1 Ağustos 2019 Perşembe

ОКУРМАНГА

• Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби, бул теория ар түрдүү динге каршы философиялардын пайдубалын түзүүдө. Жаратылууну жана натыйжада Аллахтын бар экендигин четке каккан дарвинизм 150 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөндөрдүн пайда болушуна себеп болду. Ошондуктан, бул теориянын калп экендигин толук далилдөө – абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл.
• Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттарынын негизинде түшүндүрүлүп, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана Курандын негизинде жашоого үндөлөт. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси калбай тургандай так түшүндүрүлөт.
• Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй тил менен жазылган бул китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динди жокко чыгарууга болгон күчүн жумшаган адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленип, аларды четке кага албай келишүүдө.
• Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешип окушса да болот. Бул китептерден пайдаланууну каалагандардын чогуу маектешип, тажрыйба жана пикирлери менен бөлүшүшү да пайдалуу болот.
• Ошондой эле, бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн жазылган бул китептердин таанылышына жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу.
• Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде кездешчү жазуучунун жекече ойлорун, күмөндүү булактарга таянган сөздөрүн же ыйык нерселерге карата адепке туура келбеген, үмүтсүз, күмөн жаратуучу сөздөрдү жолуктурбайсыз.

АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Эмгектеринде Харун Яхья деген атты колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлгөн. Башталгыч, орто мектепти жана лицейди Анкарада бүтүргөн. Андан соң Стамбулдагы Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университетинин Философия бөлүмүндө билим алган. 1980-жылдардан бери ыймандык, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектерди даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон тымызын байланыштарын ачып көрсөткөн абдан маанилүү эмгектери бар.
Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 40000 сүрөттү камтыган жалпысынан 55000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 76 тилине которулган.
Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (сав)дын болсо акыркы пайгамбар экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (сав) сүннөтүн өзүнө жол башчы кылууда. Ушундайча атеисттик философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууну максат кылууда. Абдан акылман жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (сав) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө.
Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – бул Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, жана ошол аркылуу адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана акыйкатты (Аллахты) тануучу системалардын негизсиз фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү.
Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилдерге которулган бул эмгектер Түркиянын сыртында да көптөгөн китеп окурмандары тарабынан окулуп келүүдө.
Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл менен жазылган, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын көрүшүүдө. Бул эмгектер ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана илимий далилдерге таянуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык-өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Учурда бардык атеисттик, материалисттик агымдар Харун Яхьянын эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилди.
Эч күмөнсүз, мындай өзгөчөлүктөр Курандын терең мазмундуулугунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетин көздөйт. Мындан тышкары, бул эмгектерди жарыкка чыгарып, жайылтуунун максаты акча табуу эмес.
Бул чындыктарды эске алуу менен, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашына шарт түзгөн, алардын туура жолду табышына көмөкчү болгон бул эмгектерди окууга үндөө абдан маанилүү бир кызмат болмокчу.
Бул баалуу эмгектерди таанытуунун ордуна, адамдардын башын айланткан, кайчылаш пикирлерди, күмөндөрдү пайда кылган, ыйманды куткарууда күчтүү жана так натыйжа бербеген көнүмүш, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакытты текке кетирет. Адамдардын ыйманын куткарууну эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүүнү көздөгөн эмгектердин жакшы натыйжага жетиши кыйын. Бул боюнча күмөн санагандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектериндеги негизги максаттын атеизм менен күрөшүү жана Куран адеп-ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасиринен, ийгиликтеринен жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.
Дүйнөдөгү зулумдук жана баш аламандыктарга, мусулмандар тартып жаткан азаптарга материалисттик көз-караштардын дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн себеп болуп жатканын билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн материализмди илимий жол менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын көрсөтүү жана Куран адеп-ахлагын адамдарга жеткирүү зарыл. Бүгүнкүдөй зулумдуктар, согуштар күчөгөн заманда бул кызмат колдон келишинче ылдам болушу абзел. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.
Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхьянын эмгектери, Аллахтын буйругу менен, 21-кылымда дүйнөдөгү бүт адамдардын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик менен тынчтыкка, чынчылдык менен адилеттүүлүккө, сулуулук менен бактылуулукка жетишине бир себепчи болот.

БАШ СӨЗ



Үйүңүзгө көз чаптырып, жашооңузду жеңилдеткен канчалаган буюмдун алдын-ала пландалып, даярдалганын бир ойлонуп көрөлү... Эшиктен кирээриңиз замат бутуңузду сүртүшүңүз үчүн коюлган бир чүпүрөктү, үйгө киргениңизде пальтоңузду же күрмөңүздү асуу үчүн коюлган бир кийим илгичти, бут кийимиңиз үчүн бир бут кийим койгучту көрөсүз. Бөлмөдө креслолор, килем, парда, телевизор сыяктуу кооздук жана ыңгайлуулук үчүн жайгаштырылган буюмдар, ашканадагы муздаткыч, меш жана ичинде көптөгөн идиш-аяктар жайгашкан шкафтар, бардыгы муктаждыгыңызга ылайыкташтырылган. Мындан тышкары, стол, чырак, гардероб жана китепкана... Баары белгилүү бир максат менен жайгаштырылган.


Эч ким бул буюмдарды кокусунан пайда болгон же бул жерге өзүнөн-өзү келип калган деп айта албайт. Туз салгыч сыяктуу кичинекей бир буюмдун да, дубалда илинип турган түз бир күзгүнүн да, бүт баарынын пландалып жасалганын жана ал жерге пландалып коюлганын ар бир адам кабыл алат. Адамдар ойлонуп, акылын жана илимин колдонуп, белгилүү бир максатты көздөп жасаган бул буюмдарды кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылуу эч бир акылга сыйбайт. Бул сөздөрүбүзгө ар бир акылман адам кошулат.
Бирок тирүү организмдердеги долбоорго келгенде, кээ бир адамдар буга каршы чыгып, акылга сыйбас көз-караштарды айтышат. Ал кишилер эң алдыңкы технология менен, эң алдыңкы лабораторияларда жана канча кылымдык илимий тажрыйба менен да копиясын жасоого мүмкүн болбогон бир жандуунун клеткасын «миллиондогон жылдык туш келди кокустуктардын натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болгон» дешет. Дарвиндин эволюция теориясына ишенгени үчүн, илимий эч бир далили жок көз-карашты жакташат.
Чындыгында болсо, эволюция теориясы палеонтология, популяция генетикасы, салыштырмалуу анатомия, биология сыяктуу тармактарда жана жашоонун келип чыгышын изилдеген молекулярдык биология тармагында да жокко чыгарылды. Эволюция теориясынын «жашоо табигый кубулуштардын таасири менен, кокусунан пайда болгон» деген көз-карашы клеткага жете электе, молекулярдык деңгээлде эле туюкка кабылууда.
Китептеги маалыматтардан клетканын комплекстүү түзүлүштөрүнүн бирөөсүнүн, клетка мембранасынын улуу бир акыл тарабынан жаратылганын көрүп, бир ипичке кабыкчанын эволюционисттердин «кокустук» көз-карашын кантип четке кагаарына күбө болосуз.

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

  
Аллах жаратуу үчүн долбоор, план түзүүгө муктаж эмес

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

КИРИШ СӨЗ: ЗАТТАН ЖОГОРУ ТУРГАН БИР АҢ-СЕЗИМ ЖАНА МЕХАНИЗМДИН КЫЙРАШЫ


Материалисттик философия таралаардан мурда, илим дүйнөсү Аллахтын ааламды жана андагы нерселерди жоктон жаратканын жана ар дайым кудурети менен башкарып тураарын кабыл алчу. Материализм болсо алгач Аллахтын табиятты ар дайым башкарып тураарын четке каккан. «Механизм» деп аталган көз-караш «ааламдагы жана табияттагы бүт системалар өзүнөн-өзү иштөөчү машиналарга окшош» деген ойду айтып чыккан. Механизмдин 18-кылымдагы алдыңкы өкүлдөрүнүн бири француз Пьер-Симон Лаплас болгон. Лаплас күн системасынын кыймылын гравитация мыйзамы менен түшүндүргөн жана бул теория жөнүндө суроолорду узаткан император Наполеонго берген жообунда чоң жаңылыштык кетирип, ааламдын кыймылын Аллахтын башкарып тураарын четке каккан.


19-кылымда бул жаңылыштыктар андан да күчөгөн: ааламдын жана жандыктардын бир гана кыймылын эмес, келип чыгышын да табият мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болот деген жалган тарай баштаган. Башкача айтканда, Аллахтын аалам менен табиятты башкарып тураары да, аларды жаратканы да четке кагылган. Мунун жол башчысы эволюция теориясы аркылуу «жандыктар табият мыйзамдарынын негизинде кокусунан пайда болгон» деген көз-карашты чыгарган Чарльз Дарвин болгон. 19-кылымда бир тараптан «аалам чексиз мурдатан бери бар (түбөлүктүү) жана табият мыйзамдары менен кокустуктарга гана баш ийет» деген «түбөлүктүү аалам модели» өкүмчүлүк кылган. 20-кылымдын башында материалисттер бүт баарын материалисттик теория менен түшүндүрө алабыз деп ойлошкон.


Бирок 20-кылымда эч алар күтпөгөндөй өзгөрүүлөр болду. Астрофизика жана биология тармактарындагы канчалаган илимий ачылыштар ааламдын жана жандыктардын жаратылганын далилдеди. Бир тараптан дарвинизмдин гипотезалары бир-бирден жокко чыгарылып жатканда, экинчи тараптан ааламдын жоктон жаратылганын көрсөткөн Чоң жарылуу (Big Bang) теориясы жана заттык дүйнөдө улуу тартип жана «кылдат жөнгө салуу» (fine tuning) бар экенин көрсөткөн илимий ачылыштар материализмдин негизсиздигин дагы бир жолу тастыктады.
Илимий журналдардын темалары да ааламды Аллахтын жаратканын
жарыялоодо: "Илим Аллахты тапты"; "Фред Хойл, Акылдуу аалам";
"Эволюция өлдү".
Бул эки маанилүү жагдай, б.а. дарвинизмдин илимий кыйрашы менен ааламдын жоктон жаратылганы жана «кылдат жөнгө салынганы» акыркы 20-30 жылда көптөгөн илимпоздор тарабынан баса белгиленди.
1970-жылдары пайда болгон «антроптук принцип» (anthropic principle) түшүнүгүнө басым жасаган физиктер менен астрономдор ааламдын кокустуктардан турбашын, тескерисинче бүт тарапта адамдын жашоосуна ылайыкташтырылган кереметтүү бир долбоордун жана жөнгө салуунун бар экенин көрсөтүштү. Мурдакы эмгектерибизде биз дагы буларга терең токтолгонбуз. (Харун Яхьянын «Ааламдын жаратылуусу» (Evrenin Yaratılışı), «Кереметтер тизмеги» (Mucizeler Zinciri) аттуу китептерин караңыз.)
Булардын баары ааламдын жана жандыктардын келип чыгышына байланыштуу. Башкача айтканда, 19-кылымда өкүмчүлүк кылган дарвинизмди жана «чексиз аалам моделин» четке кагат. Ааламдын жана жандыктардын кыймыл-аракеттери жөнүндөгү материалисттик көз-карашты, т.а. «механизмди» четке каккан далил болсо буга чейин мынчалык ачык көрсөтүлгөн эмес.
Бирок илимий ачылыштар буга мүмкүнчүлүк берген, ал тургай, зарылдыкты пайда кылган абдан маанилүү жыйынтыктарды чыгарды. Ааламдын жана жандыктардын келип чыгышын эле эмес, кыймыл-аракеттерин да материалисттик логика менен түшүндүрүүгө болбой турганы аныкталды.


Молекулярдык биологиянын жыйынтыктары


20-кылымда эволюция теориясы эң чоң соккуну молекулярдык биологиядан алды. Илимпоздордун айтуусу боюнча, организмдин эң негизги бөлүгү болгон клеткада «төмөндөтүүгө болбой турган комплекстүү» түзүлүштөгү сансыз молекулярдык машиналар бар. Ал машиналардын келип чыгышын дарвинизмдин акылсыз механизмдери, б.а. табигый тандалуу жана мутация менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт.
Молекулярдык биологиянын эволюция көз-карашын жокко чыгараары бүгүнкү күндө белгилүү жана теорияны сындаган көптөгөн молекулярдык биологдор тарабынан айтылып келүүдө. Бирок көп байкалбаган дагы бир жагдай бар: клетканын ичиндеги «молекулярдык машиналардын» жана башка кереметтердин бир эле келип чыгышын эмес, кыймыл-аракеттерин да кокустуктар же табият мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болбойт.
Муну менен эмнени айткыбыз келгенин бир мисал менен түшүндүрөлү. Клетканын маалымат базасы болгон ДНКны элестетели. ДНК ар бир клетканын ядросунан орун алган, абдан узун молекула тизмеги жана ал тизмекте клетканын жана ал клетка жайгашкан организмдин бардык физикалык жана химиялык түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтардын коддору жазылган. Бирок клетканын ичиндеги бул маалымат базасы өз алдынча эч нерсеге жарабайт. Анын колдонулушу да абдан маанилүү. Башкача айтканда, ичиндеги маалыматтар туура окулуп, ал маалыматтын негизинде керектүү нерселер өндүрүлүшү керек.
Клеткада кызмат кылган, «фермент» деп аталган молекулярдык машиналардын бир бөлүгүнө ушул милдет жүктөлгөн. Алар зарыл болгон белоктордун өндүрүшүнө керектүү маалыматты узун ДНК тизмегинен «таап», андан соң аны «окуу үчүн» спираль тепкич формасындагы ДНКны ачып экиге ажыратышат. ДНКдан керектүү маалыматтын копиясын даярдашат жана керексиз бөлүктөрдү аттап кетүү үчүн ДНКны бүгүшөт. Копия даярдалган соң, ДНКны кайра жаап, калыбына келтирип коюшат. Бул кереметтүү иштердин баарын секунданын миңден биринчелик кыска убакытта жасап бүтүшөт. Денеңиздин ар бир клеткасында секундасына орточо эки миң жаңы белок өндүрүлөт.1
Ферменттердин бул иш-аракеттери чындыгында абдан таң калыштуу. (Алардын  ДНКны копиялоодон тышкары да көптөгөн кызматтары бар.) Бирок буларга байкоо жүргүзгөн молекулярдык биологдордун көпчүлүгү таң калбаганга көнүп калышкан. Ошондуктан алардан ферменттер мынчалык татаал иштерди кантип жасашат деп сурасаңыз, «клетканын ичиндеги химиялык реакциялар, физикалык факторлор буга шарт түзөт» деп жооп беришет болушу керек. Бул түшүнүк боюнча, натрий менен хлорид кошулганда, анын натрий хлоридге (тузга) айланышы канчалык табигый нерсе болсо, б.а. химиялык реакциядан гана турса, ферметтердин иш-аракеттери да химиялык реакциялардан гана турат.

1. Клетканын ичи
2. Майлар
3. Белок молекуласы
4. Углевод байланыштары
5. Клетканын сырты

Бирок бул жооп туура эмес. Анткени, клетканын ичиндеги иш-аракеттердин маанилүү бөлүгү химиялык же физикалык факторлордон келип чыкпаган, «пландуу» иш-аракеттер. Мунун эң жакшы мисалдарынын бир бөлүгүн клетканын ядросунан эмес, бул китептин темасы болгон клетка мембранасынан көрө алабыз. Клетка мембранасы клетканын ичинде эмнеге муктаждык бар экенин «билгендей» болуп, клетканын сыртындагы заттарды муктаждыкка жараша кабыл алат же киргизбейт. Мындагы кереметти байкагандардын бири израильдик биофизик Джеральд Шредер болгон. Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттеринин катарына кирген Массачусетс технология институтунда (MIT: Massachussetts Institute of Technology) физика тармагында билим алып, биология тармагында көп жылдар бою изилдөөлөрдү жүргүзүп, көптөгөн илимий макалаларды жарыялаган жана ядролук изилдөөлөргө катышкан Шредер мындай деп жазат:


Ар бир клетканын каалгасы жаман заттарды сыртка калтырып, жакшы заттарды ичкери киргизген жана сыртка чыгарылышы керек болгон нерселерди, б.а. калдыктарды жана өндүрүлгөн пайдалуу нерселерди сыртка чыгарып турган бир кабыкча (мембрана) тарабынан кайтарылат. Эмненин ичке киргизилип, эмненин сыртка чыгарылаарын ким же эмне аныктайт?
Клеткада көптөгөн эшиктер бар жана алар «ичкери кирүүгө уруксат берүү керек» деген сигнал келгенде гана ачылат. Алардын кээ бирлери мембрананын бетиндеги чыңалуунун өзгөрүшүнө жараша ачылып жабылат. Кээ бирлери молекулярдык бир ачкыч келип, алардын кулпусун ачканда ачылып, башка бир молекуланын ичкери киришине мүмкүнчүлүк берет. Эгер белокту өндүрүүгө керектүү курулуш материалдарын жасоого байланыштуу бир белги керек болсо, ал ич тараптан берилет; бир нерв клеткасынын жанындагы бир клетканы кыймылдатышы керек болсо, анда белги сырттан келет. Мембрананын кандайдыр бир эшигин ачуу белгиси көптөгөн баскычтардан турат... Мындагы кабар жеткирүүчүлөр бул акылды кайдан алышат? Биологиядагы негизги курулуш материалдары, т.а. көмүртек, азот, кычкылтек, суутек, күкүрт жана фосфор качантан бери акылдуу болуп калышкан... Булар бири-бири менен биригип, молекулаларды пайда кылган атомдор гана. Бул атомдор дарбаза күзөтчүлөрү болуу эр жүрөктүгүн кайдан алышкан?2


Шредер бул маанилүү жагдайларга токтолгон соң, өзү да башынан өткөргөн, материализмге таянган билим берүүнүн жаңылыштыгын төмөнкүчө сүрөттөйт:
Клетка мембранасынын долбоору улуу бир мээнин чыгармасы... Мени булардын баарын табият жасаган деп окутушкан. Бирок «өз күчүнө таянган табият» көз-карашында олуттуу бир маселе бар... суулуу шарттарда булар (клетка мембранасын түзгөн липиддер жана фосфолипиддер) биригип, катмарларды жана шарларды пайда кыла алышат. Бирок шар менен клетканын ортосунда бир негизги айырма бар: бул клетка мембранасында максаттуу өткөрүүнү ишке ашыруучу эшиктерди түзгөн белоктордун жана молекулалардын планы.3
Көрүнүп тургандай, Шредер 18-кылымдан бери илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган «өз күчүнө таянган табият» көз-карашынын туура эместигин белгилеген. Жана Шредер «клетка мембранасынын кыймыл-аракеттери толугу менен табият мыйзамдарынан келип чыгат» деген көз-караштын (бул негизи материалисттик илимдин догмасы) туура эместигин айткан.
Шредер жашоону түзгөн молекулалардын «аң-сезимдүү» иш-аракеттерди жасаарын белгилеген:
Атомдон баштап адамга чейин, ар бир бөлүкчөдө, ар бир нерседе маалымат жана аң-сезимдүү акыл бар... Бул китепте менин алдымда мындай табышмак турат: бул аң-сезимдин булагы кайсы жерде? Бардык заттарды түзгөн элементардык бөлүкчөлөрдүн ортосундагы реакцияларды башкарган табият мыйзамдарында буга байланыштуу эч кандай белги жок.4
Бул жерде абдан маанилүү бир жагдай бар: заттын ичинде бир аң-сезим бар, бирок ал аң-сезимдин булагы зат эмес. Муну жандуу менен жансыз заттарды салыштырганда абдан жакшы түшүнө алабыз. Жандуу затта, мисалы бир клеткада аң-сезим апачык көрүнүп турса, жансыз затта мындай аң-сезим жок. Бирок клетканы түзгөн белоктор да, жолдо жаткан бир таштын молекулалары да атомдордон турат. Башкача айтканда, түпкү материалдары бир. Бирок таштагы молекулаларда эч кандай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттер жок болсо, клеткадагы молекулаларда таң калыштуу бир аң-сезим бар. (Болгондо да, эволюция теориясы ойлогондой, табияттагы жансыз заттардын жандуу организмдерге айлануу ыктымалдыгы эч качан байкалган эмес.) Джеральд Шредер да буга көңүл буруп, организмдердеги молекулаларда аң-сезим бар экенин белгилейт:
Биологиялык бир клетка менен натрий хлориддин химиясы бир, эрежелер жыйындысы бүт баарына бирдей. Бирок натрий хлорид эрежелерге механикалык түрдө баш ийсе, жашоо кандайдыр бир жол менен акылга, маалыматка ээ болуп, ошонун натыйжасында айланасынан энергия алууга, ал энергиянын маңызын бөлүп алууга жана ал энергия аркылуу биологиялык клетканын пландуу комплекстүүлүгүн кураштырып, сактоого жетишкен... Көмүртек менен бир канча элементтин биригишинен келип чыккан бул кыймыл-аракеттердин мынчалык «акылдуу» болушуна шарт түзгөн нерсе эмне деген суроо дагы деле табышмак.5

Клетканын ичинде аң-сезимди жана акылды
талап кылган сансыз иш-аракеттер жасалат.

Мээде сигналдарды чечмелеген аң-сезим клеткалардын
өзүнө тиешелүү эмес. Клеткадагы акыл жана аң-сезим
бизге Аллахтын бар экендигинин сансыз далилдеринин
бирөөсүн көрсөтөт.

Негизи бул жерде табышмак эмес, апачык бир чындык бар. Заттык (материалдык) дүйнөдөгү аң-сезим заттын өзүнө тиешелүү бир өзгөчөлүк эмес, ал жерде «чагылдырылган» бир өзгөчөлүк. Мунун мааниси мындай: заттык дүйнөдөгү кемчиликсиз аң-сезим Аллахтын бар экендигинин илимий далили. Денебизди түзгөн молекулалар Аллахтын илхамы менен алардан күтүлбөй турган акылдуу кыймыл-аракеттерди жасоо аркылуу негизи аларды жараткан Улуу Аллахтын чексиз акылын бизге дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Аллах бүт ааламды жоктон жараткан жана жараткан ааламын, ал ааламдагы жандуу-жансыз заттардын бүт баарын, ар дайым башкарып турат.
Раббибиз бизге жол көрсөтүүчү катары түшүргөн Куранда Өзүнүн бүт нерсени чексиз илими менен ороп-курчап тураарын төмөнкүчө кабар берген:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок... (Худ Сүрөсү, 56)


Ааламды курчап турган аң-сезим Аллахка тиешелүү


Кээ бир далилдери бул китепте да каралгандай, он сегизинчи жана он тогузунчу кылымдарда «механизм» жана башка материалисттик түшүнүктөр менен жолго чыккан илим дүйнөсү бул теорияларга канчалаган аракеттерди жумшаган соң, ааламдын жана жандыктардын жоктон жаратылганына жана ар дайым башкарылып тураарына күбө болду.
Аллахтын чексиз илиминин далилдери бүт ааламды курчап турат. Илим табиятты изилдеген сайын бул маалыматтар ачыкка чыгууда. Бул маалыматтарды затка ыйгаруу (т.а. заттын өзүнүн чыгармасы же өзгөчөлүгү сыяктуу көрсөтүү) максатында жасалган эки кылымдык аракеттер ийгиликсиз аяктады. Дарвин, Лаплас, Фрейд, Энгельс сыяктуу бардык материалисттердин жаңылганы аныкталды.
Бул китепте бир клетканын ичинде болуп жаткан процесстердин мындан 30-40 жыл мурда элестетүүгө да болбой турганчалык татаал, пландуу жана «акылдуу» экендигин карайбыз. Бир нерсени унутпаш керек: биз сөз кыла турган молекулалардын эч биринде алардын жасаган «акылдуу» иштерин пландап, ишке ашыра турган бир акыл жок. Бул молекулалардын иш-аракеттеринде теңдешсиз бир акыл бар, бирок ал акылдын булагы заттын өзү эмес. Бул улуу акыл Чоң жарылуудан (Big Bang) кийин келип чыккан кереметтүү тең салмактуулуктарда, эбегейсиз чоң жылдыздардын ичиндеги ядролук реакцияларда, элементтердин жашоо үчүн эң идеалдуу түзүлүштөрүндө да бар. Шредер айткандай, «бир аң-сезим, бүткүл ааламдык бир даанышмандык ааламды курчап турат».6
Ааламды курчап турган бул аң-сезим Улуу Аллахтын чексиз илими жана акылы. Курандын бир аятында кабар берилгендей:

Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)

Ааламдагы кылдат тартип Раббибиз Аллахтын бар экендигин көрсөтөт
жана бизге Раббибиздин чексиз илимин таанытат.


Булактар:

1. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 68.
2. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 68-69.
3. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 70-71.
4. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 11.
5. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 65.
6. Gerald Schroeder, The Hidden Face of God, Touchstone, New York, 2001, s. xi.



ДЕНЕБИЗДИ КУРЧАГАН МИНИАТЮРАЛЫК ЗАВОД: КЛЕТКА


Адамдын денесин түзгөн болжол менен 100 триллион клетка эч тынымсыз, чарчап эс албастан, сансыз иш-аракеттерди жасайт. Органдар менен кыртыштардын өз кызматын аткарышы, адамдын күнүмдүк жашоосун улантышы ушул клеткалардын ар биринин өз милдетин кемчиликсиз орундатышынан жана бири-бири менен толук гармониялуу иштешинен көз-каранды.
Ар бир организмге жашоо үчүн энергия жана натыйжада азык керек, ошол сыяктуу эле клетка да сансыз иш-аракеттерин аткаруу үчүн ар түрдүү азык заттарына муктаж. Бир заводдо өндүрүшкө керектүү чийки заттар алынып келип, керек учурда кампада сакталып, өндүрүштөн кийинки калдыктар болсо заводдун сыртына чыгарылып же жок кылынышы сыяктуу эле, клеткада да өтө татаал өндүрүү, кампага жыйноо жана тазалоо системасы иштейт. Клетканын ичине киргизилген чийки заттар ар кандай органикалык молекулалардан, минералдардан жана металлдардан турат. Алар клетканын ичинде керектүү молекулалардын өндүрүшүнө колдонулуп, калдыктар клетканын сыртына жиберилет же клетканын ичинде жок кылынат. Ал ортодо заводдо өндүрүш жасоо үчүн электр энергиясы же башка энергия түрлөрү колдонулганы сыяктуу, клетка да иш-аракеттерин өзүндө өндүрүлгөн энергия аркылуу жүргүзөт.


Заводго алынып келе турган чийки заттардын техникалык өзгөчөлүктөрү атайын мүнөздөмөлөр аркылуу белгилениши сыяктуу, клетка да чийки заттарга атайын талаптарды койот. Чийки заттар клетканын ичине плансыз, башаламан киргизилбейт. Клетка мембранасында бул заттардын өздүк маалыматтары текшерилет. Клетканын ичине кирсе эч кандай зыян алып келбей турган заттар үчүн ар дайым ачык турган эшиктер болот. Зыян алып келүү ыктымалдыгы бар башка заттар болсо бармак издеринин текшерилиши сыяктуу өтө кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт. Клетканын каалгасында заттардын тууралыгын текшерүү жана тастыктоо абдан маанилүү. Анткени, бул кылдат коопсуздук чаралары клеткага сырттан келчү кандайдыр бир вирус, бактерия же уулуу заттардын зыян тийгизүү рискине бөгөт койот. Бул маанилүү жоопкерчилик ипичке кабыкчага тапшырылган.

Клетканын ичине киргизиле турган заттар көздүн торчосун сканерлөө
системасы сыяктуу коопсуздук чаралары менен киргизилет.

Клетка мембранасы имаратты курчап турган, ар тараптуу
коопсуздук чаралары көрүлгөн бир дубал сыяктуу.

Денебизди түзгөн триллиондогон клетканын ар биринде ушундай аң-сезим бар жана ар бир клетка мембранасы тандоо механизмин кылдаттык менен ишке ашырат. Биз болсо бул заттарды тандоо мындай турсун, денебизде ушундай кереметтүү процесстердин жүрүп жатканын да билбейбиз. Клетка мембранасынын адамдан да жогорку аң-сезимдүүлүктү көрсөтүшү, жогоруда да айтылгандай, бул аң-сезимдин булагынын клетка эмес, аны жараткан Аллахтын илими экендигин тастыктайт. Ар бир клетка Аллахтын буйругу менен өз милдетин эч кемчиликсиз орундатып, бизге кызмат кылууда.
Клетка мембранасы эч кемчиликсиз жасаган, аң-сезимди жана акылды талап кылган бул кызматтардын эч бирин адам баласы аныктап, өзүнүн акылы жана эрки менен ишке ашыра албайт же башкара албайт. Адамдын денесиндеги клеткалардын саны Саманчынын жолу галактикасындагы жылдыздардын санынан үч эсеге көп. Бул кызматтын бардык клеткаларда ар бир секунда сайын, күнү-түнү эч тынымсыз жана эч катасыз жасалышы керек экенин ойлогондо, ипичке клетка мембраналарынын канчалык оор милдетти аткараарын жакшыраак түшүнөбүз.
Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске салуу керек: бул китепте акылдуу, аң-сезимдүү, пландуу бир адамдын иш-аракеттерин сүрөттөй турган сөздөр көп колдонулат. Бирок ал этиштер аң-сезимсиз атомдордон турган май жана белок катмарынын, т.а. клетка мембранасынын кыймыл-аракеттерин түшүндүрүү үчүн пайдаланылат. Мындай иш-аракеттерди аң-сезимсиз атомдордон турган ипичке бир кабыкчанын өз эрки менен өз мойнуна алышы жана аларды кемчиликсиз орундатышы, албетте, мүмкүн эмес.
Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам кабыл ала тургандай, Аллах клетка мембранасы аркылуу адамдарга жандыктарды толук башкарып тураарын көрсөтүүдө. Клеткадагы акыл Аллахтын чексиз акылынын бир чагылуусу. Курандын бир аятында кабар берилгендей:

Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)

Клетка мембранасы клеткадагы татаал түзүлүштөрдүн бирөөсү гана. Клетка мембранасынын түзүлүшүнө жана маанисине тереңирээк токтолоордон мурда, клетканын комплекстүү түзүлүшү жөнүндө кыскача маалымат берели (тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Клеткадагы керемет» аттуу китебин караңыз).

КЛЕТКАНЫН КОМПЛЕКСТҮҮ ТҮЗҮЛҮШҮН КОКУСТУКТАР МЕНЕН ТҮШҮНДҮРҮҮГӨ БОЛБОЙТ


Көптөгөн илимпоздор клетканын комплекстүү түзүлүшүн, анын маалыматты жана планды талап кылган иш-аракеттерин сүрөттөө үчүн бир катар салыштырууларды жасашат. Кээ бирлери клетканы кылдат долбоорлонуп жасалган космос кемелерине, кээ бирлери абдан өнүккөн шаарларга, кээ бирлери болсо эң жогорку технологиядан да жогорку деңгээлдеги лабораторияларга салыштырышат. Бирок бүт баары мындай салыштыруулардан соң, аягында клетканын андан да алда канча татаал экенин айтышат.


Кембридж университетинин зоология профессору У. Торп клетканын комплекстүүлүгү жөнүндө мындай дейт:
Акыркы 10-15 жылда жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү үчүн чыгарылган бири-бирине окшош спекуляциялар менен талкуулар ой жүгүртүүлөрдүн өтө жөнөкөй болгонун, алардын көп деле мааниси жоктугун көрсөттү. Бул маселе такыр эле чечилчүдөй эмес... Бир клетканын келип чыгышы да абдан татаал маселе. Кандайдыр бир клетка түрүндө эле адамзат тарабынан ойлоп чыгарылган кандайдыр бир машинадан биз элестете да албай турганчалык татаал «механизм» бар. Бул табышмактардын жандырмагы тууралуу колубузда реалдуу эч кандай ишарат жок...7
Дарвинисттердин жашоонун келип чыгышы тууралуу түшүндүрмөлөрүндө «кокусунан пайда болгон «примитивдүү» (жөнөкөй) бир клетка акырындап, кокустуктардын натыйжасында азыркы абалына келген» деген ой айтылат. Бирок бул логикасыз көз-караштын натыйжасында көптөгөн карама-каршы пикирлерди айтышат. Мисалы, клетка кээ бир өзгөчөлүктөрү болбосо, такыр жашай албайт. Ошондой эле, клетка мындай татаал өзгөчөлүктөрдүн өзүнөн-өзү, кокусунан эволюцияланышын күтө албайт. Ошондуктан клетка эволюционисттердин кыялындагыдай примитивдүү да боло албайт жана акырындап эволюциялана да албайт. Учурда эволюционисттер да клетканын мындай процесстен өтө албай турганын кабыл алууга мажбур болушууда. Эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурт муну мындайча мойнуна алган:
Артка кылчайганыбызда, дээрлик азап менен изделген өткөөл формалардын эч табылбашына таң калбашыбыз керек экенин түшүнөбүз. Анткени, андай өткөөл форма эч качан болгон эмес, сыягы. Учурдагы билимибиз эволюциянын жалпы принцибинин мында ишке ашпаганын, примитивдүү клетканын акырындап өзгөрүп отуруп, аягында ядролуу, органдуу бир клеткага айланышы сыяктуу бир процесстин болуп өтпөгөнүн көрсөтүүдө.8
Бардык бөлүктөрү менен өзгөчөлүктөрү толугу менен бар болгондо гана клетка жашап, өз функцияларын аткара алат. Британия королдук химия ассоциациясынын мүчөсү, химик профессор Дэвид Роузвир клетка толугу менен бар болгондо гана функцияларын аткара алаарын төмөнкүчө белгилеген:
Молекулярдык биологиянын өнүгүшү менен бирге, Опарин жана Холдейн заманынан бери, клетка «жөнөкөй нерсе» деп кабыл алынбай калды. Жандуу клетка мембранасы белгилүү кошулмаларды клетканын ичине киргизет же клетканын сыртына чыгарат. Клетка мембранасы жөнөкөй жарым-өткөргүч кабыкча эмес. Клеткалардын ичинде бүт организмдин түзүлүшү жана функциялары жөнүндөгү маалыматтар сакталган нуклеин кислоталары бар. Ошондой эле, клеткада белок өндүрүүчү рибосомалар болот. Ал белоктор нуклеин кислоталарынын комплекстүү механизмин жасоодо колдонулат жана көптөгөн түрүнүн ар биринин өзүнүн функциясы бар. Клеткада, мындан тышкары, энергия (АТФ) чыгаруучу митохондрия бар. Бул бөлүктөрдүн ар бири укмуш комплекстүү... Бул бөлүктөр өз алдынча жашай алышпайт, клетка да булардын бирөөсү эле болбосо жашай албайт... Ошондуктан клетка эң башынан баштап, укмуш комплекстүү жана бири-биринен көз-каранды, бардык бөлүктөрү менен бирге бар болушу керек. Бөлүктөрдүн миллиондогон жылдын ичинде, акырындап биригиши, б.а. эволюцияланышы мүмкүн эмес.9
Клетка жашай алышы үчүн талап кылынган өзгөчөлүктөрдүн бири – бул анын «коркунучту айырмалай алуу» касиети. Мындай касиети жок клетка, эгер пайда болсо да, жашоосун уланта албайт.
Эволюционисттердин бир китебинде бул мажбурдук төмөнкүчө белгиленген:
Жандуу системалар пайда болгон секундадан баштап, табигый чөйрөлөр менен шарттардын ар кайсы өзгөчөлүктөрүн бири-биринен айырмалай ала турган жөндөмгө ээ болушу керек болгон. Организмдер затты сиңирүү процесстерин улантуу үчүн мажбурлуу болгон жөндөмгө, айлана-чөйрө факторлору менен таанышып ажырата алуу, кандайдыр бир мааниде аларды таанып, айырмалай алуу жөндөмүнө ээ болгонуна жараша жана бул жөндөмгө ээ болсо гана жашоосун уланта алышкан. Айлана-чөйрө факторлорун (мисалы, кант жана белок сыяктуу энергия берүүчү чоң молекулаларды) алар үчүн пайдасыз, ал тургай, кооптуу жана зыяндуу заттардан кандайдыр бир жол менен айырмалап, керектүүсүн тандай алуу аргасыз (сөзсүз керектүү) бир мажбурдук болгон, анткени бул зыяндуу факторлор аны «ууландырып» клетканын затты сиңирүү процесстерине бөгөт коюп, бул процесстерди жолдон чыгарат.10

Клетка бардык бөлүктөрү болгондо гана кемчиликсиз иш-аракет жүргүзө алат.

1. Клетка мембранасы; 2. ДНК; 3. Клетка скелети; 4. Митохондрия.

А. Клетка мембранасы болбосо клетка да болбойт
В. ДНК болбосо клетка да болбойт
С. Клетка скелети болбосо клетка да болбойт
D. Митохондрия болбосо клетка да болбойт.

Көрүнүп тургандай, клетка зыяндуулар менен пайдалууларды айырмалоо жөндөмүнө ээ болсо гана жашай алат. Бул жөндөм жөнүндө бир нерсени эске салуу керек: жогорудагы сүйлөмдөргө көңүл бурган болсоңуз, тандоо, ажыратуу, таанып билүү, айырмалоо сыяктуу жөндөмдөрдөн сөз кылынган. Ойлонууну, акыл жүгүртүүнү жана аң-сезимди талап кылган бул жөндөмдөргө аң-сезимсиз клеткалардын кокусунан ээ болуп калганына ишенген дарвинисттер мунун логикага сыйбастыгын атайылап байкамаксан болушат. Кокустуктар бардык карама-каршылыктарды кандайдыр бир жол менен чечкен деп ишенишет. Кокустуктарды бардык эшикти ача алган, бардык кыйынчылыктан өтө алган, бүт нерсени өтө кылдат пландаган кереметтүү бир күчтөй көрүшөт. Бул, албетте, негизсиз жалган ишеним.

1. Темир
2. Натрий
3. Кант
4. Калий
5. Көмүртек
6. Белок
7. Суу молекуласы

Клеткадагы улуу акылда эволюционисттерди туюкка салган көптөгөн жагдайлар бар. Мисалы, аң-сезимсиз атомдор кокусунан биригүү аркылуу кантип абдан пландуу иш-аракеттерди жасаган клетканы пайда кылышкан? Эволюционисттер клетканы табиятта өзүнөн-өзү келип чыккан химиялык реакциялардан пайда болгон дешет. Бирок клетканын ар бир өзгөчөлүгү пландалып, тартипке салынган; бул тартипте кокустуктарга орун жок. Ар бир өзгөчөлүк улуу бир аң-сезимдин бар экенин көрсөтөт.
Бул теманы терең изилдеген белгилүү британиялык илимпоз Фред Хойлдун төмөнкү сөздөрү абдан таамай айтылган:
Эгер чындап эле заттын ичинде аны жашоого түртүүчү бир ички принцип болгондо, бул бир лабораторияда оңой эле аныкталышы керек эле. Мисалы, бир изилдөөчү байыркы сорпону (первичный бульон) чагылдырган бир бассейнге эксперимент жүргүзсө болмок. Ал бассейнди каалашыңызча ар түрдүү жансыз химиялык заттарга толтуруңуз. Ага насос менен каалашыңызча ар түрдүү газды кошуңуз же аны каалашыңызча ар түрдүү радиацияга тосуңуз. Бул экспериментти бир жыл бою улантып, анан (жашоого керектүү) 2000 ферменттин канчасынын синтезделгенин караңыз. Бул экспериментти жасап убактыңызды коротпошуңуз үчүн, мен сизге жообун азыр эле берейин: эч качан эч нерсе таба албайсыз, балким бир канча аминокислотаны же башка жөнөкөй химиялык заттарды гана көрүшүңүз мүмкүн.11
Эволюционисттер эң «примитивдүү» (жөнөкөй) клеткалар деп эсептеген бактериялар да бул жерде айтылган аң-сезимдүү өзгөчөлүктөргө ээ. Өзүнө зыяндуу менен пайдалууну бири-биринен ажырата алганы үчүн, аларды да эч качан жөнөкөй деп айтканга болбойт.
Бир эволюционист муну мындайча мойнуна алган:
Жөнөкөй клеткаларды түрлөрдүн келип чыгышынын башталышы деп эсептеген кеңири тараган көз-караш чындыгында жаңылыш көз-караш. Бул клеткаларда функционалдык жактан жөнөкөй эч нерсе жок. Бул клеткалардын бүгүнкүлөрү сыяктуу ушул эле биохимиялык жабдуулары болгон. Андай болсо, кийинки клеткалар кантип пайда болгон? Бул суроонун акылга сыярлык бир гана жообу бар: кандай болгонун билбейбиз.12
Изилдөөчү Говард Пет болсо жөнөкөй клетка деген түшүнүктүн жок экенин төмөнкүчө белгилеген:
Мурда клетка бир ядродон жана цитоплазма «деңизинин» ичиндеги башка бөлүктөрдөн турат деп кабыл алынчу. Бирок клетканын ичинде көп жерлер бош эле. Эми болсо клетканын чындыгында «уюк сыяктуу экенин», б.а. клетканын жана клеткалардан түзүлгөн дененин өз жашоосуна керектүү болгон маанилүү функционалдык бөлүктөргө толо экенин билебиз. Эволюция теориясы жашоо «жөнөкөй» бир клеткадан өрчүгөн деп эсептейт, бирок учурда илим жөнөкөй клетка деген нерсенин жок экендигин көрсөтүүдө.13

Жашоонун келип чыгышында кокустуктарга орун жок

Албетте, илимдин атын жамынган дарвинисттер илимдин алардын көз-караштарын четке кагаарын эч күткөн эмес. Электрондук микроскоп, генетика илими пайда боло электе, б.а. 1800-жылдары клетканын комплекстүү түзүлүшүн эч ким билген эмес. Ошондуктан «жашоо кокусунан пайда болгон» деген көз-караш сабатсыздыктан пайдаланып, белгилүү убакыт бою адамдарды жаңылта алды. Бирок бүгүнкү күндө илим менен технология клетканын түзүлүшүнүн абдан татаал экенин көрсөттү. Клетканын түзүлүшү ушунчалык комплекстүү болгондуктан, илимпоздор канчалаган аракеттерге жана учурдагы жетишкендиктерге карабастан, клеткага окшош бир түзүлүштү жасай алышкан жок.
Аң-сезими жана акылы бар адамдар тарабынан ушунча мүмкүнчүлүктөргө жана технологияга карабастан, жасалма жол менен жасала албаган клетканын кокусунан пайда боло албашы анык. Эволюционисттер бул туюктан чыгуу үчүн, убакыт түшүнүгүнө таянып, миллиондогон жылда бул ишке ашышы мүмкүн дешүүдө. Бирок канча убакыт берилбесин, туш келди факторлордун натыйжасында белгилүү тартипке салынган, акылдуу, аң-сезимдүү иш-аракеттерди жасаган, белгилүү маалыматтарды камтыган бир түзүлүштүн пайда болушун күтүүнүн кыялдануудан эч кандай айырмасы болбойт. Убакыттын кандайдыр бир тартипти орнотуу же ар кайсы кокустуктарды «жасап көрүү-жаңылуу» жолу менен иргеп, «бул жарайт, бул жарабайт» деп тандоо жөндөмү жок. Австралия илимдер академиясында эмгектенген биолог, профессор Майкл Питман убакыттын эволюционисттер ойлогондон тескери натыйжаларга себеп болоорун төмөнкүчө белгилеген:
Убакыттын эч кандай пайдасы жок. Жандуу системанын сыртындагы биомолекулалар убакыт өткөн сайын ажырап баштайт, куралып баштабайт. Биомолекулалардын баары көбүнчө бир канча күнгө чыдайт. Убакыт комплекстүү системаларды ажыратат (бузат). Эгер узун бир сөз (бир белок) же бир абзац кокусунан пайда болсо, убакыт аны бузууга багыт алат.14

1. Жөнөкөй микроскоп
2. Оптикалык микроскоп
3. Электрондук микроскоп
4. Сканердик электрондук микроскоп
5. Ион микроскобу

Клетканын ичиндеги үзгүлтүксүз иш-аракеттер


Жандуу клетка бардык илимпоздорду таң калтырган бир жаратылуу керемети. Электрондук микроскоп менен изилдегенде, клетканын ичинен аарынын уюгундагы иш-аракеттерди эске салган, өтө активдүү бир түзүлүштү көрүүгө болот. Жүздөгөн бал аарылар өлүп, ордуна жаңыларынын келиши аркылуу уюктагы жашоонун уланышы сыяктуу, денеде да күн сайын миллиондогон өлгөн клеткалардын ордуна жаңылары пайда болот. Жана миллиарддаган клетка адамдын денеси жашашы үчүн биргелешип, гармонияда иш алып барышат.
Адамдын денесиндеги бул көзгө көрүнбөгөн түзүлүштөрдү бир шаардын борборуна салыштырууга болот. 100 триллион клетканын ар бири айланасы дубал менен курчалган бир шаарга окшоп бардык муктаждыктарын өзү камсыз кылат, энергия өндүрөт, байланыш, транспорт жана коопсуздук кызматтарын камтыйт. Станциялар клетканын энергиясын, заводдор болсо белокторду жана абдан маанилүү химиялык заттарды иштеп чыгарат. Комплекстүү транспорт системалары ал химиялык заттарды клетканын ичинде бир жерден экинчи жерге жана керек учурда клетканын сыртына жеткирет. Дарбазадагы күзөтчүлөр болсо экспорт жана импорт рыногун көзөмөлдөп, кооптуулук белгилерин алуу үчүн сырткы дүйнөдөн кабардар болуп турушат. Дисциплиналуу биологиялык армиялар баскынчылар менен согушууга даяр турса, «борборлоштурулган генетикалык өкмөт» тартипти камсыз кылат.15

Бир жерде долбоор бар болсо, анын долбоорчусу да бар...

Клетканын ичиндеги транспорт системасы да абдан комплекстүү. Клетканын ичи бир канча бөлүмгө бөлүнөт жана бири-бири менен өтө гармониялуу иштеген адистешүү (эмгектин бөлүнүшү) бар. Бөлүмдөрдүн бир бөлүгү азык топтосо, бир бөлүгү фермент жана белокторду өндүрүп, ташышат. Мисалы, клетканын ичинде кээ бир азыктар колдонуу максатында молекулярдык жүк ташуучу унааларга жүктөлөт. Ар бир унаада бара турган жердин кулпусун ача турган бир ачкыч болот. Ошентип бир катар белоктор жүк жүктөө портторуна окшоп, унааларды ачып, андагы жүктөрдү отсектерге (атайын бөлүктөргө) түшүрөт.16


Тереңирээк изилдегенде, клетканын ичиндеги молекулалардын укмуш ылдам кыймылдаарын көрөбүз. Андагы мыкты уюштурулган жана мыкты координацияланган процесстер бул жерде сүрөттөлгөндөн алда канча татаал. Америкалык астроном Карл Саган, атеист болгону үчүн клетканын келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылганы менен, клеткадагы иш-аракеттер жөнүндө мындай дейт:
Организмдин клеткасы масштабдуу жана комплекстүү бир архитектура керемети. Микроскоптон караганда чымын-куюн кыймылдарды көрөбүз. Тереңирээк деңгээлде молекулалардын укмуш чоң ылдамдык менен синтезделээри учурда белгилүү.17
Лихай университетинин белгилүү биохимия профессору жана учурдагы дарвинизмди сындаган эң белгилүү инсандардын бири Майкл Бихи болсо клетканын бардык бөлүктөрүнүн көрүнгөндөн алда канча татаал түзүлүштөрдөн тураарын төмөнкүчө белгилеген:
Мен Дарвиндин эволюция механизми микроскоптон көрүнгөндөрдү түшүндүрө албайт деген ишенимдемин. Клетканын түзүлүшү туш келди эволюциялана албай турганчалык татаал, аларды жасай турган бир мээ болушу керек... Дарвиндин теориясы клетканын келип чыгышын түшүндүрүү аракетинде эң чоң кыйынчылыкка туш болууда. Клетканын көптөгөн системалары менин сөзүм менен айтканда акыл жеткис даражада комплекстүү. Мунун мааниси система иштээрден мурда бир канча кошундуларга муктаж... Мындай система Дарвиндин ыкмасы менен, б.а. функциялары бир-бирден өрчүү аркылуу, керектүү абалга келе алмак эмес.18
Клеткадагы кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк (нечленимая сложность) система иштеши үчүн бир учурда бир канча бөлүктүн толук бойдон бар болушун талап кылат. Демек кокустуктар системанын бардык бөлүктөрүн бир план менен, акылды, билимди жана тартипти талап кылган функцияларын аткара ала тургандай абалда, бир заматта пайда кылышы керек. Ошондой эле, ар бир бөлүктүн укмуш комплекстүү экенин эске алып, жөнөкөйдөн татаалды көздөй өрчүү боло албай турганын да унутпаш керек. Анткени, бул бөлүктөр толук кандуу болгондо гана өз функциясын аткара алат.
Жашоонун негизги түзүлүшү болуп эсептелген клетканын укмуш татаал структурасы эволюционисттердин дагы эле «жашоо кокусунан кантип башталган болушу мүмкүн?» деген суроого жооп таба албашынын негизги себеби болууда. Себеби андагы жогорку деңгээлдеги комплекстүүлүктү кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Майкл Бихи эволюционист илимпоздордун бул чарасыз абалын эволюционист Джеймс Шапиронун бир сөзүнө шилтеме жасоо аркылуу төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Эң негизгиси жашоонун негизги түзүлүшү болуп саналган клетка абдан татаал. Бирок илим дагы эле «жашоо кантип башталган» деген суроого жооп бере алган жокпу? Жок. Чикаго университетинин биохимия бөлүмүнүн илимпозу Джеймс Шапиро жазгандай, «Дарвиндин механизмин биохимия тармагында түшүндүрө турган так далилдер ушул күнгө чейин табылган жок, бир канча үмүтсүз спекуляциядан башка эч нерсе жок.» Бир канча илимпоз клетканы Дарвинден башка ыкмалар менен түшүндүрүүнү сунушташкан. Анын ордуна, мен бүт бул системалардын бир акыл тарабынан пландалганына жана жөнгө салынганына ишенем.19


Массачусетс технология институтунда (MIT) физика, биология тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор Джеральд Л. Шредер болсо клеткадагы комплекстүүлүктү төмөнкүдөй бир мисал менен сүрөттөгөн:
Дененин ичине жана андан ары клетканын ичине кирүү кереметтер дүйнөсүнө саякат кылуу сыяктуу. Сырткы кабыкча менен оролгон клетканын иш-аракеттери сырттан изоляцияланган. Кандайдыр бир түзүлүштү сыртынан караганыбызда аны жөнөкөй нерседей көрөбүз. Бирок ойдон иш-аракетке өткөндө, миллиондогон клетканын жана миллиарддаган атомдун белгилүү бир буйрукка баш ийип, бул иштерди аткараарын түшүнөбүз. Сырттан караганда баары жөпжөнөкөй көрүнөт. Бир унааны от алдыруу үчүн ачкычты бурашыңыз жетиштүү болот. Же компьютерди иштетүү үчүн күйгүзүү кнопкасын басасыз. Бирок моторду от алдыруу же экранды жарык кылуу үчүн миллиарддаган атомду туптуура багытта кыймылга келтирүү максатында схемалардын долбоорун түзүүгө жана компоненттерди ойлоп табууга сансыз саат коротулган.20


Дарвин менен анын жолун жолдогон эволюционист биологдор көп жылдар бою клетканы «сыртынан» карашкан, ошондуктан аны жөнөкөй бир түзүлүш катары көрүшкөн жана анын келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болот деп ойлошкон. Бирок 20-кылымдын экинчи жарымында клетканын укмуш комплекстүүлүгү жакшыраак аныкталган сайын, эволюционисттер таң калып, айла таппай калышты. Бүгүнкү күндө клетканын келип чыгышы «келечекте бир күнү эволюциялык механизмдер менен түшүндүрүлөт» деген үмүт менен гана жүрүшөт. Колдорунда далил эмес, үлдүрөгөн үмүт гана бар. Үмүттүн жалгыз булагы – бул алардын догматизми.
Клеткадагы комплекстүүлүк анын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын апачык далилдейт. Бирок клеткада, мындан тышкары, таң калаарлык бир аң-сезим да бар. Анткен менен, клеткалардын ойлонуу, таанып билүү, чечим алуу, план түзүү сыяктуу аң-сезимге тиешелүү өзгөчөлүктөрү жок. Өзүнчө тыянак чыгара турган мээлери да, көздөрү да, нерв системалары да жок. Бирок клеткалардын иш-аракеттерин караганыбызда эң акылдуу кишиден да акылдуураак, пландуураак, кылдатыраак жана жоопкерчиликтүүрөөк иш-аракет жүргүзөөрүн көрөбүз. Клеткадагы бул улуу акыл «бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан» (Фуркан Сүрөсү, 2) Раббибизге тиешелүү.

  

Клетка мембранасы болбосо, клетка да болбойт


Клетка мембранасынын түзүлүшүнө жана тандап-өткөрүү касиетине кайрылаардан мурда, эволюционисттердин бул жөнүндөгү көз-карашына токтоло кетүү керек. Эволюционисттердин «алгачкы клетка өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон» деген көз-карашынын канчалык чындыкка жана илимге коошпогон көз-караш экенин көптөгөн китептерибизде терең түшүндүргөнбүз. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Жашоонун чыныгы булагы», «Эволюция калпы» аттуу китептерин караңыз.) Бирок эч ыктымалсыз экенине карабастан, алгачкы клетканын кээ бир органеллдери өзүнөн-өзү пайда болду деп элестетели. Анда эволюционисттер үчүн андан да оор бир абал келип чыгат. Анткени, бул алгачкы клетка талапкери эволюционисттер «примитивдүү чөйрө» деп атаган, ойлоп чыгарылган чөйрөдө, өтө зыяндуу атмосфера шарттарынан сактана алуу үчүн, кокусунан мембраналуу болушу керек болот.

Клетканын түзүлүшү
«Кокусунан пайда болгон бир жандык өмүрүн улантуу үчүн кокусунан чара көргөн» деп айтуу эч акылга сыйбаса да, биз кийинки этаптагы логикасыздыкты көрүү үчүн бул сценарийди да ишке ашты деп элестетели жана жомокту уланталы: кокусунан пайда болгон «алгачкы клетка» атмосферанын зыяндуу таасирлерине туруштук бере албай жок болгон. Анан кокусунан башка клеткалар пайда болуп, бирок алар да жашай алышкан эмес. Кийин пайда болгон клеткалар болсо ата-бабаларынын өмүр таржымалынан «сабак алып», примитивдүү атмосфера шартына коргоосуз чыкпаш керек деген «жыйынтыкка келишет». Жана кокустуктардын жардамы менен аларды бул оор шарттардан коргой турган бир «сырткы кабыктуу» болушат. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниде жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы аркылуу өздөрүнө эң ылайыктуу бир кабыкчага ээ болушат. Эми ойлоп көрүңүз: ушундай пландуу иш-аракетти аң-сезими, акылы, мээси жок бир клетка өз алдынча ойлоно алабы же ушундай мыкты чечим кокусунан пайда болушу мүмкүнбү? Клетка мембранасынын сырткы чөйрөдөгү зыяндуу заттардын клеткага киришине бөгөт койо турган, керектүү заттарды киргизип клетканын азыктануусун жөнгө сала турган аң-сезимге ээ болушун туш келди факторлорго таяндыруу эң биринчиден илимге карама-каршы келет. Бул өзгөчөлүктөр болбосо клетка кыска убакыт да жашай албайт жана кичинекей бир катачылык да өлүмгө алып келиши мүмкүн, ушундай нерсени кокусунан пайда болгон деп айтуу канчалык акылга сыйат? Болгондо да, мындай кемчиликсиз түзүлүш алгачкы клеткада эле эмес, андан кийинки бардык урпактарда да дал ошондой уланышы керек болгон. Эволюционисттик түшүндүрмөлөрдү карасак, алгачкы клетка жөнүндөгү божомолдуу ойлордон башка эч нерсени таба албайбыз. Эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурт клетка мембранасы жөнүндө мындай дейт:
... алгачкы клеткалардын бүт баары бир сырткы кабыкча менен оролгон жана бул жагынан дээрлик баарынын бир жалпы өзгөчөлүгү бар деп айтууга да болот. Анткени, бир затты айлана-чөйрөнүн химиялык процесстеринен кандайдыр бир деңгээлде көз-карандысыз өздөштүрүүнүн шарты – бул органикалык системаны аны курчап турган чөйрө жана шарттардан көз-карандысыз кылып, система менен тышкы факторлордун ортосуна тосмо (чек ара) коюу. Бул жагынан караганда дээрлик бардык алгачкы клеткаларды ушундай тосмо коюучу сырткы кабыкча менен оролгон деп кабыл алышыбыз керек болот.21

А. Клетканын сырты; В. Клетканын ичи.

1. Калий
2. Натрий
3. Фосфор

Дитфурттун бул сөздөрүнүн канчалык логикасыз экени айдан ачык. «Кокусунан пайда болгон» бир клетка сырткы кабыкчалуу болууга «мээси жетип», аны ошол замат ийгиликтүү ишке ашыра албайт. Мындай окуя фантастикалуу кинолордо гана болушу мүмкүн. «Кокусунан пайда болгон» сансыз клеткалардын бүт баарын ушундай «акылмандык кылган» деп айтуу болсо эң фантастикалуу кинолордо да кездешпей турганчалык акылга сыйбас бир жомок болот.
Жыйынтыктасак, клетка болушу үчүн мембранасы да болушу керек. Жана ал мембрана клетканын өзүнүн чечими менен же кокусунан пайда боло албайт. Нью-Йорк университетинин Медицина борборунда эмгектенген  профессор Джеральд Вайсман жашоо үчүн клетка мембранасы сөзсүз керек экенин төмөнкүчө белгилеген:
Башында клетка мембранасы болушу шарт! Пурин, пиримидин жана аминокислоталарды өз алдынча көбөйө алган макромолекулаларга айландырган чагылган, сырткы кабыкчанын долбоорундагы уюштуруу сыры болмоюнча, клеткаларды пайда кыла алмак эмес.22
Клетка мембранасы болбосо жашоонун болбой турганын бардык илимпоздор бир ооздон кабыл алышат. Бирок бул жерде клетка мембранасынын азыркыдай комплекстүү түзүлүшү жана «тандап өткөрүү» касиети менен бирге бар болушу керек экенин унутпаш керек. Бул касиеттин эволюционисттер ойлогондой этап этабы менен, акырындап пайда болушу мүмкүн эмес. Анткени, клетка мембранасы азыркыдай касиеттерге ээ болбосо, клетка жашай албайт. Ошондуктан клетка мембранасы сырткы чөйрөнү таанышы, клетканын муктаждыктарын аныкташы, клеткага кире турган заттардын зыяндуу же зыяндуу эмес экенин айырмалашы жана заттарды тандоодо эч ката кетирбеши зарыл. Химиялык реакциялардын, физика мыйзамдарынын жана кокустуктардын аң-сезимсиз майлар менен белоктордон турган ипичке мембранага мындай аң-сезимдүү иргөө жөндөмүн бере албашы анык.

Булактар:

7. W. Thorpe, "Reductionism in Biology," Studies in the Philosophy of Biology,1974, ss. 116-117.
8. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 3. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 2, İstanbul, 1997, ss. 22-23.
9. http://www.icr.org/pubs/imp/imp-313.htm; Dr. David Rosevear, "The Myth of Chemical Evolution", Impact, no. 313, Temmuz 1999.
10. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 2. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 3, İstanbul, 1997, s. 39.
11. Fred Hoyle, The Intelligent Universe, Holt, Rinehard & Winston, New York, 1983, s. 256.
12. David E. Green and Robert F. Goldberger, Molecular Insights into the Living Process, Academic Press, New York, 1967, s. 403.
13. Howard Peth, Blind Faith: Evolution Exposed, Amazing Facts, Inc., 1990, s. 77.
14. Michael Pitman, Adam and Evolution, 1984, s. 233.
15. Peter Gwynne, Sharon Begley, Mary Hager, "The Secrets of the Human Cell", Newsweek, 20 Ağustos 1979, s. 48.
16. Michael J. Behe, "Darwin Under the Microscope", The New York Times, 29 Ekim 1996.
17. Carl Sagan, "Life" in Encyclopedia Britannica: Macropaedia, 1974, ss. 893-894.
18. Michael J. Behe, "Darwin Under the Microscope", The New York Times, 29 Ekim 1996.
19. Michael J. Behe, "Darwin Under the Microscope", The New York Times, 29 Ekim 1996.
20. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 60.
21. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 3. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 2, İstanbul, 1997, s. 28.
22. http://www.nigms.nih.gov/news/science_ed/surface.html