Кандын өтө маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын
ичиндеги белоктор. Дененин бүт тарабын каптаган кан тамыр системасы аркылуу
кандын ичиндеги белоктор да дененин бардык муктаж тараптарына жете алышат.
Мисалы, гемоглобин аттуу белок кандагы кычкылтекти тканьдарга жеткирсе,
трансферрин аттуу белок кандагы темирди ташыйт. Иммуноглобулиндер (антителолор)
бактериялар менен вирустардан денени коргоочу белоктор. Фибриноген менен
тромбин кандын уюшун камсыз кылат. Инсулин денедеги канттын метаболизмин жөнгө
салуучу бир белок. Бири-биринен маанилүү болгон бул белоктордун баары кан
аркылуу тиешелүү тканьдарга жеткирилет.
Мындан тышкары, кандагы ташуучу белоктордун бири альбумин
холестерин сыяктуу майлар, гормондор, уулуу өт зили жана пенициллин сыяктуу
дарылар менен байланыш түзөт. Андан соң кан аркылуу денени кыдырып, чогулткан
уулуу заттарын нейтралдаштыруусу үчүн боорго таштайт; азыктар менен гормондорду
болсо керектүү жерлерге жеткирет. Альбумин аттуу атомдордон турган, эч кандай
билими жана аң-сезими жок бир молекула кантип майларды, уулуу заттарды,
дарыларды жана азыктарды бири-биринен айырмалай алат? Кантип боорду, өттү,
ашказанды таанып, алып келген заттарын адашпастан, жаңылбастан, эч ката
кетирбестен ар дайым керектүү жерге, керектүү өлчөмдө калтырат? Кандагы уулуу
заттарды, дарыларды жана азыктарды микроскоптон көрсөңүз, медицина билимиңиз
болбосо, бири-биринен айырмалай албайсыз. Кайсы органга кайсынысын канчалык
өлчөмдө калтыруу керек экенин болсо эч качан аныктай албайсыз.
Адамдардын көпчүлүгү атайын билим алмайынча, биле албай
турган бул маалыматтарды аң-сезимсиз атомдордун жыйындысынан турган альбумин
молекуласы билет жана алгачкы адамдан ушул күнгө чейин бардык адамдардын
денесинде өз милдетин эч кемчиликсиз орундатып келет. Бир «атом жыйындысынын»
мындай аң-сезимдүү иштерди жасашынын себеби, албетте, Аллахтын чексиз кудурети
жана чексиз илими.
Гемоглобиндин кычкылтекти тандоосу
Кандагы эритроцит клеткаларында жайгашкан гемоглобин
аттуу белоктун эң негизги өзгөчөлүгү - бул кычкылтек атомдорун кармоо жөндөмү.
Гемоглобин кандагы миллиондогон молекуланын арасынан атайын кычкылтек
молекулаларын аныктап, аларды кармайт. Бирок бул жөнөкөй бир кармоо эмес.
Анткени, кычкылтек молекуласы менен байланыш түзгөн бир молекула кычкылданат
да, ишке жараксыз болуп калат. Ошондуктан гемоглобин өзгөчө бир жөндөмдүүлүк
менен кычкылтек молекуласына эч тийбестен, аны кычкач менен кармагандай
кармайт. Гемоглобиндин бул жөндөмү жаратылуунун (Аллахтын жараткандыгынын)
апачык далилдеринин бири.
Гемоглобин төрт түрдүү белоктун биригүүсүнөн пайда болот
жана бул төрт белокто темир атому жайгашкан атайын бөлүктөр бар. Темир атому
жайгашкан бөлүктөр «гемо топтору» деп аталат. Ушул гемо топторундагы темир
атомдору гемоглобинде кычкылтекти кармоочу атайын кычкачтар болуп саналат. Ар
бир гемо тобу бир кычкылтекти кармай алат.64 Гемо топтору тийбей, темирди кычкач катары
колдонуп кычкылтекти кармап, тканьдарга жеткириши үчүн молекуланын ичинде
атайын бүктөлгөн жерлер жана бурчтар да бар. Кычкылтекти кармоо учурунда бул
бурчтар белгилөө өлчөмгө өзгөрөт.65
Биринчи гемо тобу кычкылтекти кармаган соң гемоглобиндин
түзүлүшү өзгөрөт жана бул башка гемо топторунун кычкылтекти кармашын бир канча
эсе жеңилдетет.66 Кычкылтекти кармоо процессинде гемоглобин эгер
кычкылтек менен түздөн-түз бириксе, б.а. кычкылданса, анда «метгемоглобинемия»
деп аталган бир оору келип чыгат.67 Бул оору
теринин түсүн жоготуп, көгүш тартышына, демигүүгө жана былжыр кабыкчаларынын
алсыздашына себеп болот.
