Клетка керектүү материалдарды өтө кылдаттык менен
тандайт. Алдына келген заттын пайдалуу же зыяндуу экенин аныктаган соң гана ал
затты ичкери киргизет. Бул жерде «бул тандоону ким жасайт?» деген суроо туулат.
Мунун жообун акылга сыйбаган кокустуктардан издөө болсо чындыктардан качуу
дегенди билдирет.
Алдыңызга бир ууч майдаланган металлды коюшса,
кайсынысынын темир же башка пайдалуу металл экенин канчалык аныктай алмаксыз?
Аларды эч тынымсыз, тездик менен айырмалашыңыз керек болоорун жана болор болбос
катачылыктын өтө олуттуу натыйжаларга алып келээрин ойлосоңуз, клеткадагы бул
жөндөмдүн маанисин жакшыраак түшүнөсүз. Мисалы, мээ керек учурда ичегиге
темирди сиңирүү же фосфор жетишпей жатса фосфорду сиңирүү буйругун берет жана ичегини
түзгөн клеткалар ошол замат темирди же фосфорду сиңиришет. Мунун тескериси да
болушу мүмкүн. Бул металлдар ашыкча болгон учурда мээден келген «чыгарып
салгыла» деген буйруктун негизинде темир клеткадан сыртка чыгарылат.
![]() |
| 1. Бөйрөк клеткасы; 2. Боор клеткалары; 3. Тамак сиңирүү каналындагы клеткалар; 4. Кызыл кан клеткалары. |
Ошол
сыяктуу, бөйрөктү түзгөн клеткалар кандагы кальцийдин ашыкча көлөмүн аныктап,
ошого жараша ашыкча бөлүгүн клетканын сыртына чыгарышат. Аң-сезимсиз атом жана
молекулалардын жыйындысынан түзүлгөн клеткалар минералдарды таануу жана алардын
денедеги көлөмүн муктаждыкка жараша жөнгө салуу жөндөмүн кайдан алышкан?
Мээдеги клеткалардын керектүү заттарды сиңирүү буйругун бериши да кокустук
көз-караштарын четке каккан акыйкаттардын бири. Бул клеткалар өз жоопкерчилигин
билип, керектүү буйруктарды беришет жана ал буйруктар атайын кабарчы суюктуктар
аркылуу, мисалы, ичеги клеткаларына жеткирилет. Ал жердеги клеткалар буйрукту
түшүнүп, өз милдетин толук аткарышат.
Башкача айтканда, алдыларына келген темир
атомун таанып, «бул темир» деп аны тандап ичине киргизишет. Бул клеткалар
мындай акылдуу иш-аракеттерди кантип жасашат? Дененин өмүрү үчүн мындай чоң
жоопкерчиликти кантип аркалашкан? Мындай мыкты уюшулган иш-аракеттерди клеткалар
өз алдынча жасап баштаган деп айтуу эч бир акылга сыйбайт. Электрондук
микроскопсуз көрүүгө мүмкүн болбогон клеткаларды кемчиликсиз бир тартип менен
Аллах жараткан. Раббибиздин теңдешсиз жаратуусу жана чексиз илими жандыктардын
ар бир бөлүгүндө эч ким жашыра албай турганчалык ачык көрүнүп турат.
Клетканын ичиндеги металл-минерал тең салмактуулугу
Минералдар – жашоого керектүү бардык органикалык эмес
элементтер жана молекулалар. Денебизге күнүмдүк клетка функцияларын улантуу
жана клетканын түзүлүшүн сактоо үчүн 15 минерал керек. Денебизге эң керектүү
минералдар – бул кальций, магний жана фосфор. Мындан тышкары, азыраак көлөмдө
хром, темир, селен, цинк, жез, фтор, йод, марганец, молибден, хлор, калий жана
натрий сыяктуу минералдар да талап кылынат.
