1 Ağustos 2019 Perşembe

КИРИШ СӨЗ: ЗАТТАН ЖОГОРУ ТУРГАН БИР АҢ-СЕЗИМ ЖАНА МЕХАНИЗМДИН КЫЙРАШЫ


Материалисттик философия таралаардан мурда, илим дүйнөсү Аллахтын ааламды жана андагы нерселерди жоктон жаратканын жана ар дайым кудурети менен башкарып тураарын кабыл алчу. Материализм болсо алгач Аллахтын табиятты ар дайым башкарып тураарын четке каккан. «Механизм» деп аталган көз-караш «ааламдагы жана табияттагы бүт системалар өзүнөн-өзү иштөөчү машиналарга окшош» деген ойду айтып чыккан. Механизмдин 18-кылымдагы алдыңкы өкүлдөрүнүн бири француз Пьер-Симон Лаплас болгон. Лаплас күн системасынын кыймылын гравитация мыйзамы менен түшүндүргөн жана бул теория жөнүндө суроолорду узаткан император Наполеонго берген жообунда чоң жаңылыштык кетирип, ааламдын кыймылын Аллахтын башкарып тураарын четке каккан.


19-кылымда бул жаңылыштыктар андан да күчөгөн: ааламдын жана жандыктардын бир гана кыймылын эмес, келип чыгышын да табият мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болот деген жалган тарай баштаган. Башкача айтканда, Аллахтын аалам менен табиятты башкарып тураары да, аларды жаратканы да четке кагылган. Мунун жол башчысы эволюция теориясы аркылуу «жандыктар табият мыйзамдарынын негизинде кокусунан пайда болгон» деген көз-карашты чыгарган Чарльз Дарвин болгон. 19-кылымда бир тараптан «аалам чексиз мурдатан бери бар (түбөлүктүү) жана табият мыйзамдары менен кокустуктарга гана баш ийет» деген «түбөлүктүү аалам модели» өкүмчүлүк кылган. 20-кылымдын башында материалисттер бүт баарын материалисттик теория менен түшүндүрө алабыз деп ойлошкон.


Бирок 20-кылымда эч алар күтпөгөндөй өзгөрүүлөр болду. Астрофизика жана биология тармактарындагы канчалаган илимий ачылыштар ааламдын жана жандыктардын жаратылганын далилдеди. Бир тараптан дарвинизмдин гипотезалары бир-бирден жокко чыгарылып жатканда, экинчи тараптан ааламдын жоктон жаратылганын көрсөткөн Чоң жарылуу (Big Bang) теориясы жана заттык дүйнөдө улуу тартип жана «кылдат жөнгө салуу» (fine tuning) бар экенин көрсөткөн илимий ачылыштар материализмдин негизсиздигин дагы бир жолу тастыктады.
Илимий журналдардын темалары да ааламды Аллахтын жаратканын
жарыялоодо: "Илим Аллахты тапты"; "Фред Хойл, Акылдуу аалам";
"Эволюция өлдү".
Бул эки маанилүү жагдай, б.а. дарвинизмдин илимий кыйрашы менен ааламдын жоктон жаратылганы жана «кылдат жөнгө салынганы» акыркы 20-30 жылда көптөгөн илимпоздор тарабынан баса белгиленди.
1970-жылдары пайда болгон «антроптук принцип» (anthropic principle) түшүнүгүнө басым жасаган физиктер менен астрономдор ааламдын кокустуктардан турбашын, тескерисинче бүт тарапта адамдын жашоосуна ылайыкташтырылган кереметтүү бир долбоордун жана жөнгө салуунун бар экенин көрсөтүштү. Мурдакы эмгектерибизде биз дагы буларга терең токтолгонбуз. (Харун Яхьянын «Ааламдын жаратылуусу» (Evrenin Yaratılışı), «Кереметтер тизмеги» (Mucizeler Zinciri) аттуу китептерин караңыз.)
Булардын баары ааламдын жана жандыктардын келип чыгышына байланыштуу. Башкача айтканда, 19-кылымда өкүмчүлүк кылган дарвинизмди жана «чексиз аалам моделин» четке кагат. Ааламдын жана жандыктардын кыймыл-аракеттери жөнүндөгү материалисттик көз-карашты, т.а. «механизмди» четке каккан далил болсо буга чейин мынчалык ачык көрсөтүлгөн эмес.
Бирок илимий ачылыштар буга мүмкүнчүлүк берген, ал тургай, зарылдыкты пайда кылган абдан маанилүү жыйынтыктарды чыгарды. Ааламдын жана жандыктардын келип чыгышын эле эмес, кыймыл-аракеттерин да материалисттик логика менен түшүндүрүүгө болбой турганы аныкталды.


Молекулярдык биологиянын жыйынтыктары


20-кылымда эволюция теориясы эң чоң соккуну молекулярдык биологиядан алды. Илимпоздордун айтуусу боюнча, организмдин эң негизги бөлүгү болгон клеткада «төмөндөтүүгө болбой турган комплекстүү» түзүлүштөгү сансыз молекулярдык машиналар бар. Ал машиналардын келип чыгышын дарвинизмдин акылсыз механизмдери, б.а. табигый тандалуу жана мутация менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт.
Молекулярдык биологиянын эволюция көз-карашын жокко чыгараары бүгүнкү күндө белгилүү жана теорияны сындаган көптөгөн молекулярдык биологдор тарабынан айтылып келүүдө. Бирок көп байкалбаган дагы бир жагдай бар: клетканын ичиндеги «молекулярдык машиналардын» жана башка кереметтердин бир эле келип чыгышын эмес, кыймыл-аракеттерин да кокустуктар же табият мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болбойт.
Муну менен эмнени айткыбыз келгенин бир мисал менен түшүндүрөлү. Клетканын маалымат базасы болгон ДНКны элестетели. ДНК ар бир клетканын ядросунан орун алган, абдан узун молекула тизмеги жана ал тизмекте клетканын жана ал клетка жайгашкан организмдин бардык физикалык жана химиялык түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтардын коддору жазылган. Бирок клетканын ичиндеги бул маалымат базасы өз алдынча эч нерсеге жарабайт. Анын колдонулушу да абдан маанилүү. Башкача айтканда, ичиндеги маалыматтар туура окулуп, ал маалыматтын негизинде керектүү нерселер өндүрүлүшү керек.
Клеткада кызмат кылган, «фермент» деп аталган молекулярдык машиналардын бир бөлүгүнө ушул милдет жүктөлгөн. Алар зарыл болгон белоктордун өндүрүшүнө керектүү маалыматты узун ДНК тизмегинен «таап», андан соң аны «окуу үчүн» спираль тепкич формасындагы ДНКны ачып экиге ажыратышат. ДНКдан керектүү маалыматтын копиясын даярдашат жана керексиз бөлүктөрдү аттап кетүү үчүн ДНКны бүгүшөт. Копия даярдалган соң, ДНКны кайра жаап, калыбына келтирип коюшат. Бул кереметтүү иштердин баарын секунданын миңден биринчелик кыска убакытта жасап бүтүшөт. Денеңиздин ар бир клеткасында секундасына орточо эки миң жаңы белок өндүрүлөт.1
Ферменттердин бул иш-аракеттери чындыгында абдан таң калыштуу. (Алардын  ДНКны копиялоодон тышкары да көптөгөн кызматтары бар.) Бирок буларга байкоо жүргүзгөн молекулярдык биологдордун көпчүлүгү таң калбаганга көнүп калышкан. Ошондуктан алардан ферменттер мынчалык татаал иштерди кантип жасашат деп сурасаңыз, «клетканын ичиндеги химиялык реакциялар, физикалык факторлор буга шарт түзөт» деп жооп беришет болушу керек. Бул түшүнүк боюнча, натрий менен хлорид кошулганда, анын натрий хлоридге (тузга) айланышы канчалык табигый нерсе болсо, б.а. химиялык реакциядан гана турса, ферметтердин иш-аракеттери да химиялык реакциялардан гана турат.

1. Клетканын ичи
2. Майлар
3. Белок молекуласы
4. Углевод байланыштары
5. Клетканын сырты

Бирок бул жооп туура эмес. Анткени, клетканын ичиндеги иш-аракеттердин маанилүү бөлүгү химиялык же физикалык факторлордон келип чыкпаган, «пландуу» иш-аракеттер. Мунун эң жакшы мисалдарынын бир бөлүгүн клетканын ядросунан эмес, бул китептин темасы болгон клетка мембранасынан көрө алабыз. Клетка мембранасы клетканын ичинде эмнеге муктаждык бар экенин «билгендей» болуп, клетканын сыртындагы заттарды муктаждыкка жараша кабыл алат же киргизбейт. Мындагы кереметти байкагандардын бири израильдик биофизик Джеральд Шредер болгон. Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттеринин катарына кирген Массачусетс технология институтунда (MIT: Massachussetts Institute of Technology) физика тармагында билим алып, биология тармагында көп жылдар бою изилдөөлөрдү жүргүзүп, көптөгөн илимий макалаларды жарыялаган жана ядролук изилдөөлөргө катышкан Шредер мындай деп жазат:


Ар бир клетканын каалгасы жаман заттарды сыртка калтырып, жакшы заттарды ичкери киргизген жана сыртка чыгарылышы керек болгон нерселерди, б.а. калдыктарды жана өндүрүлгөн пайдалуу нерселерди сыртка чыгарып турган бир кабыкча (мембрана) тарабынан кайтарылат. Эмненин ичке киргизилип, эмненин сыртка чыгарылаарын ким же эмне аныктайт?
Клеткада көптөгөн эшиктер бар жана алар «ичкери кирүүгө уруксат берүү керек» деген сигнал келгенде гана ачылат. Алардын кээ бирлери мембрананын бетиндеги чыңалуунун өзгөрүшүнө жараша ачылып жабылат. Кээ бирлери молекулярдык бир ачкыч келип, алардын кулпусун ачканда ачылып, башка бир молекуланын ичкери киришине мүмкүнчүлүк берет. Эгер белокту өндүрүүгө керектүү курулуш материалдарын жасоого байланыштуу бир белги керек болсо, ал ич тараптан берилет; бир нерв клеткасынын жанындагы бир клетканы кыймылдатышы керек болсо, анда белги сырттан келет. Мембрананын кандайдыр бир эшигин ачуу белгиси көптөгөн баскычтардан турат... Мындагы кабар жеткирүүчүлөр бул акылды кайдан алышат? Биологиядагы негизги курулуш материалдары, т.а. көмүртек, азот, кычкылтек, суутек, күкүрт жана фосфор качантан бери акылдуу болуп калышкан... Булар бири-бири менен биригип, молекулаларды пайда кылган атомдор гана. Бул атомдор дарбаза күзөтчүлөрү болуу эр жүрөктүгүн кайдан алышкан?2


Шредер бул маанилүү жагдайларга токтолгон соң, өзү да башынан өткөргөн, материализмге таянган билим берүүнүн жаңылыштыгын төмөнкүчө сүрөттөйт:
Клетка мембранасынын долбоору улуу бир мээнин чыгармасы... Мени булардын баарын табият жасаган деп окутушкан. Бирок «өз күчүнө таянган табият» көз-карашында олуттуу бир маселе бар... суулуу шарттарда булар (клетка мембранасын түзгөн липиддер жана фосфолипиддер) биригип, катмарларды жана шарларды пайда кыла алышат. Бирок шар менен клетканын ортосунда бир негизги айырма бар: бул клетка мембранасында максаттуу өткөрүүнү ишке ашыруучу эшиктерди түзгөн белоктордун жана молекулалардын планы.3
Көрүнүп тургандай, Шредер 18-кылымдан бери илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган «өз күчүнө таянган табият» көз-карашынын туура эместигин белгилеген. Жана Шредер «клетка мембранасынын кыймыл-аракеттери толугу менен табият мыйзамдарынан келип чыгат» деген көз-караштын (бул негизи материалисттик илимдин догмасы) туура эместигин айткан.
Шредер жашоону түзгөн молекулалардын «аң-сезимдүү» иш-аракеттерди жасаарын белгилеген:
Атомдон баштап адамга чейин, ар бир бөлүкчөдө, ар бир нерседе маалымат жана аң-сезимдүү акыл бар... Бул китепте менин алдымда мындай табышмак турат: бул аң-сезимдин булагы кайсы жерде? Бардык заттарды түзгөн элементардык бөлүкчөлөрдүн ортосундагы реакцияларды башкарган табият мыйзамдарында буга байланыштуу эч кандай белги жок.4
Бул жерде абдан маанилүү бир жагдай бар: заттын ичинде бир аң-сезим бар, бирок ал аң-сезимдин булагы зат эмес. Муну жандуу менен жансыз заттарды салыштырганда абдан жакшы түшүнө алабыз. Жандуу затта, мисалы бир клеткада аң-сезим апачык көрүнүп турса, жансыз затта мындай аң-сезим жок. Бирок клетканы түзгөн белоктор да, жолдо жаткан бир таштын молекулалары да атомдордон турат. Башкача айтканда, түпкү материалдары бир. Бирок таштагы молекулаларда эч кандай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттер жок болсо, клеткадагы молекулаларда таң калыштуу бир аң-сезим бар. (Болгондо да, эволюция теориясы ойлогондой, табияттагы жансыз заттардын жандуу организмдерге айлануу ыктымалдыгы эч качан байкалган эмес.) Джеральд Шредер да буга көңүл буруп, организмдердеги молекулаларда аң-сезим бар экенин белгилейт:
Биологиялык бир клетка менен натрий хлориддин химиясы бир, эрежелер жыйындысы бүт баарына бирдей. Бирок натрий хлорид эрежелерге механикалык түрдө баш ийсе, жашоо кандайдыр бир жол менен акылга, маалыматка ээ болуп, ошонун натыйжасында айланасынан энергия алууга, ал энергиянын маңызын бөлүп алууга жана ал энергия аркылуу биологиялык клетканын пландуу комплекстүүлүгүн кураштырып, сактоого жетишкен... Көмүртек менен бир канча элементтин биригишинен келип чыккан бул кыймыл-аракеттердин мынчалык «акылдуу» болушуна шарт түзгөн нерсе эмне деген суроо дагы деле табышмак.5

Клетканын ичинде аң-сезимди жана акылды
талап кылган сансыз иш-аракеттер жасалат.

Мээде сигналдарды чечмелеген аң-сезим клеткалардын
өзүнө тиешелүү эмес. Клеткадагы акыл жана аң-сезим
бизге Аллахтын бар экендигинин сансыз далилдеринин
бирөөсүн көрсөтөт.

Негизи бул жерде табышмак эмес, апачык бир чындык бар. Заттык (материалдык) дүйнөдөгү аң-сезим заттын өзүнө тиешелүү бир өзгөчөлүк эмес, ал жерде «чагылдырылган» бир өзгөчөлүк. Мунун мааниси мындай: заттык дүйнөдөгү кемчиликсиз аң-сезим Аллахтын бар экендигинин илимий далили. Денебизди түзгөн молекулалар Аллахтын илхамы менен алардан күтүлбөй турган акылдуу кыймыл-аракеттерди жасоо аркылуу негизи аларды жараткан Улуу Аллахтын чексиз акылын бизге дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Аллах бүт ааламды жоктон жараткан жана жараткан ааламын, ал ааламдагы жандуу-жансыз заттардын бүт баарын, ар дайым башкарып турат.
Раббибиз бизге жол көрсөтүүчү катары түшүргөн Куранда Өзүнүн бүт нерсени чексиз илими менен ороп-курчап тураарын төмөнкүчө кабар берген:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок... (Худ Сүрөсү, 56)


Ааламды курчап турган аң-сезим Аллахка тиешелүү


Кээ бир далилдери бул китепте да каралгандай, он сегизинчи жана он тогузунчу кылымдарда «механизм» жана башка материалисттик түшүнүктөр менен жолго чыккан илим дүйнөсү бул теорияларга канчалаган аракеттерди жумшаган соң, ааламдын жана жандыктардын жоктон жаратылганына жана ар дайым башкарылып тураарына күбө болду.
Аллахтын чексиз илиминин далилдери бүт ааламды курчап турат. Илим табиятты изилдеген сайын бул маалыматтар ачыкка чыгууда. Бул маалыматтарды затка ыйгаруу (т.а. заттын өзүнүн чыгармасы же өзгөчөлүгү сыяктуу көрсөтүү) максатында жасалган эки кылымдык аракеттер ийгиликсиз аяктады. Дарвин, Лаплас, Фрейд, Энгельс сыяктуу бардык материалисттердин жаңылганы аныкталды.
Бул китепте бир клетканын ичинде болуп жаткан процесстердин мындан 30-40 жыл мурда элестетүүгө да болбой турганчалык татаал, пландуу жана «акылдуу» экендигин карайбыз. Бир нерсени унутпаш керек: биз сөз кыла турган молекулалардын эч биринде алардын жасаган «акылдуу» иштерин пландап, ишке ашыра турган бир акыл жок. Бул молекулалардын иш-аракеттеринде теңдешсиз бир акыл бар, бирок ал акылдын булагы заттын өзү эмес. Бул улуу акыл Чоң жарылуудан (Big Bang) кийин келип чыккан кереметтүү тең салмактуулуктарда, эбегейсиз чоң жылдыздардын ичиндеги ядролук реакцияларда, элементтердин жашоо үчүн эң идеалдуу түзүлүштөрүндө да бар. Шредер айткандай, «бир аң-сезим, бүткүл ааламдык бир даанышмандык ааламды курчап турат».6
Ааламды курчап турган бул аң-сезим Улуу Аллахтын чексиз илими жана акылы. Курандын бир аятында кабар берилгендей:

Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)

Ааламдагы кылдат тартип Раббибиз Аллахтын бар экендигин көрсөтөт
жана бизге Раббибиздин чексиз илимин таанытат.


Булактар:

1. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 68.
2. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 68-69.
3. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 70-71.
4. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 11.
5. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 65.
6. Gerald Schroeder, The Hidden Face of God, Touchstone, New York, 2001, s. xi.



Hiç yorum yok:

Yorum Gönder