Бирок гемоглобин молекуласынын өзгөчө түзүлүшүнүн
урматында бул молекулалар денебиздеги болжол менен 100 триллион клеткага күн сайын
600 литр кычкылтекти үзгүлтүксүз жеткирет.68 Гемоглобиндин кычкылтектен зыян тартаарын
билип, өзүнө чара көрүп, түзүлүшүн ошого жараша ылайыкташтырышы жана
кычкылтекти дененин бардык клеткаларына жеткириши керектигин билүүсү мүмкүн
эмес. Бул молекула болгону аң-сезимсиз атомдордун жыйындысы. Бүт баарын билген,
бүт нерсени жараткан Раббибиз гемоглобин молекуласын кычкылтектин терс
таасирлеринен коргоно ала тургандай кылып жаратып, бизге жаратуу кудуретин
көрсөткөн. Дүйнөгө таанымал микробиолог Майкл Дентон «Nature's Destiny»
(Табияттын тагдыры) аттуу китебинде гемоглобиндердин кемчиликсиз түзүлүшү
жөнүндө мындай дейт:
Зат алмашуу деңгээли жогору болгон организмдерге
натыйжалуу кычкылтек ташуу системасы керек. Ошондуктан гемоглобиндей
өзгөчөлүктөрү бар молекула организм үчүн абдан маанилүү. Гемоглобиндин ордуна
башка альтернативалар барбы? Биз билген кычкылтек ташуучу системалардын эч бири
гемоглобиндин кычкылтек ташуу натыйжалуулугуна жакындай да албайт. Эрнест
Болдуин «сүт эмүүчүлөрдүн гемоглобиндери бул жагынан эң ийгиликтүү дем алуу
белоктору» деп айткан...69
Майкл Дентон да бул саптарда айткандай, гемоглобиндин
кычкылтекти ташуу ыкмасы эң идеалдуу ыкма. Бир молекула жыйындысынын капкараңгы
дененин ичинде, анын көлөмүнө салыштырганда эбегейсиз чоң жерде, кычкылтек
молекуласын башка молекулалардан айырмалап, аны менен этияттап байланыш түзүшү
Улуу Аллахтын чексиз илиминин бир далили.
Клеткалардын бири-бирин тандап жабышуусу клетканын эң
негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Бул багыттагы адистердин бири, биолог Джон П.
Тринкаустун айтуусу боюнча, «клеткалардын бири-бирине жабышуусу көп
клеткалуулуктун пайдубалы. Бирден көп клеткадан турган бардык организмдердин
түзүлүшү жана функциялары анын клеткаларынын бири-бирине жана клетканын
сыртындагы заттарга бекем жабышуусунан көз-каранды.»70
Клеткалардын айланасындагы клеткаларга тандап жабышуусу
да клетка мембранасынын өзгөчөлүктөрүнөн көз-каранды. Жуп катмарлуу
фосфолипиддик клетка мембранасы – клетканын агуучулук, тыгыздык, электрдик
иш-аракеттер сыяктуу жашоонун негизин түзгөн өзгөчөлүктөрүнө эң ыңгайлуу
түзүлүш. Мембрананын кемчиликсиз түзүлүшүнөн тышкары, мембранада ишке ашкан
процесстердин аң-сезимди жана акылды талап кылуусу да таң калтырбай койбойт. Аң-сезимсиз
молекулалардын жыйындысынан пайда болгон бир клетка мембранасы башка клетканы
кантип тааныйт, бир органды пайда кылуу үчүн ага жабышуусу керек экенин кайдан
билет жана аны кантип жасайт? Клетканын бул касиети да Раббибиздин жандыктарды
башкарып тураарынын бир мисалы.
Булактар:
64. Helena Curtis, N. Sue Barnes, Biology, Worth Publishers, Inc, New York, 1989, s. 51.
65. Prof. Dr. Engin Gözükara, Biyokimya, Nobel Tıp Kitap Evleri, 1997, 3. baskı, cilt 1, s. 176.
66. Albert L. Lehninger, David L. Nelson, Michael M. Cox, Principles of Biochemistry, 2. baskı, Worth Publishers, New York, s. 189
67. http://www.britannica.com/bcom/eb/article/7/0,5716,53637+1+52330,00.html?query=methemoglobinemia
68. Albert L. Lehninger, David L. Nelson, Michael M. Cox, Principles of Biochemistry, 2. baskı, Worth Publishers, New York, s. 188.
69. Michael Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, ss. 201-202.
70. J. P. Trinkaus, Cells into Organs, Prentice-Hall, Englewood Cliffs, NJ, 1984, s. 69.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder