу адамдардын
Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары
жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана акыйкатты (Аллахты) тануучу системалардын
негизсиз фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып,
адамзатка көрсөтүү.
Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан
Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин
дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз,
немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур,
индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилдерге которулган бул эмгектер Түркиянын
сыртында да көптөгөн китеп окурмандары тарабынан окулуп келүүдө.
Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун
алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын
тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул
эмгектердин терең акыл менен жазылган, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана
чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын көрүшүүдө.
Бул эмгектер ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана илимий
далилдерге таянуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө
терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан
ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну
түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык-өжөрлүктөрү айынан гана
жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Учурда бардык
атеисттик, материалисттик агымдар Харун Яхьянын эмгектеринен илимий, идеялык
жактан толук жеңилди.
Эч күмөнсүз, мындай өзгөчөлүктөр Курандын терең
мазмундуулугунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат
кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу
ниетин көздөйт. Мындан тышкары, бул эмгектерди жарыкка чыгарып, жайылтуунун
максаты акча табуу эмес.
Бул чындыктарды эске алуу менен, адамдардын байкабаган
чындыктарды байкашына шарт түзгөн, алардын туура жолду табышына көмөкчү болгон
бул эмгектерди окууга үндөө абдан маанилүү бир кызмат болмокчу.
Бул баалуу эмгектерди таанытуунун ордуна, адамдардын
башын айланткан, кайчылаш пикирлерди, күмөндөрдү пайда кылган, ыйманды
куткарууда күчтүү жана так натыйжа бербеген көнүмүш, монотондуу китептерди
жайылтуу эмгек жана убакытты текке кетирет. Адамдардын ыйманын куткарууну эмес,
автордун адабий күчүн көрсөтүүнү көздөгөн эмгектердин жакшы натыйжага жетиши
кыйын. Бул боюнча күмөн санагандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектериндеги
негизги максаттын атеизм менен күрөшүү жана Куран адеп-ахлагын жайуу гана
экендигин бул кызматтын таасиринен, ийгиликтеринен жана окурмандардын ыраазы
болгонунан байкашса болот.
Дүйнөдөгү зулумдук жана баш аламандыктарга, мусулмандар тартып жаткан азаптарга материалисттик көз-караштардын дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн себеп болуп жатканын билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн материализмди илимий жол менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын көрсөтүү жана Куран адеп-ахлагын адамдарга жеткирүү зарыл. Бүгүнкүдөй зулумдуктар, согуштар күчөгөн заманда бул кызмат колдон келишинче ылдам болушу абзел. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.
Дүйнөдөгү зулумдук жана баш аламандыктарга, мусулмандар тартып жаткан азаптарга материалисттик көз-караштардын дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн себеп болуп жатканын билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн материализмди илимий жол менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын көрсөтүү жана Куран адеп-ахлагын адамдарга жеткирүү зарыл. Бүгүнкүдөй зулумдуктар, согуштар күчөгөн заманда бул кызмат колдон келишинче ылдам болушу абзел. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.
Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун
Яхьянын эмгектери, Аллахтын буйругу менен, 21-кылымда дүйнөдөгү бүт адамдардын
Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик менен тынчтыкка, чынчылдык менен адилеттүүлүккө,
сулуулук менен бактылуулукка жетишине бир себепчи болот.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder