Клетка мембранасы клетканы курчап турган ичке, ийкемдүү
түзүлүш. Калыңдыгы бир канча молекулага, т.а. 7,5-10 нанометрге (нанометр: метрдин
миллиарддан бири) барабар. Бир кагаздай калыңдыкты алуу үчүн 10 миңден ашуун
клетка мембранасын үстү-үстүнө коюу керек болмок. Бир аз маалыматы бар кишилер
клетка мембранасын клетканы сырткы чөйрөдөн коргоочу бир тосмо деп билишет.
Бирок клетка мембранасы илимпоздор 20-кылымдын аягына жакын гана ачкан көптөгөн
комплекстүү өзгөчөлүктөргө жана функцияларга ээ. Анын функциялары жөнүндө
белгилүү микробиолог, профессор Майкл Дентон бир китебинде мындай деп айткан:
Клетка көмүртек негиздүү жашоонун негизги бөлүгү катары
кызмат кылууга толук идеалдуу. Клеткалар кандайдыр бир буйрукту аткаруу,
формасын өзгөртүү, көп клеткалуу ар кандай жандык түрлөрүн түзүү жана бардык
организм дүйнөсүн пайда кылуу жөндөмүнө ээ. Алынган далилдер боюнча, клетка
мембранасынын түзүлүшү клетканын бөлүктөрүн бир жерде кармоого, чоңураак
организмдерде кыймылдоого жана бири-бирин таап биригүүгө идеалдуу.
Клетка мембранасы, ошондой эле, заряддуу бөлүкчөлөрдүн
тандап-өткөрүлүшү жана нервдик байланыштын пайдубалын түзгөн электрдик
өзгөчөлүктөрү жагынан да ылайыктуу. Клетканын изилденген өзгөчөлүктөрү таң
калтырбай койбойт, бирок изилдене элек дагы көп нерсе бар. Клетканын күчтүү
эсептөө жөндөмү жана, ал тургай, акылдуу иш-аракет жүргүзүү ыктымалдыгы эске
алынууда.23
Клетка мембраналары клеткалардын байланышында, мисалы көп
клеткалуу организмдерде клеткалардын башка клеткалар менен биригип, тканьдарды
пайда кылуусунда чоң роль ойнойт. Клетканын ичинде көптөгөн органеллдерди ороп турган
ички кабыкчалар менен бирге, клетка мембранасын бир үйдүн бөлмөлөрүн тосуп
турган сырткы дубалга салыштырууга болот. Бирок клетка мембранасы клетканы
сырткы чөйрөдөн бөлүп турганы менен, аны толук тосуп салбайт. Тескерисинче,
керектүү заттардын клеткага кирип-чыгышына мүмкүнчүлүк берген, абдан кылдат
көзөмөл механизми катары кызмат кылат. Белгилүү заттардын клеткага киришине же
чыгышына жол берип, калгандарына бөгөт койот. Мисалы, азыктарды клетканын ичине
киргизип, калдыктарды сыртка чыгарат. Мындан тышкары, химиялык жана электрдик
билдирүүлөрдү жөнөтөт жана клетка белок өндүрүшү же бөлүнүшү үчүн сигналдарды
жиберет. Бул жагынан караганда клетка мембранасы клетканын абдан маанилүү
бөлүктөрүнүн бири.
Клетканын коопсуздук тилкеси: клетка мембранасы
Клетка мембранасы клетканы сырткы чөйрөдөн бөлүп турган,
клеткага керектүү заттарды керектүү өлчөмдө кабыл алган жана сыртка чыгарыла
турган молекулаларды эч кечиктирбестен клетканын сыртына чыгарган, кемчиликсиз
коопсуздук тилкеси сыяктуу.
Клетка мембранасын бир имараттын айланасын курчап турган
жана абдан күчтүү коопсуздук чаралары менен корголгон бир дубалга салыштырсак
болот. Бардык дарбазаларда имараттын ичиндегилерди тааныган жана сырттан
келгендерди айырмалай алган атайын күзөтчүлөр турат. Кирген чыккандын баары бул
жерде текшерүүдөн өтөт. Имаратка кириши керек болгондор гана киргизилип, чыгышы
керек болгондор гана чыгарылат. Дарбазаларда паспорт текшерүү, күчтүү
детекторлор менен сканерлөө сыяктуу иштер аткарылат. Бир имаратты коргоо үчүн
долбоорлонгон коопсуздук системасынын ондогон кишинин аракети жана компьютер
программаларынын жардамы менен ишке ашырылаарын ойлогондо, бул тандоо жана
иргөө жумушун аткарган клетка мембранасынын маанисин жакшыраак түшүнөбүз.
Клетка мембранасындагы иргөө (тандоо) иш-аракети туруктуу жана механикалык бир
процесс эмес, тескерисинче шарттарга жараша өзгөрүп турган, абдан комплекстүү
процесс. Бул тандоо механизмин эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурт таң калуу
менен сүрөттөйт:
... Бул, аныгы, тешиктери бар бир тордон же чыпкадан (фильтрден)
алда канча жөндөмдүү бир молекулалык дубал.
Белгилүү болгондой, механикалык электер, мисалы кум
элеги, диаметри белгилүү бир чектен ашкан бөлүкчөлөрдү электен өткөрбөйт.
Диаметри чоңдор электе калып, майдалары жерге түшөт. Затты көлөмүнө жараша эки
топко гана бөлүп, бул чектин астындагы майдалар менен үстүндөгү чоңдорду өз ара
айырмалабаган мындай «бөлүштүрүүнүн» клеткага эч кандай пайда алып келбей
тургандыгы анык. Анткени, клетка чоңоюп өрчүү үчүн ар түркүн молекулаларга
муктаж жана өмүрүн улантуу үчүн «сыртка» калтырышы керек болгон молекулалардын
кээ бирлери ичкери киргизгендеринен чоңураак, кичирээк же алар менен бирдей
көлөмдө болушу мүмкүн.
Ошондуктан механикалык эмес, биологиялык мембрана иргөө
жана тандоо жумушун кемчиликсиз орундата алат. Бул мембрана бөлүкчөлөрдү
көлөмүнө эмес, түрлөрүнө жараша бөлүштүрүп классификациялайт. Башкача айтканда,
сандык эмес, сыпаттык критерийлерге карап электен өткөрөт. Бул укмуш таң
калтырарлык жана эстен тандырарлык бир жөндөм...24
Көзүбүзгө көрүнбөгөн, абдан ичке бир түзүлүштүн өтө
акылдуу тандоо механизмине ээ болушу абдан маанилүү бир жагдай. Анткени,
кандайдыр бир катачылык, унутуу же кечигүү өтө маанилүү натыйжаларга алып
келген мындай системанын өмүр бою бардык клеткаларда эч кемчиликсиз иштешин
сокур кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Алдыда тереңирээк каралган бул
тандоо механизми акылды жана аң-сезимди талап кылган бир милдетти аткарат.
Аң-сезимсиз клеткалардын өз алдынча мындай жоопкерчиликти сезиши жана дене үчүн
эмненин пайдалуу эмненин зыяндуу экенин чечип, бул милдетти эч кемчиликсиз
аткарышы, албетте, мүмкүн эмес. Акыл жүгүрткөн ар бир адам ааламдын бүт тарабы
сыяктуу, клетка мембранасынан да Аллахтын чексиз илимин жана өкүмдарлыгын
көрөт.
Клетка мембранасынын пландуу түзүлүшү
![]() |
1. Сууну жактыруучу гидрофильдик бөлүк
2. Сууну түртүүчү гидрофобдук бөлүк
|
Клетка мембранасынын маанилүү кызматтарын аткарышына анын
өзгөчө түзүлүшү шарт түзөт. Клетканы курчап турган мембрана май, белок жана
углеводдордон турат. Клетка мембранасын түзгөн май катмарынын өтө маанилүү бир
функциясы бар. Себеби клетка суунун ичинде иштеши керек болгон саат сыяктуу.
Клетканын өмүр сүрүшү клетка мембранасынын ичтен да, сырттан да суу
өткөрбөшүнөн көз-каранды. Ошол эле учурда 70%ы суудан турган клеткага керектүү
көлөмдөгү суу тынымсыз кирип чыгышы зарыл. Табиятта дал ушул максатта
долбоорлонгон бир учу сууну жактыруучу (гидрофильдик), экинчи учу сууну
түртүүчү (гидрофобдук) эки куйруктуу бир молекула (фосфолипид молекуласы) бар.
Клетка мембранасынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн май катмары
мына ушул өзгөчө молекулалардан, т.а. фосфолипид молекулаларынан турат. Фосфат
тарабы сууну жактырып, аны сиңирет. Май тарабы болсо сууну жактырбайт. Бул
түзүлүш калыптанып жатканда, сууну жактырган фосфат топтору сууну көздөй
бурулат, сууну жактырбаган углеводород тилкеси болсо сууну түртүүчү касиетке
ээ болгондуктан, суудан алыстайт. Натыйжада фосфолипид молекулалары, сууну
сиңирүүчү фосфат бөлүктөрү клетканын ички жана сырткы бетинде сыртты караган
абалда тизилип, клетка мембранасын түзөт. Башкача айтканда, фосфолипиддер
куйруктары менен бири-бирине уланып, эки кабаттуу мембрананы пайда кылышат.
Сууну жактыруучу учтары клетканын ичиндеги суулуу цитоплазманы жана сырттагы
клеткалардын ортосундагы суулуу суюктукту карайт. Клетка мембранасынын сууну
жактыруучу ички жана сырткы беттеринин ортосунда болсо сууну жактырбаган
куйруктар жайгашат.
Мындай тизилүү абдан маанилүү. Себеби фосфолипиддердин
фосфат бөлүгүнүн сыртта болушу клетканын негизги муктаждыктарынын бири болгон
суунун өтүшүнө шарт түзөт. Эгер фосфат бөлүгү ич тарапта жайгашканда, сууну
түртүүчү липид бөлүгү сууну түртмөк. Натыйжада суу клетка мембранасына жакындай
албаганы үчүн ичкери кире алмак эмес, ошентип клеткада химиялык реакциялар ишке
ашпай, бүт жашоого кооптуулук жаралмак.25 Фосфолипиддер сууну жактырбаган
түзүлүшүнөн улам клеткадагы кант, аминокислота жана сууда ээрүүчү башка
органикалык кислоталар сыяктуу заттарды да өткөрбөйт. Бул, алдыда тереңирээк
каралгандай, дененин функцияларынын жана натыйжада жашоонун уланышы үчүн абдан
маанилүү.
Фосфолипид молекулалары клетка мембранасындагы жайгашуусу
жагынан өтө чоң мааниге ээ. Клетка биологу Джон Тринкаус бул молекуланын өзгөчө
түзүлүшү жөнүндө мындай дейт:
Суу өзү өтө күчтүү уюлдук (полярдык) молекула болгону
үчүн, клетка мембранасындагы липиддердин уюлдук фосфат топтору мажбурлуу түрдө
мембрананын сырткы жана цитоплазма тарабындагы бетине тартылат. Жана уюлдук
эмес май кислотасынан турган бөлүктөрү болсо мажбурлуу түрдө клетка
мембранасынын ички тарабына жыйылат... Бир гана фосфолипиддер ушундай өзгөчө
химиялык түзүлүшүнөн улам, суулуу шарттарда табигый түрдө жана өзүнөн-өзү эки
кабаттуу мембрананы пайда кылышат...26
Көрүнүп тургандай, бүт баары керектүү формада жана
керектүү жерде жайгашкан. Клетка мембранасынын фосфолипиддүү структурасын
түзгөн молекулалар мембрананын курулушуна салым кошушу керек экендигин кайдан
билишет? Бул молекуланын максатка ылайыктуу, эң идеалдуу молекула экендиги
анык. Биз билген эч бир зат анын ордун алмаштыра албайт. Өткөргүч болбошу, суюк
болушу клетканы курчаган мембранада сөзсүз талап кылынган касиеттерден. Бирок
бул талаптардын баарына жооп берген бирден-бир түзүлүш – бул эки кабаттуу липид
мембрана. Клетканын өмүрү негизинен эки кабаттуу липид мембрананын биохимиялык
жана биофизикалык өзгөчөлүктөрүнөн көз-каранды.
Липиддердин жана фосфолипиддердин суулуу шартта биригип,
катмарларды жана шарларды пайда кылаары белгилүү. Бирок мембранадагы таң
каларлык маалымат клетканы шардан айырмалайт. Бул маалымат – клетка
мембранасындагы көзөмөлгө шарт түзүүчү белокторго жана башка молекулаларга
керектүү план. Белоктор клеткадагы зат алмашуунун продукциялары. Алар
клеткадагы иш-аракеттерди жүргүзсө, клеткалар аларды өндүрөт. Жашоо келип
чыгышы үчүн белоктор, алардын коддору жазылган маалыматтар жана аларды
өндүрүүчү органеллдер бир учурда пайда болушу керек. Бул эч качан кокусунан
өзүнөн-өзү пайда болбойт. Ошондуктан муну эволюционисттер түшүндүрө албайт.27 Жашоонун кокусунан пайда болбой турганын
көрсөткөн бул чындыкты эволюционисттер да кабыл алууга мажбур болушууда. Фон
Дитфурт муну мындайча мойнуна алат:
... жандуу организмдердин кокусунан пайда болушунун
статистикалык жактан ыктымалсыздыгы абдан жактырылган жана илимдин азыркы
жеткен чегинде абдан актуалдуу болгон бир мисал. Чындап эле, биологиялык
функцияларды аткарган бир даана белок молекуласынын түзүлүшүндөгү кереметтүү
өзгөчөлүктөрдү караганыбызда, муну «бүт баары керектүү катарда, керектүү
учурда, керектүү жерде жана керектүү электрдик жана механикалык өзгөчөлүктөрү
менен бири-бирине жолугушу керек болгон көптөгөн атомдор кокусунан жолугушуп
калган» деп түшүндүрүү мүмкүн эместей көрүнүүдө.28
Бардык липид түрлөрүнүн көмүртек менен суутек атомдорунан
турган узун гидрофобдук тизмектери болот жана алар сууда же эч ээрибейт же
абдан аз ээрийт. Көптөгөн липид түрлөрүнүн сууда ээрибеши биологиялык жактан
зор мааниге ээ. Ээрибеген кошулмалар болбогондо, клетка бөлүктөргө бөлүнө алмак
эмес жана клетканын түзүлүшү туруктуу сакталмак эмес. Демек жашоо болмок эмес.
Ошол сыяктуу, эгер суу бүт нерсени ээриткенде, жашоо үчүн ыңгайлуу болмок эмес,
анткени клетка эч качан бөлүктөргө бөлүнүп, туруктуу түзүлүшкө ээ боло алмак
эмес жана клетканын бардык бөлүктөрү ээрип жок болмок.
Клеткадагы липиддердин көпчүлүгүнүн углеводород тизмегинин
узундугу демейде 16-18 көмүртек атомун түзөт. Бул узундук бир канча себептен
улам эң идеалдуу. 18 көмүртектен узунураак тизмектер биологиялык колдонуу
жагынан эч ээрүүчү эмес, суунун ичинде эч кыймылдай албайт. 16 көмүртектен
азыраактар болсо ашыкча ээрүүчү. Ушул узундуктагы тизмектерден турган липиддер
же суюк же болбосо организмдердеги зат алмашуу процесстери ишке ашкан
температурада суюктукка жакын абалда болушат. Эгер бул узундуктагы тизмектер
айлана-чөйрөнүн температурасында катуу абалда болгондо, булардан турган
түзүлүштөр эч качан клетканын ичинде иш-аракет жүргүзө турган ийкемдүүлүктө
болмок эмес. Мындан тышкары, бул тизмектер суюк абалында сууга караганда
коюураак болгону үчүн организмдерди кыйратуучу күчтөрдөн коргоо касиетине ээ.29
Майлардын сууну түртүүчү (гидрофобдук) өзгөчөлүгү клеткада
бекем түзүлүштү, чек араларды жана бөлмөлөрдү камсыз кылат. Мындай түзүлүш
клетканын жашоосуна абдан ыңгайлуу. Себеби бул түзүлүштүн негизинде клеткада
суу менен байланышы жок микро-шарттар пайда болот. Мындай сууну түртүүчү
(гидрофобдук) микро-шарттар клетканын жашоосу үчүн абдан маанилүү. Анткени,
клетканын жашоосуна керектүү көптөгөн процесстер суусуз шарттарда гана ишке
ашат. Жыйынтык катары айтсак, липиддердин гидрофобдук (сууну түртүүчү) касиети
болбогондо, көмүртек негиздүү жашоо болмок эмес. Бул өзгөчөлүк жашоо үчүн
белгиленген көптөгөн түзүлүштөрдүн бирөөсү гана.
Клетка мембранасынын суюк болушу эмне үчүн маанилүү?
Липиддик эки кабаттуу мембрананын эң негизги
өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул катуу эмес, суюк болушу. Бул мүнөзүнөн улам
тартипсиз жана кыймылдуу цитоплазманын айланасын тынымсыз орой алат. Ошентип
мембранадагы белок молекулалары клетканын бетинде орун которо алышат. Бул
молекулалардын мембранадагы кыймылы, алдыда тереңирээк каралгандай, кээ бир
өзгөчө заттардын мембранадан кыйынчылыксыз өтүшүнө шарт түзөт.
Клетка мембранасындагы холестерин молекулалары мембрананын
суюктугун аныктоочу липиддер. Бул молекулалар эки кабаттуу липид мембрананын
ичинде ээриген абалда болушат. Негизги милдети клетка мембранасын суюлтуп, дене
суюктуктарындагы сууда ээриген заттардын оңой өтүүсүн камсыз кылуу.
Клетка жашай алышы үчүн клетка мембранасында бул касиет
болушу шарт. Клетканын сыртындагы суюктуктарда температуранын төмөндөшү клетка
мембранасынын катуулап, агуучулук касиетин жоготушуна себеп болот. Бул клетка
мембранасындагы белоктордун иш-аракеттерине тоскоол болот.
Белгилүү микробиолог Майкл Дентон «Nature's Destiny»
(Табияттын тагдыры) аттуу китебинде клетка мембранасынын бул өзгөчөлүгүнүн
зарылдыгына төмөнкүчө көңүл бурган:
Клетканын ичинде көпчүлүк бөлүгү липиддерден турган эң
негизги түзүлүштөрдүн бири – бул клетка мембранасы. Бир клетканын
компоненттерин жана өзгөчө канттар менен аминокислоталарды белгилүү деңгээлде
өткөрбөй турган бир мембранасыз кантип жашай алаарын элестетүү кыйын. Бул
мембрана клетканын курамынын айланадагы суюктуктарга аралашып кетишине бөгөт
койот. Бул кабыкча, ошондой эле, ийкемдүү болуп, клетка менен анын чөйрөсүнүн
ортосуна тосмо боло алышы шарт. Белгилүү биологдордун бирөөсү айткандай, клетка
мембранасы клетканын бетинин тынымсыз өзгөргөн иш-аракеттери учурунда клетка
менен анын чөйрөсүнүн ортосуна тосмо боло алуу үчүн «эки өлчөмдүү суюктук»
кызматын аткарып, цитоплазманын бетинде бүт тарапты көздөй жыла алышы зарыл.30
Жыйынтыктасак, липиддик эки кабаттуу мембрана ошол эле
учурда абдан суюк түзүлүш жана зайтун майындай агат. Клетка мембранасынын бардык
өзгөчөлүктөрү бар болуп, бир эле агуучулук касиети кем болгондо, клетка жашай
алмак эмес. Жашоонун уланышы үчүн ар бири абдан маанилүү болгон бул
өзгөчөлүктөр бизге Аллахтын жаратуусундагы кылдаттыктарды жана тең
салмактуулуктарды көрсөтүүдө. Бул далилдерди көргөн адам Аллахтын бар экенин
түшүнүп, өмүрдү Анын тартуулаганын билип, Ага шүгүр кылышы зарыл.
Клеткага заттар ага зыян тийгизбестен кантип кирип-чыгат?
![]() |
1. Кичинекей зарядсыз уюлдук молекулалар
2. Иондор
3. Сууну түртүүчү (гидрофобдук) молекулалар
4. Чоң зарядсыз уюлдук молекулалар
5. Көмүр-суутек
6. Глюкоза
|
Клетка мембранасынын майдан турган липиддик түзүлүшү
клетканын ичиндеги суунун жана ээриген заттардын сыртка чыгышына бөгөт койот.
Андай болсо «клеткадагы калдыктар клетканын сыртына кантип чыгат?» деген суроо
туулат. Сыртка эчтеке чыгарылбаса, анда клетка тешилбестен, шишип жарылбастан,
калдыктар менен клетканын продукциялары клетканын сыртына кантип чыгарылат?
Азыктар кантип ичкери киргизилет?
Липиддик эки кабаттуу мембрана глюкоза, заара, иондор
сыяктуу сууда ээриген заттар үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат.
Мембранадагы липиддер, ошондой эле, суунун жана сууда ээриген заттардын
клетканын бир бөлүгүнөн экинчисине эркин өтүшүнө да бөгөт койот. Бирок
кычкылтек, азот жана башка майда молекулалар липиддерде оңой ээрийт жана клетка
мембранасында ары-бери оңой жыла алат. Көмүр кычкыл газы жана алкоголь сыяктуу
майда ээрүүчү заттар да мембрананын бул бөлүктөрүнөн оңой өтө алышат. Суу
молекуласы майда ээрибегени менен, көлөмүнүн кичинелигинен жана электрдик
зарядынан улам клетка мембранасынан оңой өтөт. Физик, биолог профессор Джеральд
Л. Шредер клетка мембранасынын бул өзгөчө түзүлүшүнүн маанисин төмөнкүчө
сүрөттөйт:
Абдан ийкемдүү болгону менен, фосфолипид молекулаларынын
ортосундагы байланыштардын бекемдиги түзүлүштү сактап турат. Териңизди кысыңыз.
Сынбайт жана жарака кетпейт. Койо бергениңизде кайра калыбына келет. Клетка
мембранасына абдан учтуу ийненин учун сайып, кайра тартып алыңыз. Клетка
мембранасы ошол замат тешикти бүтөп, өз жумушун улантат. Клетка мембранасында
сууну жактыруучу катмарлар да, сууну түртүүчү катмарлар да болгондуктан, кээ
бир молекулалар гана так уруксатсыз клетканын ичине кирип чыга алат... Бирок
табиятта мээ бар жана акыл курчап турат... Клетка мембранасынын долбоору толугу
менен кемчиликсиз.31
Профессор таң калуу менен сөз кылган бул акыл бардык
жараткан нерселеринде улуу илимин көрсөткөн Раббибизге тиешелүү. Клеткага заттар
кирип чыкканда, клетка мембранасынын структурасынын бузулбашы, мембрананын
жарылбастан, тешилбестен ичине тынымсыз заттарды киргизип, кайра клетканын
сыртына чыгарып турушу абдан кереметтүү касиет. Микроскопсуз көрүнбөгөн өтө
кичинекей жерде болуп жаткан бул процесстер «...Анын кабары болбостон, бир
жалбырак да түшпөйт...» (Энъам Сүрөсү, 59), «...Жерде жана асманда тырмактай
болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт...» (Йунус Сүрөсү, 61)
деп аяттарда айтылгандай, Раббибиздин каалоосу менен ишке ашууда.
Клетка мембранасындагы белоктор
![]() |
| 1. Мембрана белогу |
Клетка мембранасы негизинен бир жуп липид катмарынан жана
анын ичинде сүзүп жүргөн көптөгөн белок молекулаларынан турат. Мембрананын
ичиндеги белоктор мембрананын жогоруда айтылган суюк түзүлүшүнөн улам коопсуздук
тилкесиндеги кызматкерлер сыяктуу милдет аткарышат. Белок жана кант сыяктуу чоң
молекулалар клетка мембранасынан көмөксүз өтө алышпайт. Клетка мембранасындагы
белоктор бул заттарды клетканын ичине киргизүүдө жана сыртына чыгарууда кызмат
кылышат.
Клетка мембранасындагы липиддер, канчалык кичинекей болсо
да, электрдик заряды бар молекулаларды өткөрбөйт. Анткени, фосфолипид
молекулалары электрдик заряды бар уюлдук башы менен уюлу жок май кислотасынан
турган эки учтан түзүлөт. Липид бөлүктөрү сууну түрткөндөй, иондорду жана башка
уюлдук заттарды да түртүшөт. Ошондуктан көп заттар клеткага клетка
мембранасындагы атайын белок молекулалары аркылуу гана кирип чыгат. Джеральд Л.
Шредер да сурагандай, «эмненин ичкери кирип, эмненин сыртка чыгаарын ким же
эмне чечет?»32
Май молекулаларынан турган клетка мембранасы сыртынан
караганда түйүнчөктөрдөн турган бир топко окшошот. Бул шарды ороп турган
тосмонун ичине киргенде, көрүнүшү жагынан картошка менен чыбыкка окшогон
нерселерди көрөбүз. Алар клетка мембранасынын жумуштарын жасаган белок
молекулалары. Бул белок молекулалары клетка мембранасынын сыртында калган жана
клетканын ичине киргизүү керек болгон заттарды таанып-билип, аларды ичкери
киргизүү жана өзгөчөлүгүнө жараша ар кандай ыкмалар менен ташып жеткирүү кызматын
аткарышат.
Белоктор өтө маанилүү жоопкерчиликти аркалайт. Клетка
мембранасындагы көзөмөлдү маанилүү бир имараттын эшигиндеги жогорку
технологиялуу коопсуздук көзөмөлүнө салыштырууга болот. Мындай имаратка
кирээрде алгач адамдын кийими текшерилип, колундагы пакет же сумкалары рентген
аппаратынан өткөрүлөт, керек учурда оптикалык аппарат же манжалардын изин
текшерүү аркылуу адамдын ким экендиги аныкталат жана аягында эч кандай маселе
чыкпаса, ал киши ичкери киргизилет. Бул жумушту жасаган коопсуздук кызматкерлеринин
эч ката кетирбей, бардык коопсуздук чараларын көрүшү абдан маанилүү. Бир эле
катачылык кара ниеттүү кишилердин имараттын коопсуздугуна коркунуч алып
келишине себеп болушу мүмкүн. Бул көзөмөл учурунда билимдүү кызматкерлер жана
инженерлер тарабынан иштелип чыккан технологиялык аппараттар колдонулат. Бул
коопсуздук системасынын эч бир бөлүгү кокусунан пайда болбойт, ар бир бөлүгү
пландалып түзүлөт.
![]() |
А. Клетка
В. Мембрананын ичинен өткөн мембрана белогу
С. Мембранадан өткөн спираль бөлүктөрдүн чоңойтулган көрүнүшү
|
Клетка мембранасындагы таануу, жеткирүү, алуу кызматтарын
аткарган белоктор да организмдин өтө маанилүү жоопкерчилигин мойнуна алганын
билгендей, абдан аң-сезимдүү болушат. Анткени, бир эле катачылык клетканын
өлүмүнө жана натыйжада ал жайгашкан органдын же дененин зыян көрүшүнө себеп
болот. Мындай кылдаттыкты жана адистикти белок молекулалары өздөрү аныктап,
биргелешип план түзө алабы? Анан бардык клеткалардагы белоктор бул планды угуп,
аны кабыл ала алышабы? Мындагы акыл менен план, албетте, аң-сезимсиз атомдордон
турган белокторго тиешелүү эмес. Белокторду жаратып, аларга буйрук берип,
милдеттерин так, акылдуу ыкмалар менен аткаруучу молекулаларга айланткан Улуу
Аллахка тиешелүү.
![]() |
1. Мембрананын ичиндеги белоктор
2. Эки кабаттуу липиддик катмардын экиге ажыратылган көрүнүшү
|
Өз тармагында абдан адистешкен клетка мембранасындагы
белокторду үч топко бөлүп кароого болот:
Жеткирүүчү белоктор:
Клетка мембранасындагы бир катар белоктор ташып жеткирүү кызматын
аткарат. Жеткирүүчү белоктор клетканын ичине эмнелердин кирип чыгаарын жөнгө
салууга көмөк көрсөтүшөт. Бул белоктор да эки атайын бөлүктөн турат: клетка
мембранасына байланган майды жактыруучу бөлүк жана клетка мембранасынан ташуу
керек болгон заттарга байланган экинчи бөлүк. Жеткирүүчү белок жеткириле турган
затка байланып, багытын өзгөртөт жана клетка мембранасын бойлой аны жылдырат.
Жеткирүүчү белоктор белгилүү молекулаларга жабышат жана
ошолорду гана клетканын ичине алып келет. Бул милдетин аткаруу учурунда
формалары өзгөрөт жана кээде заттарды клетка мембранасынан өткөрүү үчүн
энергияга муктаж болушат. Клетка мембранасынын өзүндө тешиктер жок. Ошондуктан
липиддик жуп кабаттуу катмардан турган клетка мембранасынан түздөн-түз өтө
албаган суу, белок, нуклеиндик кислоталар жана кээ бир кичинекей молекулалар
ушул «жеткирүүчү» белоктор аркылуу клетканын ичине киришет.
Жеткирүүчү белоктордогу аминокислоталар үч өлчөмдүү
тизилгендиктен, ичке бир өтмөктү оңой эле жасай алышат. Ошентип ал өтмөккө
баткан белгилүү көлөмдөгү заттар бул каналдан өтө алышат. Бирок көлөмү туура
келгендин баары эле андан өтө албайт; клетка мембранасы тандап өткөрүү касиетин
көрсөтүп, клеткага керектүү заттарды гана киргизет.
![]() |
Адреналин гормону ар бир клеткага ар кандай таасир тийгизет.
1. Адреналин бези
2. Бөйрөк
3. Адреналин
4. Жүрөк клеткасы
5. Адреналин молекулалары
6. Боор клеткасы
|
Тааныгыч белоктор:
![]() |
1. Клетканын сырты
2. Клетка мембранасы
3. Антиген таанытуучу макрофаг
4. Клетканын ичи
|
Бул белоктор болсо молекулярдык желек жана жол белгилери
сыяктуу кызмат кылат. Тааныгыч белоктордун көбүнчө канттан турган чыбыкка
окшогон бутактары клетка мембранасынан сыртка чыгып турат. Булар клеткалардын
бири-бирин таанышына жана бири-бири менен байланыш түзүшүнө шарт түзөт. Мисалы,
лейкоцит клеткалары ушул белоктор аркылуу дененин клеткаларын сырттан келген
чоочундардан айырмалай алышат. Иммундук системадагы Т-клетка сыяктуу клеткалар
бир клетканын денеге тиешелүү же тиешесиз экенин билдирүү үчүн тааныгыч
белокторду колдонушат. Трансплантация (донордун органын оорулууга жайгаштыруу)
жасалган органдарда организмге шайкеш келбеген тааныгыч белоктор болгону үчүн,
дененин иммундук системасы алсыратылбаса, ал органды четке кагат. Сперма
клеткасынын энелик клетканы таанышына да тааныгыч белоктор шарт түзөт.
Клетка мембранасында жайгашкан тааныгыч белоктор вирустар
менен бактериялардын чабуулуна да дуушар болушат. Анткени, токсиндер
клеткаларды өлтүрүү үчүн тааныгыч белокторго туташат. Кадимки шарттарда
клеткалардын ортосундагы байланыштар тааныгыч белоктор аркылуу клетканын
чоңоюшун жөнгө салат. Бирок, мисалы, рак клеткасында тааныгыч белоктор аз
болот, ошондуктан иммундук система рак клеткаларын жок кылынышы керек болгон
клеткалар деп белгилей албайт.33
Канал белоктору:
Клетка мембранасындагы бир катар белоктор болсо
мембранада каналдарды пайда кылышат. Бул белоктордун эки атайын бөлүгү бар:
клетка мембранасына байланган майды жактырган бөлүк жана каналдын ички
бөлүгүндө жайгашкан сууну жактырган бөлүк. Натыйжада сууда ээрүүчү заттардын
клетканын ичин жана сыртын көздөй кыймылдашына шарт түзгөн бир жол пайда болот.
Эшиктин милдетин аткарып, клетканын ичине кирип чыккан молекулалардын кыймылын
жөнгө салган бул белоктор клетка мембранасында тынымсыз көңдөйлөрдү пайда кылып
турушат.
Белок каналдарынын белок молекулаларынын ички бөлүгүндө
жайгашкан суу каналдары бар деп кабыл алынат. Клетканын ичине киргизиле турган
бир катар заттар ушул каналдардан клетка мембранасынын бир тарабынан экинчи
тарабына эч кыйынчылыксыз өтө алышат. Белок каналдары эки маанилүү касиети
менен өзгөчөлөнөт: көбүнчө белгилүү заттарды тандап өткөрүшөт жана каналдардын
көпчүлүгү эшиктер аркылуу ачылып жабылат. (Бул эшиктердин өзгөчөлүктөрүн алдыда
тереңирээк карайбыз.)
Клетка мембранасындагы углеводдор
![]() |
1. Углевод байланыштары
2. Белок чынжыры
3. Мембрана белогунун уюлсуз бөлүгү
4. Фосфолипид
5. Холестерин
6. Тегерек белок
|
Клетка мембранасынын 2-10%ын углеводдор түзөт. Бирок
клетка мембранасындагы углеводдор дээрлик ар дайым белоктор же липиддер менен
биригип, гликопротеиндер же гликолипиддер формасында болушат. Бул
молекулалардын «глико» бөлүгү көбүнчө клетканын сыртын көздөй чыгып турат.
Клетканын сырткы бетине жабышып турган углевод учтардын маанилүү функциялары
бар:
- көпчүлүгү терс заряддуу болгону үчүн, клетканын сырткы
бетинин терс заряддуу болушуна себепчи болушат. Башка терс заряддуу заттарды
түртүшөт.
- кээ бир клеткалардын гликокаликси башка клеткалардын
гликокаликсине байланат, ошентип клеткалар бири-бирине карманат.
- углеводдордун көпчүлүгү инсулин сыяктуу гормондор
туташуусу үчүн кабылдагычтын милдетин аткарат. Андан соң клетканын ичиндеги бир
катар ферменттердин активдешүүсүнө себепчи болушат.
- кээ бирлери иммундук системанын реакцияларына катышат.
Көрүнүп тургандай, кичинекейдей көрүнгөн нерсенин да
биздин азыр ден-соолукта отуруп окугандарыбызды түшүнүп, ой жүгүртүшүбүзгө өтө
маанилүү салымы бар. Денебиздеги бүт нерселер белгилүү бир максатка кызмат
кылат жана бизге сезилбей иштеген системалардын урматында бейпил, комфорттуу
өмүр сүрөбүз. Ошондуктан булар жөнүндө ойлонуу Аллахтын бар экендигинин
далилдерин көрүү жана Раббибиздин кудуретин жакшыраак түшүнүү жагынан абдан
маанилүү. Аллах бир аятында мындай деп билдирет:
...Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана
илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат»... (Фатыр Сүрөсү, 28)
Булактар:
23. Michael J. Denton, Nature's Destiny, New York: The Free Press, , 1998, p. 209.
24. Hoimar Von Dithfurt, Im Anfang War Der Wasserstoff ("Secret Night of the Dinosaurs"), Vol. 3 (pp. 37-38 in Turkish edition).
25. Arthur C. Guyton, John E. Hall, Medical Physiology, 10th edition, W.B. Saunders &Co., 2000.
26. Michael J. Denton, Nature's Destiny, New York: The Free Press, , 1998, pp. 215-216.
27. Gerald L. Schroeder, How Science Reveals the Ultimate Truth, p. 65.
28. Hoimar Von Dithfurt, Im Anfang War Der Wasserstoff ("Secret Night of the Dinosaurs"), Vol. 1 (p. 124 in Turkish edition).
29. Michael J. Denton, Nature's Destiny, New York: The Free Press, , 1998, p. 213.
30. Ibid., p. 215.
31. Gerald L. Schroeder, How Science Reveals the Ultimate Truth, p. 64.
32. Ibid., p. 62.
33. www.acs.ohio-state.edu/units/cancer/handbook/cell.pdf

















Hiç yorum yok:
Yorum Gönder