Жашоонун башталышы жөнүндөгү эволюция жомоктору
Эволюционисттердин алгачкы жандуу клетканын келип чыгышын
түшүндүргөн сценарийи боюнча, жашоо «байыркы сорподо» (первичный бульон),
башкача айтканда, органикалык кээ бир молекулалардан турган суюк аралашмада
башталган. Көптөгөн эволюционисттер бул байыркы сорпо океандар же көлдөр болгон
дешет. Бул сценарийде байыркы сорпонун ичиндеги жөнөкөй органикалык молекулалар
аминокислоталарды пайда кылган, андан соң алар белокторду пайда кылып, өзүн-өзү
копиялай алган молекулаларга айланышкан. Болжол менен 100 жылдан бери айтылып
келе жаткан жана ар кандай версияларда кайталанган бул «химиялык эволюция»
жомогунун бир дагы далили жок. Эч качан мындай процесс байкалган эмес. Ал
тургай, эң жөнөкөй курулуш материалдары болгон аминокислоталардын пайда
болушуна атмосферанын жалпы курамынын ыңгайлуу болбогондугу жана белоктордун
кокусунан пайда болушунун математикалык жактан ыктымалсыз экендиги белгилүү.
Бирок жаратылууну (жандыктарды бир Жаратуучунун жаратканын) кабыл алгысы
келбеген эволюционисттер дагы деле «химиялык эволюцияга» ишенишүүдө.
Эволюционисттердин эч бир илимий негизи жок бул сценарийи
боюнча, алгачкы жөнөкөй клетканын негизин түзгөн алгачкы молекулаларды ичине
киргизип коргой ала турган бир кабыкча, б.а. клетка мембранасы да башка клетка
органеллдери жана молекулалары менен бирге, бир убакта кокусунан пайда болушу
керек. Эволюционисттердин бул жөнүндөгү бир беткей пикирлерине бир мисал катары
белгилүү эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурттун сөздөрүнө токтолсок болот:
![]() |
| 1- Клетка мембранасы |
... клетка бир жагынан өзүн сырткы дүйнөгө жабууга,
экинчи жагынан кайра ал дүйнөгө ачууга мажбур... Сыртка ачык да, жабык да чек
араны түзүүнүн жолу – бул абдан «адистешкен», жогорку жөндөмдөр менен жабдылган
бир байланышты түзүү. Бул тандоо, айырмалоо милдеттерин эң мыкты аткара алган
бир байланыш болушу керек. Клеткага керектүү заттар жана энергия көлөмү
клеткага эч кыйынчылыксыз жете алышы керек, бирок ошол эле учурда жансыз сырткы
дүйнөнүн туруксуздуктары, толкундоолору клетканын ичиндеги биохимиялык
процесстерге эч кандай таасир тийгизбеши зарыл, аларды басаңдатып буза турган
деңгээлге жетпеши шарт. Башкача айтканда: клетка сырткы дүйнөнүн жана табияттын
ар түрдүү өзгөчөлүктөрүн кандайдыр бир жол менен айырмалай ала турган жана
аларды тандай ала турган абалда болушу керек. Сырткы дүйнөнүн факторлору, түздөн-түз
зат же энергия формасында болсун, клетканын жашоосуна керектүү муктаждыктар
тизмесинде болбосо, сыртта калтырылышы зарыл... Чындыгында клетканын (тагыраак
айтканда эволюциянын) бул жерде чечүү үчүн алдына койгон милдети парадоксалдуу
байланыштан турат. Бирок бул милдет аткарылмайынча, биз билген химиялык жана
физикалык себептерден улам, жашоо деген нерсе пайда боло алмак эмес. Эх, бүгүн
жашап жатабыз жана иш ушуларга чейин жетти, демек эволюция бул парадоксалдуу
абалдан да чыга алган... Эволюциянын мындагы колдонгон чечүү жолу же тагыраак
айтканда компромисси жарым-өткөргүч деп которууга боло турган «semipermeable»
мембрананы клетканын кабыгы катары иштеп чыгуу болгон. Бирок жарым-өткөргүч
термининин ипичке клетка мембранасынын таң калыштуу шык жана жөндөмдөрүн
чагылдыруудан абдан алыс экенин да айтпай коюуга болбос...82
Белгилүү эволюционист бир жагынан клетка мембранасындагы
комплекстүү, пландуу тандоо механизми жөнүндө сөз кылып, экинчи жагынан аны
мажбурлап эволюцияга байланыштырууда. Эч бир илимий далилге таянбастан, «эх,
бүгүн жашап жатабыз жана иш ушуларга чейин жетти, демек эволюция бул
парадоксалдуу абалдан да чыга алган...» деген догматикалык сөздөрдү айтууда. Бул
сөздөр эволюционисттердин илим түшүнүгүнө да жакшы мисал боло алат. Анткени,
эволюционисттер илимий ачылыштарга таянып жыйынтык чыгаруунун ордуна,
эволюцияны талашсыз бир догма катары кабыл алып, пикирлерин айтышат. Эгер
Дитфурттун сөздөрүн ачыгыраак тил менен жазууну кааласак, «эх, бүгүн жашап
жатабыз жана эволюция теориясынан башка эч бир түшүндүрмөнү кабыл албайбыз деп эң
башынан белгилеп алганбыз, демек...» деген сыяктуу бир сүйлөм түзүү керек
болот. Дагы бир жолу айгинеленгендей, эволюция теориясынын жалгыз таянычы
илимий далилдер эмес, философиялык себептерден улам бул теорияга болгон ишеним.
Эволюционисттер клетка мембранасына байланыштуу жүргүзгөн
эксперименттеринде да «клетка мембранасы кокусунан пайда болушу мүмкүн» деп
кыялданышууда. Илимий маалыматтарга туура келбеген, жараксыз эксперименттерге
карабастан, баары бир эволюционисттик пикирлерди айтышууда. Бул максатта
жасалган эксперименттердин биринде Чарльз Апель аттуу университетти бүтүргөн
бир студент жетекчилик кылган Санта-Круз Калифорния университетинин бир
изилдөөчүлөр тобу лаборатория шартында тузсуз суунун ичинде түзүлүшү кабыкчага
окшогон көбүкчөлөрдү алышкан жана бул түзүлүштөр жашоонун тузсуз сууларда
өзүнөн-өзү башталганына далил боло алат дешкен.83 Бирок бул сөздөр илимге туура келбейт жана
эволюционисттердин материалисттик ишениминен улам чыгарган бир беткей пикирлери
гана. Алдыда мунун себептерин тереңирээк көрсөтөбүз.
Лабораторияда алынган кабыкча клетка мембранасы сыяктуу комплекстүү бир түзүлүш эмес
Ушул күнгө чейин эволюционисттер жашоо океандарда, б.а.
туздуу сууда пайда болгон деп айтып келишкен. Бирок туздуу сууларда жасалган
эксперименттерде мындай кабыкча пайда болгон жок. Жогоруда айтылган
экспериментте болсо тузсуз суу колдонулган жана кабыкчага окшош түзүлүштөр,
б.а. баштыкчалар алынган.
Эң биринчиден, бул баштыкчалардын лабораторияда алынышынын
«ДНК, клетка, клетканын ичиндеги органеллдер жана белоктор бир көлчүктө,
өзүнөн-өзү пайда болгон» деген гипотезага колдоо көрсөтпөй турганы анык. Мунун
себептери кыскача төмөнкүдөй:
1. Лабораторияда алынган кабыкчада клетка мембранасынын
касиеттери жок. Албетте, химиялык жана физикалык факторлор кээ бир
молекулаларды (гидрофобдук же гидрофильдик болгонуна жараша) суунун ичинде
бириктириши мүмкүн. Бирок бул кабыкча клетка мембранасына окшошпойт. Анткени, клетка
мембранасынын эң маанилүү өзгөчөлүгү, китептин башынан бери айтылып келе
жаткандай, клетканын ичи менен сыртынын ортосунда тандап өткөрүү касиети жана
буга мүмкүнчүлүк түзгөн комплекстүү дарбаза системаларына ээ болушу.
Эволюционисттер болсо клетка мембранасын жана ДНК сыяктуу
молекулаларды атайылап жөнөкөй түзүлүштөрдөй көрсөтүшөт. Ошентип бул
түзүлүштөрдү кокусунан пайда болгон деп айта алабыз деп ойлошот. Ошондуктан лабораторияда
алынган өтө жөнөкөй бир кабыкчаны да бул өтө татаал түзүлүштөрдүн алгачкы
этабындай көрсөтүүгө аракет кылышууда. Иш жүзүндө болсо, лабораторияда алынган
кабыкчанын клетка мембранасына эволюцияланышы, убакыттын өтүшү менен, кокусунан
клетка мембранасынын касиеттерине ээ болушу мүмкүн эмес. Муну көрүү үчүн клетка
мембранасынын өзгөчөлүктөрүнөн бир канчасын эле ойлонуу жетиштүү болот.
- калыңдыгы 1 миллиметрдин жүз миңден бириндей болгон
клетка мембранасы органеллдердеги процесстер жана клетканын жашоосу уланышы
үчүн, клетканын сырткы чөйрөсүндөгү сансыз химиялык заттардын арасынан клеткага
керектүүлөрүн таанып, бир гана ошолорду ичкери киргизет. Башкача айтканда,
кереметтүү таануу жөндөмү бар.
- абдан үнөмдүү; клеткага керектүү көлөмдөн ашыкчасын эч
качан ичкери киргизбейт.
- муну менен эле чектелбейт; бир жагынан клетканын
ичиндеги зыяндуу калдыктарды заматта аныктап, кечиктирбей сыртка чыгарат.
- клетка мембранасынан ичке жана сыртка кээде өтө чоң
молекулалар өткөрүлөт. Мындайда клетка мембранасы эч бир зыян көрбөстөн аны
өткөрөт. Клетка кабыкчасынан баштыкчаларды жасайт. Ал баштыкчалар аркылуу
топтоо жана жеткирүү иштери жасалат. Мисалы, пиноцитоз деп аталган процессте
клетка мембранасы бир аз ичин көздөй ийилет жана пайда болгон чуңкурдун ичине
клетканын сыртындагы молекулалар кирет. Ал чуңкур ичин көздөй тартылып,
клетканын ичине кирип, бир баштыкчага айланат. Кандайдыр бир мааниде клетка
өзүнө керектүү заттарды жутат.
- экзоцитоз деп аталган процессте болсо клетка ичинен бир
баштыкча жасайт. Калдыктарга толтурулган ал баштыкчаны мембранадан сыртка
чыгарат. Ошентип баштыкчанын ичиндеги заттар сыртка чыгарылат.
Май молекулаларынан турган клетка мембранасы бүт бул
процесстерди жасай алуу үчүн, клетканын ичиндеги бардык иш-аракеттерди жана
өзгөрүүлөрдү билип, керектүү же ашыкча заттардын тизмесин чыгарышы, запастарды
көзөмөлдөп, күчтүү эс тутум жана чечим чыгаруу жөндөмүнө ээ болушу керек. Ошондой
эле, чоң молекулаларды өзүнө зыян тийгизбей өткөрүү ыкмасын иштеп чыгып, түзүлүшүн
ошол ыкмага ылайыкташтырышы зарыл. Кокустуктар аң-сезимсиз молекулаларды
ушунчалык кемчиликсиз уюштуруп, укмуш комплекстүү системаны эч качан пайда кыла
албайт. Аң-сезимдүү жана билимдүү илимпоздор миллиондогон долларлык
каражаттарды жана өтө алдыңкы технологияны колдонуп, эч кандай функциясы жок,
болгону ичиндеги молекулаларды бир тон сыяктуу курчай алган бир кабыкчаны гана
жасай алышууда. Илимпоздордун колунан келбеген нерсени аң-сезимсиз молекулалар
менен кокустуктар жасай алган деп айтуу эч бир логикага туура келбейт.
2. Эволюционисттер эч түшүндүрө албаган нерсе клетка
мембранасынын пайда болушу менен эле чектелбейт. Эволюционисттер байыркы
сорподо алгач жөнөкөй клетка мембранасы пайда болуп, андан соң ал мембрананын
ичиндеги молекулалар өзүн-өзү копиялай алган, абдан комплекстүү молекулаларга
айланган дешет. Бирок мунун кантип ишке ашканы жөнүндө бир дагы түшүндүрмөлөрү
жок. Ал тургай, белгилүү эволюционисттер да мындай эволюциянын мүмкүн эместигин
мойнуна алышууда. Алардын бири Калифорния Солк институтунан эволюционист,
биохимик доктор Лесли Оргел мындай дейт:
Байыркы сорпону алуу оңой. Биз андан кийинки этапта
органикалык молекулалардан турган, ичинде аминокислоталар менен нуклеотиддерди
түзгөн органикалык заттарды камтыган байыркы сорпонун кантип өзүн-өзү копиялай
алган организмдерге эволюцияланганын түшүндүрүшүбүз керек. ... моюнга алышым
керек, эволюциялык процессти кайрадан түзүү үчүн жасалган мындай аракеттер эч
бир анык натыйжа берген жок.84
Клетканы түзгөн структуралардын жана органеллдердин ар
бири өз алдынча абдан комплекстүү өзгөчөлүктөргө жана дизайнга ээ. Булардын
кандайдыр бирөөсүнүн кокусунан пайда болуу ыктымалдыгы нөлгө барабар. Ошондуктан
илимпоздордун ондогон жылга созулган аракеттери ийгиликсиз аяктап, клетканын эң
кичинекей бөлүкчөсүн да лабораторияда окшоштуруп жасай албай келишүүдө.
Эволюционисттердин клетка мембранасын самындын көбүгү сыяктуу жөнөкөй бир түзүлүшкө окшотуу аракети
«Клетка мембранасы жасалды» деген жаңылыштыкка себеп
болгон дагы бир изилдөө –NASAнын AMES изилдөө борборунда бир изилдөөчүлөр
тобунун жасаган эксперименти. NASAда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча,
бул түзүлүштөрдүн «бүт жандыктардагы мембраналуу түзүлүштөрдүн өзгөчөлүгүнө ээ»
экендиги айтылган. Бирок эксперименттин мазмуну иликтенгенде, пайда болгон
түзүлүштөрдүн жандуу клетканын мембранасы менен эч кандай окшош өзгөчөлүктөргө
ээ эместиги көрүнөт. Эксперименттин натыйжасында алынган микроскопиялык шарлардын
теңдешсиз долбоорлонгон клетка мембранасынан физикалык жактан такыр башка
түзүлүштөр экендиги заматта байкалат.
Эң биринчиден, алынган шарлардын түзүлүшү бир катмарлуу
майдан турат. Ал эми жандуу клетканын мембранасы болсо бир Жаратуучунун долбоору
катары, ар дайым жуп катмардан турган липиддик түзүлүшкө ээ. АКШнын Улуттук
илимдер академиясынын «PNAS» аттуу журналында 2001-жылы 30-январьда жарыяланган
макаланын оригиналында алынган химиялык түзүлүштөр «бир катмардан турган самын
көбүктөрү» деп сүрөттөлгөн.85 «Амфифильдик» (эки башка чөйрөнү тең жакшы
көргөн) касиетинен улам ушинтип сүрөттөлгөн эксперименттин продукциялары жандуу
деп да айтыла алган эмес. Анткени, клетканы жандуу кылган функциялары менен
органеллдери, клетканы жакшы тааныган бардык биологдор билгендей, укмуш
комплекстүү, жана адамдар алигече иштеп чыгуу мындай турсун, окшоштуруп да
жасай алышкан жок. Ошентип бул эксперимент клетка мембранасынын теңдешсиз
түзүлүшүн дагы бир жолу көз алдыга тартуулады. Клетка мембранасынын жуп катмардан
турган липиддик касиетин ондогон илимпоздордун ошончо билими жана аракети менен
да туурай албаганы аныкталды. Жакынкы жылдарга чейин Германия федералдык физика
жана технология институтунун профессору жана Маалымат технологиясынын бөлүм
башчысы болуп эмгектенген профессор Вернер Гитт клеткадагы долбоор жөнүндө
мындай дейт:
Биологиялык энергия айлануу системасы ушунчалык таң
калыштуу жана акылмандык менен долбоорлонгондуктан, энергия инженерлери муну
сыйкырланган көз менен гана карашат. Ушул күнгө чейин эч ким мынчалык алдыңкы
даражадагы миниатюралык жана абдан натыйжалуу механизмди туурай алган жок.86
Бир молекула тизмегин «жандыктардагы мембраналуу
түзүлүштөрдүн касиеттерине ээ» деп айтуу үчүн, ал эң биринчиден клетканын
тандап-өткөрүү функциясын аткара алышы шарт. Бирок лаборатория шарттарында
канчалаган каражат коротуп, адамдардын күчүн жана билимин колдонуп алынган
натыйжа болгону «баштыкчага окшогон шар формасындагы» түзүлүштөр болду.
Эволюционисттер клетканын долбоорунун кантип келип
чыкканын эч түшүндүрө албаганы үчүн, анын комплекстүүлүгүн унуттуруп, клетканы
колдон келишинче «жөнөкөй» көрсөтүү аракетин жасашууда. Бирок бул аракеттерден
майнап чыкпайт. Уильям Хоман Торп, белгилүү эволюционист болгонуна карабастан,
«жандуу клеткалардын эң жөнөкөйүнүн механизми да адамзаттын ушул күнгө чейин
жасаган, ал тургай, кыялданган бардык машиналарынан алда канча комплекстүү»
деп, клетканын жөнөкөй эместигин мойнуна алууга мажбур болгон.87
Клетка мембранасынын милдети бир гана клетканы ороп туруу
эмес. Теңдешсиз функциялары менен клеткага жандуулук касиетин тартуулаган бул
мембрана улуу жөндөмү, эс тутуму жана акылмандыгынан улам клетканын мээси деп
кабыл алынат. Мурдакы бөлүмдөрдө терең сүрөттөлгөндөй, бул мембрана жуп
катмарлуу, ичин да, сыртын да караган май молекулаларынан турган бир дубалга
окшошот. Бул май бөлүкчөлөрүнүн арасында клеткага кирип-чыгууларды камсыз
кылган эшиктер жана мембрананын сырткы чөйрөнү таанышына шарт түзгөн
кабылдоочулар бар. Бул эшиктер менен кабылдоочулар белок молекулаларынан жасалган.
Клетка тосмосунун ичинде жайгашып, клеткага заттардын кирип чыгышын өтө кылдат
көзөмөлдөшөт.
Эволюционисттер «жандуулар өзүнөн-өзү, кокусунан пайда
болгон» деп айтуу үчүн, алгач жандыктарды жөнөкөй көрсөтүшү керек. Бирок илимий
маалыматтар көрсөткөндөй, жандыктар абдан комплекстүү жана жөнөкөйлүк менен эч
кандай байланышы жок. Жасалган эксперименттер жашоонун кокусунан келип чыгышы
мындай турсун, пландуу түрдө, эң жогорку технологияны колдонуу менен да
тууроого мүмкүн эместигин көрсөтүүдө. NASAнын лабораторияларында жасалган бул
эксперимент да кошо, бардык илимий ачылыштар «жашоо кокусунан келип чыккан» деп
эсептеген эволюция теориясын четке кагып, жаратылууну, б.а. жашоонун
жаратылганын тастыктоодо: кичинекей бир клеткадан адамга чейин, жер жүзүндөгү
бардык жандыктарды чексиз кудурет, акыл жана илимдин ээси Улуу Аллах жараткан.
Аллах Курандын бир аятында мындайча кабар берет:
Айткын: «Көрсөңөр кабар бергиле; Аллахтан башка
сыйынгандарыңар жерден эмнени жаратыптыр, мага көрсөткүлөчү?.. (Ахкаф Сүрөсү,
4)
Жашоонун келип чыгышын түшүндүрө албаган эволюционисттер жоопту космостон күтүшүүдө
Клетка мембранасын жасалма жол менен ала албаган
эволюционист илимпоздор космоско шылтоону чечишкен. Бир катар эволюционисттер
клетка мембранасын түзгөн жуп катмарлуу кошулмалардын булагын түшүндүрүү үчүн
«дүйнөнүн сыртынан заттар келген» деген көз-карашты чыгарышкан.88 Башында метеорит сыяктуу курамында көмүртеги
бар асман телолорунда узун көмүр-суутек (углеводород) тизмектеринен турган
кошулмалар бар экени аныкталган. Жогорудагы көз-карашты чыгаргандар муну далил
боло алат деп ойлошкон. Бирок кийинчерээк жасалган анализдердин жыйынтыгында
бул кошулмалардын жер шарына тийүүнүн натыйжасында пайда болгону аныкталган. Жакынкы
убактарда жасалган лабораториялык эксперименттер да жер жүзүндөгү амфифильдик
заттардын булагынын жер шары экендигин тастыктоодо.89
Эволюционист изилдөөчүлөр «бул кошулмалар алгачкы клетка
мембранасынын компоненттерин түзгөн болушу ыктымал жана керектүү компоненттер
пайда болгондо жуп катмарлуу мембраналар өзүнөн-өзү, бир заматта келип чыгышы
мүмкүн» дешет. «Алгачкы мембраналар» пайда болгон соң, алар фосфолипиддерден
турган жуп катмарлуу мембраналарга айланган деп ойлошот. Биологиялык
мембраналардын келип чыгышы жөнүндөгү бул эволюционисттик модельдер абдан эле
жөнөкөйлөштүрүлгөн түшүндүрмөлөрдү камтыйт. Эволюционист изилдөөчүлөр «алгачкы
клеткаларга» тиешелүү алгачкы клетка мембраналарын октан жана нонан кислоталары
менен аралашкан жыпар жыттуу көмүр-суутектерден (углеводород) пайда болгон
дешет. Бирок бул көз-караштар туура эмес. Анткени, октан жана нонан кислоталары
өтө жогорку тыгыздыкта гана жуп кабаттуу катмарларды пайда кыла алышат.90 Бул эволюционисттер элестеткен байыркы дүйнө
сценарийине туура келбейт. Мындан тышкары, октан жана нонан кислоталары жуп
катмарлуу кабыкчаларды пайда кылышы үчүн оор айлана-чөйрө шарттары талап
кылынат. Эки кошулма тең белгилүү pH деңгээлдеринде гана жуп катмарлуу
кабыкчаларды пайда кыла алышат.91 Эгер
аралашманын pH деңгээли нейтралдуу чоңдуктан алыстаса, октандык жана нонандык
жуп катмарлуу кабыкчалар туруксуз болот. Аралашманын температурасы да жуп
кабаттуу катмардын туруктуу болушунда чоң роль ойнойт.92 Мындан тышкары, октандык жана нонандык жуп
кабаттуу катмардын туруктуулугу белгилүү молекулярдык түзүлүштөгү заттардын
болушунан да көз-каранды. Мисалы, белгилүү бир этапта нонанол заты кошулганда,
нонан кислоталуу жуп катмарлуу кабыкча туруктуу абалга келет.93
Жуп катмарлуу кабыкчанын пайда болушуна керектүү бул
катуу талаптар «метеориттер же куйруктуу жылдыздар (кометалар) аркылуу жер
жүзүнө келген амфифильдик кошулмалар алгачкы клетка мембранасын пайда кылган»
деген божомолдорду четке кагат. Нонан кислотасынан жуп катмарлуу кабыкчалардын
пайда болушу (же кандайдыр бир амфифиль менен бир көмүр-суутек тизмегинен турган
жуп катмарлуу кабыкчалар) дарыянын тоонун чокусун көздөй агышындай ыктымалсыз. Себеби
ар кандай көптөгөн шарттар бир учурда түзүлүшү керек. Эгер жуп катмарлуу бир
түзүлүш пайда болсо, айлана-чөйрөдөгү шарттардын бир аз эле өзгөрүшү алардын
туруктуулугун жоготуп, биологиялык жактан эч кандай маанисиз мицеллаларга
(аралашмага тараган эң кичинекей молекула жыйындысы) айланышына себеп болушу
мүмкүн.
Мындан тышкары, фосфолипид пайда болгон соң, клетка
мембранасынын системалары сөзсүз түрдө өзүнөн-өзү бир жерге чогулбайт. Кээ бир
фосфолипиддер лаборатория шарттарында изилдөөчүлөрдүн кийлигишүүсү жана
көзөмөлү астында гана жуп катмарлуу бир кабыкчадан турган түзүлүштөрдү пайда
кылышат. Бул жуп катмарлуу кабыкча жыйындылары липосома деп аталган ичи бош шар
формасына айланышат. Липосомалар кыска убакыт гана тура алышат. Алардын
туруктуулугу убактылуу жана акырындап ээрип биригишет.94
Мисалы, адамдардагы эритроцит клеткалары 37°Cден (адамдын
нормалдуу дене температурасы) жогору тутулганда бузулууга дуушар болот. Клетка
мембранасындагы фосфолипид кошулманын өзгөрүшүнүн натыйжасында болсо оорулуу
тканьдар пайда болот. 1980-90-жылдары Улуттук медицина институтунда (NIH)
изилдөөчү болуп эмгектенген профессор Норман Гершфельд клетка мембраналарынын
белгилүү шарттарда гана пайда болуп, түзүлүштөрүн сактай алаарын, талап
кылынган физикалык жана химиялык шарттардын өтө кылдат жөнгө салынышы
керектигин аныктаган.95 Дүйнө жаңы пайда болгон
кездеги химиялык жана физикалык процесстердин клетка мембранасынын туруктуу
түзүлүшүн пайда кылышы мүмкүн эмес. Кокустуктар «туура» фосфолипид кошулмасын
пайда кылса да, температура же клетка мембранасынын кошулмасындагы кандайдыр
бир өзгөрүү бул түзүлүштү бузат. Бул түзүлүш бузулганда алгачкы клетка да жок
болот.
