Нейрон деп аталган нерв клеткаларынын, башка клеткалардан
айырмаланып, дендрит жана аксон деген бөлүктөрү бар. Дендрит көп сандагы кыска
бутактардан турат жана клетканын тамырлары сыяктуу. Дендриттердин бутактуу
түзүлүшү башка нейрондордон жана кабылдоочу клеткалардан сигналдарды алып,
клетканын тулку боюна өткөрүү үчүн зарыл. Аксондор болсо клетканын тулку боюнан
чыккан узун, бир гана бөлүктөн турган, сигналдар жиберилүүчү ички жипчелер жана
мээге сигналдарды жеткирүү милдетин аткарат. Нерв клеткалары ушул узун
тизмектерден турган, татаал бир желеге окшош.
Ар бир клетка мембранасынын айланасында электрдик заряд
бар. Бардык нейрондор энергиясын берүүгө даяр турган, кичинекей биологиялык
батареялар сыяктуу. Иондор болсо нерв клеткаларынын ичинде жана сыртында
жайгашкан электрдик заряды бар молекулалар. Мындан улам клетка мембранасында
электрдик зарядда айырмалар келип чыгат. Адамдардагы нейрондор сигнал жибериши
үчүн орточо минус 50 милливольттук (бир милливольт вольттун миңден бирине
барабар) заряд керек.50 Нерв сигналы аксондон
өткөрүлөт. Ар бир сигналдан соң клетка мембранасынан калий иондорунун агымы
келип чыгат. Нейрон ар бир сигналдан соң кайрадан заряд алышы керек. Ал үчүн
нейрон керектүү потенциалга жеткенге чейин айланасынан иондорду кайра топтойт.
![]() |
| Нерв клеткасынын (нейрондун) жалпы түзүлүшү |
Нейрондун бир сигнал жибериши секунданын миңден
биринчелик убакытты талап кылат. Ошондуктан секундасына эң көп 1000 сигнал
жибериле алат. Бирок көбүнчө 1 секундада 300-400дөй сигнал жиберилет. Нерв
клеткалары адамдарда узундугу жагынан айырмаланат.51 Нерв клеткаларында сигналдардын жиберилиши
секундасына үч метрден жүз метрге чейин өзгөрөт.52
Даунстейт Медицина борборунда нейрофизик катары
эмгектенген профессор Питер Саклинг клетка мембранасына болгон таң калуусун
мындайча белгилеген: «бул ичке клетка мембранасы электрдик чыңалууну башка
көптөгөн изоляция материалынан жакшыраак сактайт. Изоляция күчү жогору. Күчтүү
болушу керек жана ошол эле учурда абдан ичке.»53
Нерв клеткаларынын клетка мембранасында иштелип чыккан
электр энергиясы аркылуу сигнал алмашуусу, бир жерден экинчи жерге маалымат
жибериши, дененин функцияларынын нормалдуу улантылышына шарт түзүшү ойлонуу
керек болгон кереметтерден. Клеткада иштелип чыккан бул электрдик сигналдар
керектүү жерге барып, ал жердеги клеткага кандайдыр бир маалыматты жеткирет. Ар
бир клетка ага келген билдирүүнүн эмне мааниге келээрин билет жана ошого жараша
иш-аракеттерди баштайт. Бул процесстер абдан терең ойлонуу керек болгон,
кереметтүү кубулуштар. Клеткалардын ортосунда мындай кемчиликсиз иштеген бир
система болбосо, организм жашоо функцияларын уланта албайт. Мындай аң-сезимди
жана акылды талап кылган, кемчиликсиз система кантип пайда болгон? Аң-сезимсиз атом
жана молекула жыйындылары өз алдынча чечим чыгарып, клеткаларды пайда кылган,
андан соң клеткалардын ортосунда кокусунан ушундай система пайда болуп калган
деп айтууга, албетте, болбойт. Мындай пландуу бир системанын бар болушу бизге
организмдердин жаратылганын далилдейт. Илимпоздорду айран таң калтырган микро
өлчөмдөгү бул кереметтүү түзүлүш бүт нерсенин Жаратуучусу Раббибизге тиешелүү.
Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып,
ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)
![]() |
| Сигналдын нейрондон өтүүсү |
Эс алуу абалындагы нейрон
Бир нерв клеткасы сигнал жибербеген учурда эс алуу
абалында болот. Бирок бул нейрон толугу менен кыймылсыз турат деген мааниге
келбейт. Ар дайым кошуна нерв клеткаларынан келе турган сигналдарды жиберүүгө
даяр турушу шарт. Эс алуу абалындагы нейрон ар дайым уюлдашкан болушу зарыл.
Бул ичтеги суюктуктун сыртка салыштырмалуу терс заряддуу болушу дегенди
билдирет. Бир нерв клеткасынын мембранасында болжол менен 70 милливольттук
электрдик потенциал болот. Бул «мембрана потенциалы» же «эс алуу потенциалы»
деп аталат. Аздай көрүнгөнү менен, бул кичинекей клетканын фонариктин
батареясынын 1/20дей чыңалууну иштеп чыгышы деген мааниге келет жана аксон
мембранасында электрдик иш-аракет потенциалын пайда кылат. Бул эс алуу
потенциалы кантип пайда болот жана кантип сакталат?
Аксондун сыртында натрий (Na+) жана хлор (Cl-) иондору
бар, ичинде болсо заряддуу белоктор жана калий (K+) иондору жайгашкан. Клетка
мембранасы менен анын сыртынын ортосундагы электрдик тең салмаксыздык
мембранада эс алуу потенциалын пайда кылат. Заряддуу иондордон турган бул тең
салмаксыздыкка болсо клетка мембранасынын иондорду тандап өткөрүү касиети шарт
түзөт. Натрий, калий жана хлор иондору клетка мембранасынан өткөнү менен, чоң
заряддуу белоктордун ичкери кирип, электрдик потенциалды пайда кылышына чек
коюлган.
Бирок муну менен эле маселе чечилбейт, себеби клетканын
ичиндеги калий иондорунун (K+) саны натрий иондорунан (Na+) ар дайым көп,
ошондой эле клетканын сыртындагы натрий иондорунун (Na+) саны калий иондорунан (K+)
ар дайым көп. Ион тең салмактуулугу түзүлүшү үчүн нерв клеткасындагы
тыгыздыктар тескериге айланышы керек.
Клетка муну жогоруда сүрөттөлгөн ион насостоо ыкмасын
колдонуу аркылуу камсыз кылат. Натрий-калий насосу – бул клетка мембранасында
бир каналды пайда кылган чоң белок молекуласы. Бул насос АТФдан (аденозинтрифосфат:
организмдер түздөн-түз колдонуучу клеткалык энергия молекуласы) энергия алат
жана натрий (Na+) иондорун сыртка чыгарып, калий (K+) иондорун ичкери киргизет.
Ошентип клетканын ичи менен сыртындагы иондордун катышын керектүү деңгээлде
сактайт. Мембрананын сырткы бетинин ар бир микрометр квадратында 100дөн 200гө
чейин натрий-калий насосу жайгашат. Ар бири секундасына 200 натрий ионун сыртка
чыгарып, 130 калий ионун ичкери киргизет.
Кыймыл потенциалы жана сигнал жиберүү
Бир нейрон башка бир нейрон же чөйрө тарабынан
стимулданганда сигнал башталат. Ошол замат сигнал аксон аркылуу жол жүрүп,
мембранадагы потенциалдын бир заматта тескериге айланышына себеп болот. Анткени,
нейрондун мембранасында иондорду өткөрүүчү миңдеген белок каналдары, б.а.
дарбазалары бар. Бул дарбазалар көбүнчө жабык болот. Сигнал болгондо натрий
каналдары ачылып, оң заряддуу натрий иондору ичкери кирет. Ушул себептен клетка
мембранасынын ичи сыртка караганда убактылуу көбүрөөк оң зарядга ээ болот жана
эс алуу потенциалы тескериге айланат. Бул мембрананын потенциалын +50
милливольтко жогорулатат. Заряддардын минтип тескериге айланышы «кыймыл
потенциалы» деп аталат. Кыймыл потенциалы учурунда калий дарбазалары ачылып, оң
заряддуу калий иондору сыртка чыгат. Бул эс алуу потенциалын кайрадан тең
салмакка алып келет, ошентип нейрондун ичи кайра мурдакыдай терс заряддуу,
сырты болсо оң заряддуу болуп калат.
Бул процесстин баары бир нерв сигналынан башталат. Ошондуктан
сигналдардын жиберилишин домино таштарына салыштырууга болот. Ар бир домино
ташы кулаганда жанындагысын да кулатат. Анан сигнал өткөн соң, домино таштары
өздөрүн кайра оңдоп, өйдө турушат, ошентип кийинки кыймыл потенциалына
даярданышат.
Синапс жолдору
Адамдын нерв системасы миллиарддаган нерв клеткасынан
турган, татаал желе. Нерв клеткалары бири-бири менен жана дененин башка
клеткалары менен «синапс» аттуу аймактар аркылуу байланыш түзүшөт. Кошуна нерв
клеткалары бири-бирине абдан жакындап, бирок толук тийбеген кичинекей бөлүктөр
синапстар деп айтылат. Бири-бирине тийбегени үчүн, сигналдар бир клеткадан
экинчисине түздөн-түз өтпөйт, нерв өткөргүчтөрү (нейротрансмиттер) деп аталган
химиялык ортомчулар аркылуу көңдөйлөрдөн өткөрүлөт.
Биринчи клеткага бир сигнал келгенде, бул ал клетканын
клеткалардын ортосундагы көңдөйгө кээ бир нерв өткөргүчтөрүн бөлүп чыгарышына
себеп болот. Нерв өткөргүч (нейротрансмиттер) молекулалар бул көңдөйдө
диффузияга туш болот, б.а. тыгыздыгы азыраак чөйрөгө өтөт жана экинчи клетканын
кабылдоочу белок молекулаларына байланат. Нерв өткөргүчтөрүнүн жана кабылдоочу
молекулалардын өтө көп түрү болгондуктан, синапстан өткөрүү процесси ылдам
(секунданын миңден бири) же жай (секунданын жүздөн бири) боло алат. Химиялык заттар
экинчи клетканы же кыймылга келтирет же токтотот. Ошондуктан синапстар нерв
системасында маалыматты өзгөртүү же процесске киргизүү кызматын аткарат, бул
өзгөчөлүгүнөн улам мээдеги синапс функциясы үйрөнүү жана эс-тутум менен
байланышта.
Нейрондор синапс аттуу байланыш чекиттери аркылуу
билдирүүлөрдү алганда жана жибергенде, бул чекиттерде химиялык сигнал алмашуусу
орун алат. Мээбиздеги нерв клеткаларынын жүз триллион байланыш чекити бар. Бул
чекиттерде абдан көп молекулалардын агымы жүрөт жана ал тынымсыз уланат. Бул
агымдын качан токтоп, качан башталышы керек экенин «ион» деп аталган электрдик
заряды бар химиялык заттар жана ошондой эле чоң-кичине, ар кандай белок түрлөрү
айтышат.
Мембранадагы хлорид каналынын өзгөчө долбоору
«Nature» журналынын 2002-жылы 17-январьдагы санында рентгендик
кристаллография ыкмасын колдонуу аркылуу алынган хлорид ион каналынын үч
өлчөмдүү сүрөттөлүштөрү жарыяланды. Говард Хьюз атындагы медицина институтунун
изилдөөчүсү, Рокфеллер университетинин кызматкери Родерик Маккиннон жана анын
командасы хлорид иондорунун клетка мембранасынан эң натыйжалуу өтүшүнө
ыңгайлаштырылып долбоорлонгон белок архитектурасын аныкташты.1 Родерик Маккиннон бул комплекстүү түзүлүш
жөнүндө мындай дейт:
Бул татаал түзүлүш. Илимпоздор хлорид ион каналынын
көптөгөн тараптарын аныктап, сонун иш жасашты... анионду [терс заряддуу атом]
иргөөнүн физикалык принциптерин түшүнүү үчүн атомдук түзүлүшүн билүү керек. Бул
түзүлүш ушунчалык татаал болгону менен, табиятта хлориддей бир анионду клетка
мембранасынын ичинде тең салмакта кармоо үчүн белоктун кантип жөнгө салынганын
көрсөткөн бир нукура белги (ишарат).2
Электрдик заряддуу иондорду организм ар кандай
сигналдарды алмашуу, жүрөктүн ритмин башкаруу, нерв сигналдарын пайда кылуу
жана гормондорду бөлүп чыгаруу үчүн колдонот. Жогоруда да айтылгандай,
клеткалар клетканын ичи менен сыртынын ортосунда электрдик заряддардын
айырмачылыгын пайда кылып, сигнал жиберүү үчүн иондорду колдонушат. Иондор
заряды бар учурда майдан турган мембрананын ордуна, суунун ичинде болууну
каалашат. Бир ионду башкасынан айырмалай алган ион каналдары бул маселенин
чечүү жолун сунуштагандай эле болушат.
Адамдарда тогуз түрдүү хлорид ион каналы бар жана алар бөйрөктөрдө
туздун алынышы, булчуңдардын жыйрылышы сыяктуу ар кандай функцияларды аткарат.
Хлорид ион каналы түзүлүшү жагынан калий ион каналынан толугу менен
айырмаланат. Калий ион каналы ичи сууга толгон, пирамида формасындагы бир
көңдөйчөсү бар чоң көңдөйдөн турса, хлорид каналынын эки көңдөйү бар жана экөө
тең ортодо кысылып, кум саат формасында болот. Илимпоздор, ошондой эле, каналды
түзгөн белоктун курамдык бөлүктөрүнүн эки каналда толугу менен эки башка
формада түзүлгөнүн аныкташты. Калий каналында белоктун төрт курамдык бөлүгү бир
көңдөйдү пайда кылат. Хлорид ион каналында болсо белоктун ар бир курамдык
бөлүгүнүн өзүнүн көңдөйү бар жана курамдык бөлүктүн эки жарымы эки кабаттуу
айлануу симметриясы деп аталган карама-каршы багыттарга ээ.
Бул түзүлүштү аныктоо илимпоздордун клетканын ичинде
керектүү ион концентрациясын сактоо үчүн каналдын кантип ачылып жабылаарын
түшүнүүсүнө көмөкчү болот деп айтылууда. Көрүнүп тургандай, илимпоздор
технологиялык жетишкендиктерге карабастан, өздөрүнүн денесинин бир бөлүгүн
түзгөн клетка мембранасында болуп жаткан татаал процесстерди да толук чечмелей
алган жок. Хлорид ион каналдарын изилдеген Р. Маккиннон клетканын дарбазасы деп
аталган бул түзүлүштөрдүн эми гана чечмеленип башталганын, ион каналынын кантип
дарбазанын милдетин аткараарын түшүнүү үчүн эксперименттерди улантуу керек
экенин айткан.3
Клетка мембранасынын түзүлүшү хлорид ионунун клетканын
ичине киргизилишине атайын ылайыкташтырылган. Клетка мембранасы канчалаган
тоскоолдуктарга карабастан, өзгөчө чечүү жолдорун сунуштап, керектүү ионду
ичине киргизүүдө. Албетте, мындай чечүү жолун акылы жана аң-сезими жок
молекулалар ойлоп таба албайт. Бул долбоор Аллах клеткаларыбызда жараткан
комплекстүү системанын бир бөлүгү.
1. R.
Dutzler, E.B. Campbell, M. Cardene, B.T. Chait & R. Mackinnon, "X-ray
structure of a ClC chloride channel at 3.0 A reveals the molecular basis of
anion selectivity", Nature, no. 415, 17 Ocak 2002, ss. 287-294.
2.
http://www.hhmi.org/news/mackinnon5.html; “Images Reveal How Body Regulates
Salt Uptake in Cells”, Howard Hughes Medical Institute News.
3.
http://www.hhmi.org/news/mackinnon5.html; “Images Reveal How Body Regulates
Salt Uptake in Cells”, Howard Hughes Medical Institute News.
Мээ клеткаларынын иргөө жөндөмү: «кан-мээ тосмосу»
Мээде кандагы керектүү азыктарды ичкери киргизип, бирок
нерв клеткаларынын иштөөсүнө бөгөт болуучу заттарды сыртта калтыруучу атайын
күзөтчүлөр бар. Алар мээдеги нерв тканьдары менен кандын ортосуна тосмо коюп,
кандагы заттардын мээге кирүүсүгө бөгөт болушат. Бул тосмо мээдеги кан
тамырларды тыбыттай каптаган эндотелий клеткаларынан түзүлөт. Кан менен мээ
клеткаларынын ортосундагы тосмонун зарылдыгы нерв клеткаларынын туруктуу
химиялык чөйрөгө муктаж болушу менен байланыштуу. Эгер мындай тосмо болбогондо,
глюкоза, аминокислота, гормон же башка кошулмаларды көбөйтө турган
тамак-аштарды жегенибизде же көнүгүү жасаганыбызда, нейрондук иш-аракеттер
көзөмөлдөн чыкмак, ал тургай, туталакка (эпилепсияга) туш болмокпуз.
Мээнин ичиндеги сансыз капиллярлар мээге азык алып келип,
калдыктарды сыртка чыгарат. Мээдеги эндотелий клеткаларында кандагы заттардын
клетка мембранасынан өтүп, нерв тканьдарына жетишине бөгөт коюучу атайын
байланыш чекиттери бар. Ошондуктан эндотелий клеткалары кан менен мээнин
ортосунан дээрлик эчтеке өткөрбөйт. Бирок мээге кычкылтек, глюкоза жана
аминокислоталарды камтыган заттар да керек. Эгер тосмо эч нерсе өткөрбөгөндө,
мээ азыксыз калып, өлүмгө дуушар болмок. Бирок «кан-мээ тосмосунун» керексиз
заттарды сыртта калтырып, ошол эле учурда мээ үчүн өтө зарыл болгон
молекулаларды өткөрүүчү атайын механизмдери бар.
Жалпысынан майда ээрүүчү молекулалар кан-мээ тосмосунан
токтоосуз өтө алышат. Алардын арасында никотин, этанол жана героин да бар.
Бирок майда ээрибеген заряддуу молекулалар атайын ташуу системаларын талап
кылса, мээге же өтө жай кирет же такыр кире албайт. Булардын арасында белок
сыяктуу чоң молекулалар же натрий сыяктуу кичинекей молекулалар бар. Мээге эң
керектүү болгон, негизги энергия булагы глюкоза жана мээ өндүрө албаган
аминокислоталар майда ээрибейт. Ошондуктан бул заттар атайын жеткирүүчүлөрдүн
жардамы менен клетка мембранасынан өткөрүлөт. Адамдын мээси бир күндө 120
граммдан ашуун глюкоза колдонот. Бирок эң көп 2 граммын гана сактап койо алганы
үчүн, тосмодон тынымсыз глюкоза алып турушу керек.
Ушул муктаждыкты камсыздоо үчүн, ар бир эндотелий
клеткасында кандан көп өлчөмдө глюкозаны алып коюучу көптөгөн ташуучулар жайгашкан.
Глюкоза ташуу системасы дененин эң жигердүү иштеген ташуу системасы. Бул
канттын абдан аз бөлүгү гана клетканын өзү тарабынан колдонулуп, калганы мээге
жиберилет. Бирок ташуучу молекулалардын түзүлүшү илимпоздор үчүн дагы деле
табышмак бойдон калууда. Ташуучулар, сыягы, клетка мембранасында глюкоза өтө
турган каналдарды ача алуучу бир же бир канча белок молекуласы болушу керек,
бирок түзүлүшү дагы деле изилденүүдө.
Аминокислоталарды ташуучу системалар болсо алда канча
татаал. Анткени, 20 аминокислотанын ар биринин молекулярдык түзүлүшү ар башка.
Аларды химиялык түзүлүшүнө жараша төрт топко бөлүүгө болот: чоң нейтралдуу,
чакан нейтралдуу, базистик жана кычкыл. Ар бир категориянын өзүнүн ташуу
системасы бар. Глюкоза ташуучулары сыяктуу, чоң нейтралдуу аминокислоталардын
ташуучулары да тосмонун эки тарабында тең жайгашат, бул аминокислоталардын
мээге киришине жана андан чыгышына шарт түзөт. Чакан нейтралдуу
аминокислоталарды болсо мээ клеткалары синтездей алат, ошондуктан аларды мээге
жеткирүүчү системаларга зарылдык жок.
Кан-мээ тосмосу жөнүндөгү ойлор биринчи жолу 19-кылымдын
аягында немец бактериолог Пол Эрлихтин изилдөөлөрүнөн келип чыккан. Бирок бул
көз-караш 1950-жылдары электрондук микроскоп иштелип чыккан соң гана
далилденген. Мээдеги капиллярлар көрүнүшү жагынан дененин башка аймактарындагы
кан тамырларга окшогону менен, өзгөчөлүктөрү жагынан айырмаланат. Биринчиден,
мээдеги капилляр клеткаларынын ортосундагы байланыштар абдан бекем. Клетка
мембраналары байланыш чекиттеринде сыдырмадай бири-бирине жуурулуп турат.
Дененин башка жерлериндеги капиллярларда болсо эндотелий клеткаларынын
ортосундагы байланыштарда боштуктар бар. Экинчиден, мээдеги капилляр
клеткаларында клетка мембранасынан суюктуктардын жана аралашмалардын өтүшүнө
көмөкчү болуучу пиноцитоз баштыкчалары абдан аз. Мээнин сыртындагы клеткаларда
болсо мындай баштыкчалар абдан көп.