Көрүнүп тургандай, клетка мембранасынын назиктиги
жашоонун башталышы жөнүндө чыгарылган сценарийлерди четке кагып, жашоонун ар
бир баскычында Аллахтын жаратуу далилдерин көз алдыга тартуулайт. Биологиялык
мембраналардын пайда болушуна жана сакталышына керектүү абсолюттук талаптар бул
түзүлүштөрдүн табигый кубулуштар аркылуу пайда болушунун ыктымалсыз экенин
көрсөтөт.
Эч бир илимпоз жансыз заттардан алгачкы клетканы жасай
ала турган кандайдыр бир ыкманы ойлоп тапкан жок. Жашоонун келип чыгышы жөнүндө
изилдөөлөрдү жүргүзгөн, Йоханнес Гутенберг университетинин Биохимия
институтунун башчысы, профессор, доктор Клаус Дозе бул маселеге төмөнкүчө
токтолгон:
Жашоонун келип чыгышы багытында химиялык жана
молекулярдык эволюция тармактарында отуз жылдан ашуун убакыттан бери
жүргүзүлгөн бардык эксперименттер жашоонун келип чыгышы маселесине жооп
табуунун ордуна, маселенин канчалык чоң экендигин түшүнүүгө себеп болду. Учурда
бул жөнүндөгү бардык теориялар менен эксперименттер же туюкка кабылууда, же
болбосо маалыматтын жетишсиздигин моюнга алуу менен аяктоодо. Жаңы
көз-караштарды жана эксперимент ыкмаларын колдонуп көрүү керек... Илимпоздордун
арасында детальдуу эволюциялык этаптарга байланыштуу өтө чоң пикир
келишпестиктер пайда болду. Маселе пребиотик (жашоодон мурдакы) молекулалардан прогенотторго
өтүүгө шарт түзгөн негизги эволюциялык процесстердин далилдер менен
тастыкталбашы жана бул процесстер келип чыккан айлана-чөйрө шарттарынын
белгисиздиги. Ал тургай, бүт жандуу клеткалардын пайда болушуна себеп болгон
генетикалык маалыматтын каерде болгонун, алгачкы копиялана алган полинуклеотиддердин
(татаал нуклеин кислоталары, алгачкы ДНК) кантип эволюцияланганын же азыркы
клеткалардын ичиндеги укмуш татаал структуралык иш-аракет байланыштарынын
кантип келип чыкканын чындыгында билбейбиз... Сыягы, бул тармак эми бир туюкка,
божомолдор эксперименттерге же байкоолорго таянган кубулуштарга караганда
басымдуураак болгон бир абалга жетти.96
«Дүйнөнүн шарттары ылайыктуу болбосо, анда алгачкы клетка
космостон келсе керек» деген көз-караштын эч кандай мааниси жок. Анткени,
алгачкы клетканын өзүнөн-өзү, кокусунан пайда боло албашынын негизги себеби
клетканын укмуш комплекстүү түзүлүшү жана андагы теңдешсиз уюштуруу. Космостун
кайсы жерине барылбасын, клетканын кокусунан пайда болбой турганын көрсөткөн
физикалык, химиялык жана математикалык чындыктар өзгөрбөйт. Таштардын кокусунан
тизилип, 10 кабаттуу бир имаратты пайда кылышы жер бетинде канчалык ыктымалсыз
болсо, башка планетада да ошончолук ыктымалсыз. Клетканын кокусунан пайда болуу
сценарийи да ааламдагы бардык планеталарда бирдей деңгээлде ыктымалсыз.
Клетка комплекстүү түзүлүштөгү көптөгөн органеллдерден
турат: клетка мембранасы белгилүү кошулмалардын клетканын ичине киргизилишин же
клеткадан сыртка чыгарылышын камсыз кылат. Клеткага зыяндуу заттарды таанып,
аларды киргизбейт. Клеткалардын ичинде организм жөнүндөгү бардык маалыматтар
сакталган нуклеиндик кислоталар (ДНК жана РНК) бар. Аларда өтө чоң китепканадан
да көп маалымат сакталат. Ошондой эле, клеткада белокторду өндүрүүчү
рибосомалар болот. Рибосомалар белок жасоо үчүн ар бири ар кайсы функцияны
аткарган жүздөгөн белокторду колдонушат. Ар бир бөлүк укмуш комплекстүү. Бул
бөлүктөрдүн эч бири өз алдынча пайда боло албайт, булардын бирөөсү эле кем
болсо клетка пайда болбойт. Ошондуктан клетка эң башынан бардык органеллдери
жана бөлүктөрү менен бирге пайда болушу шарт. Эволюция теориясында айтылгандай,
майда бөлүктөрдүн миллиондогон жылдын ичинде акырындап биригиши эч мүмкүн эмес.
Көрүнүп тургандай, алгачкы клетканын пайда боло албашынын
себеби жер жүзүндөгү байыркы шарттардын ыңгайсыздыгы эмес, клетканын абдан
комплекстүү түзүлүшкө ээ болушу жана мындай түзүлүштүн эч качан кокусунан пайда
боло албашы. Ошондуктан жер бетинде ишке ашпай турган нерсенин космосто ишке
ашышына эч кандай себеп жок.
Булактар:
82. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 2. baskı, Alan Yayıncılık, cilt 3, İstanbul, 1997, ss. 36-37.
83. http://astrobiology.arc.nasa.gov/news/expandnews.cfm?id=1368; Daily inScight, Academic Press, 17 Nisan 2002.
84. Leslie E. Orgel, "Darwinism at the very beginning of life", New Scientist, 15 Nisan 1982, s. 150.
85. Jason P. Dworkin, David W. Deamer, Scott A. Sandford, Louis J. Allamandola, "Self-assembling amphiphilic molecules: Synthesis in simulated interstellar/precometary ices", Proceedings of the National Academy of Sciences, no. 93(3), ABD, 30 Ocak 2001, ss. 815–819.
86. Werner Gitt, In the Beginning Was Information, CLV, Bielefeld, Germany, 1997, s. 236.
87. W. Thorpe, "Reductionism in Biology," Studies in the Philosophy of Biology,1974, ss. 116-117.
88. David W. Deamer, Elizabeth H. Mahon, Giovanni Bosco, "Self-Assembling and Function of Primitive Membrane Structures", Early Life on Earth: Nobel Symposium, ed. Stefan Bengtson, no. 84, Columbia University Press, New York, 1994, ss. 107-123; David W. Deamer, "Membrane Compartments in Prebiotic Evolution," The Molecular Origins of Life: Assembling the Pieces of the Puzzle, ed. André Brock, Cambridge University Press, Cambridge, 1998, ss. 189-205.
89. Jason P. Dworkin, David W. Deamer, Scott A. Sandford, Louis J. Allamandola, "Self-assembling amphiphilic molecules: Synthesis in simulated interstellar/precometary ices", Proceedings of the National Academy of Sciences, no. 93(3), ABD, 30 Ocak 2001, ss. 815–819; Ron Cowen, "Life's Housing May Come from Space," Science News, vol. 159, no. 5, 3 Şubat 2001, s. 68.
90. David W. Deamer, Elizabeth H. Mahon, Giovanni Bosco, "Self-Assembling and Function of Primitive Membrane Structures", Early Life on Earth: Nobel Symposium, ed. Stefan Bengtson, no. 84, Columbia University Press, New York, 1994, ss. 107-123.
91. David W. Deamer, Elizabeth H. Mahon, Giovanni Bosco, "Self-Assembling and Function of Primitive Membrane Structures", Early Life on Earth: Nobel Symposium, ed. Stefan Bengtson, no. 84, Columbia University Press, New York, 1994, ss. 107-123.
92. William R. Hargreaves, David W. Deamer, "Liposomes from Ionic, Single-Chain Amphiphiles," Biochemistry, no. 17, 1978, ss. 3759-3768.
93. Charles L. Apel et al., "Self-Assembled Vesicles of Monocarboxylic Acids and Alcohols: Conditions for Stability and for the Encapsulation of Biopolymers," Biochimica et Biophysica Acta, 2001.
94. Barry L. Lentz et al., "Spontaneous Fusion of Phosphatidylcholine Small Unilamellar Vesicles in the Fluid Phase," Biochemistry, no. 26, 1987, ss. 5389-5397.
95. N. L. Gershfeld, "The Critical Unilamellar Lipid State: A Perspective for Membrane Bilayer Assembly", Biochimica et Biophysica Acta, no. 988,1989, ss. 335-350.
96. Klaus Dose, "The Origin Of Life: More Questions Than Answers", Interdisciplinary Science Reviews, vol. 13, no.4, 1988, ss. 348-349.












Hiç yorum yok:
Yorum Gönder