Тосмонун маанилүүлүгү
Кан-мээ тосмосунун маанилүүлүгүн бул тосмо жок учурда
келип чыккан оорулардан жакшыраак түшүнө алабыз. Шишиктер, мээдеги тканьдардын
бузулушу жана паралич сыяктуу шишикти пайда кылган, суюктуктардын жана
белоктордун мээде топтолушунан келип чыккан шишиктер себеп болгон башка
ооруларда бул тосмо иштен чыгат. Эндотелий клеткаларынын капталдарында көбүрөөк
баштыкчалар пайда болгону үчүн, сызылып агуулар башталат же клеткалардын
ортосундагы бекем байланыштар начарлайт.
Тосмонун жабыркашы мээнин тканьдарында суюктуктун
топтолушуна жана коргошундан ууланууга себеп болот. Изилдөөлөр боюнча, металл
алгач эндотелий клеткаларына, андан соң астроциттерге кирет. Кандагы коргошун
тосмону бузган соң мээ башка заттардын чабуулунан жакшы коргоно албай калат.
Кан-мээ тосмосу учурда пассивдүү эмес, кан менен мээнин
ортосундагы динамикалык бир түзүлүш деп айтылууда. Бирок бул тосмонун жана
ташуу системаларынын кантип корголоору жөнүндөгү маалыматтар дагы деле
жетишсиз.54
Денебиздин бүт тарабы атайын жашоого ыңгайлаштырылып
долбоорлонгон. Китептин башынан бери көптөгөн мындай долбоорлорду карадык. Бул
долбоорлорду изилдөөгө илимпоздордун ондогон жылдык эмгеги жумшалууда жана
натыйжада изилдөөчүлөрдү таң калтырган механизмдер аныкталууда. Адам баласы
өмүрүн улантышы үчүн бир гана мээ менен кан клеткаларынын ортосунан орун алган
бул тосмо эмне үчүн башка органдын клеткаларынын ортосунда эмес, дал керектүү
жерде, б.а. мээде жайгашкан? Клеткалар ал органдын, б.а. мээнин туруктуу чөйрөгө
муктаж экенин, ошондуктан клеткага кирген-чыккандарды жакшыраак көзөмөлдөө
керек экенин кайдан билишет? Албетте, клеткалар муну өз алдынча ойлонуп, анан
тосмо коюу чечимине келип, андан соң аны жасап мембраналарына орното алышпайт.
Бул кокусунан эч качан пайда болбойт. Анткени, мээ клеткаларындагы тосмонун өтө
маанилүү кызматы бар жана тосмо ошол максатка ылайыкталган татаал түзүлүш.
Ошондуктан бул жерде да жашоонун келип чыгышын табигый
кубулуштар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюционисттер кайра эле жооп таба
албай калышууда. Анткени, денебиздеги бардык татаал системалар бар болуп, бир
эле мээ клеткаларындагы тосмо жок болсо, кайра эле жашоо болмок эмес. Демек бул
тосмо эң башында эле, бардык системалар менен бирге, бар болушу керек. Эволюция
теориясынын пайдубалын түзгөн, «организмдер акырындап, баскычтардан өтүп
өрчүгөн» деген көз-караш, бул мисалдан да көрүнүп тургандай, чындыкка жатпайт.
Жыйынтыктасак, адам үчүн алдын ала көрүлгөн бул чара
Аллахтын бар экендигинин сансыз далилдеринин бири. Раббибиз аяттарда мындай деп
билдирет:
Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же
Биздин жараткандарыбыздыбы? Чындыгында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан
жараттык. Жок, сен (бул кереметтүү жаратууга жана алардын каапырдыгына) таң
калып калдың; алар болсо шылдыңдаганын улантышууда. (Саффат Сүрөсү, 11-12)
Булактар:
49. http://www.abe.msstate.edu/classes/abe4323/2002/cells/cells_ques.html
50. http://www.noteaccess.com/APPROACHES/ArtEd/ChildDev/1cNeurons.htm; [Coon, Dennis. Introduction to Psychology, Exploration and Application. St. Paul: West Publishing Company, 1989.]
51. http://www.noteaccess.com/APPROACHES/ArtEd/ChildDev/1cNeurons.htm; [Coon, Dennis. Introduction to Psychology, Exploration and Application. St. Paul: West Publishing Company, 1989.]
52. http://www.remarkablemedicine.com/Medicine/bodyelectricity.html
53. http://www.remarkablemedicine.com/Medicine/bodyelectricity.html
54. N. Ramlakhan, J. Altman, "Breaching the blood-brain barrier", New Scientist, vol. 128, no. 1744, 24 Kasım 1990.