Минералдар сөөктөрдүн, тиштердин, жумшак тканьдардын,
булчуңдардын, кан жана нерв клеткаларынын бир бөлүгүн түзгөнү үчүн, денеде
абдан чоң рольго ээ. Ошондой эле, минералдар булчуңдардын реакциясына, нерв
импульстарынын жиберилишине, тамак сиңирүүгө, зат алмашуу процессине жана
гормондордун иштелип чыгышына да салым кошушат.74 Адамдын тамактануусуна жараша органикалык эмес
заттардын арасында суу, натрий, калий, хлорид, кальций, фосфат, сульфат,
магний, темир, жез, цинк, марганец болот. Бирок денеде талап кылынган
минералдардын кандайдыр бирөөсүнүн таңсыктыгы ал минералга байланыштуу бир
функцияны үзгүлтүккө учуратат.
Металлдар биологиялык системаларда маанилүү рольду
ойногону менен, көбөйүп кеткен учурда уулуу затка айланат. Ошондуктан бул
металлдардын кеңири химиялык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн клеткаларга
белгилүү металлдарды алуу, клетканын ичине ташып киргизүү, сактап коюу жана
уусун тазалап экспорттоо абдан кылдаттык менен жүргүзүлөт. Организмди керек
учурда керектүү металлдар менен эч кыйынчылыксыз камсыз кылуу, бирок ошол эле
учурда потенциалдуу ууга айлануучу бул заттардын топтолушуна бөгөт коюу абдан
маанилүү. Бир топ оорулар металл ион тең салмактуулугунун бузулушунан келип
чыгат. Мисалы, булардын арасында анемия, гемохроматоз, Менкес оорусу, Вильсон
оорусу жана Альцгеймер, Фридрейх атаксиясы жана Паркинсон оорусу сыяктуу нерв
оорулары бар. Ошондой эле, микробактериалдык инфекциялардын бат пайда болушу да
металл иондорду жеткирүүдөгү маселелерден келип чыгат.
Металл тең салмактуулугу белгилүү металлдарды таануу жана
жеткирүү максатында колдонулган белоктор аркылуу көзөмөлдөнөт. Металл тең
салмактуулугун жөнгө салуучу бул белоктор клеткада көбүрөөк өлчөмдө кездешкен
көптөгөн металлдардын арасынан керектүү металлды айырмалай алышат жана азайган
же көбөйгөн металлды аныктай алышат.75
Бардык минералдардын денеде таң калаарлык ар кандай
кызматтары жана таасирлери бар. Денедеги клеткалар бардык минералдарды тааныйт
жана керектүү минералдын мембранадан өтүшүнө уруксат берет. Ошондой эле,
минералдардын керектүү өлчөмдө киргизилишин да көзөмөлгө алышат. Мисалы, денеге
йод керек болсо, аны бир гана калкан сымал без тааныйт жана кобальт, фосфор
сыяктуу көптөгөн металлдардын арасынан бир гана йодду клетканын ичине киргизет.
Же клетканын ичинде турган, өзүнө керектүү йодду жаңылып клетканын сыртына
чыгарып салбайт. Тандоо жана көзөмөлдөөнү таң калаарлык аң-сезим менен жүргүзөт.
Адам бул процесстердин эч бирин сезбейт. Буларды көзөмөлдөө милдети адамга
жүктөлгөндө, адам бул системаны өмүр бою мындай турсун, кыска убакытка да
көзөмөлдөй алмак эмес. Эч бир ката кетирбестен, тездик менен, абдан кылдат тең
салмактуулуктарды сактап туруу жана бул системаны денедеги миллиондогон
клеткада көзөмөлгө алуу керек экенин ойлогонубузда, мунун колубуздан келбей
турганын заматта түшүнөбүз.
Алдыда денеге керектүү минералдардын тизмесин карайбыз.
Бул минералдар денеде миллиграммдык (кээ бирлери андан да аз) өлчөмдөрдө
болгону менен, ден-соолук жагынан өтө чоң мааниге ээ. Бул заттар дал керектүү
өлчөмдө, тагыраак айтканда көп да, аз да болбошу шарт. Бул маанилүү милдетти да
клетка мембранасы аркалайт.
Кальций
Ден-соолугу чың организм үчүн керектүү минералдардын бири
– бул кальций. Бул минерал негизинен денебиздеги сөөктөрдө жайгашат. Абдан
азайып кеткенде тиш жана бел оорулары келип чыгат, сөөктөр алсыздап, болор
болбос нерседен жарака, сыныктар пайда болот. Денедеги кальцийдин көлөмү бир
эле сөөктөр үчүн маанилүү болбостон, дененин бардык функцияларына салым кошот.
Өзгөчө денеде темирдин колдонулушуна жана тамак-аштардын клетка мембранасынан
өтүшүнө керектүү бир минерал.
Клеткалардын функцияларын аткарышында, нерв
импульстарынын жиберилишинде, булчуңдардын өрчүшүндө жана жыйрылышында, кандын
уюшунда, кош бойлуулук учурунда наристенин сөөк түзүлүшүнүн калыптанышында зор
мааниге ээ. Ошондой эле, наристени коргошун уулануусунан коргойт, бөйрөктөгү
таштарга бөгөт койот, рак, инфаркт рисктерин азайтат, энергия берет, көптөгөн
ферменттерди стимулдайт, майларды ажыратып дененин колдонуусуна ыңгайлаштырат,
теринин чың болушуна салым кошот.
Белгилүү микробиолог Майкл Дентон кальцийдин денедеги
маанисине «Nature's Destiny» (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде мындайча
токтолгон:
Биологиялык системаларда химиялык маалымат жогорку
ылдамдыкта жиберилиши керек болсо, анда көп өлчөмдө кальций колдонулат.
Булчуңдарды жыйрылууга стимулдоо, нерв импульстарын синапстар аркылуу жиберүү, гормон
бөлүп чыгаруу, уруктануудан кийинки өзгөрүүлөр сыяктуу иш-аракеттерди атоого
болот. Уильямс жазуусунда белгилегендей, «биология колдоно алган металл
иондорунун арасында бир гана кальций жогорку концентрацияда боло алат, өтө бат
диффузияга дуушар болот, бекем байланыш түзүп, ажырай алат.» «Клетканын сымабы»
катары аткарган кызматы менен байланышта кальций ионунун химиялык өзгөчөлүктөрү
белоктор менен жеке байланыш түзүүгө абдан ыңгайлуу... Экинчиси, кальций
иондорунун өзгөчө белоктордогу аминокислоталар тарабынан заматта берилүүчү кычкылтек
атомдоруна жакындыгы. Белоктор молекулярдык тартипсиздигинен жана кычкылтек
атомдорунун абдан жеткиликтүү болушунан улам кальций менен байланыш түзүүгө
идеалдуу молекулярдык чөйрөнү түзүшөт.76
Жез
Жез денебиздин коргоочу жана улгайууга бөгөт койуучу
металлы. Тканьдардын жаңылануусуна жана теринин калыбына келүүсүнө түрткү
болгону үчүн, дарылоо процессинде чоң мааниге ээ. Мындан тышкары, сөөктөрдүн
калыптануусу, чачтын жана теринин өңү, гемоглобиндин жана эритроциттин пайда
болушу сыяктуу көп нерселерге таасир тийгизет. Денедеги жездин көпчүлүк бөлүгү
белокторго байланып, антиоксидантка таасир берет, энергия өндүрүшү, тканьдардын
жаңылануусу сыяктуу биологиялык иш-аракеттерде маанилүү рольду ойнойт. Жездин
көбөйүшү цинктин сиңирилишин азайтат, цинктин көбөйүшү болсо жездин сиңирилишин
азайтат. Ошондуктан бул металлдардын ортосунда тең салмактуулук болушу шарт.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жез таңсыктыгынын плазмадагы
холестериндин жана LDL-холестериндин (жаман холестериндин) деңгээлин
жогорулатаарын, ал эми HDL-холестериндин (жакшы холестериндин) деңгээлин
төмөндөтөөрүн, ошондуктан жүрөк оорулары рискин жогорулатаарын көрсөтүүдө.77 Жез метаболизминдеги тең салмаксыздыктар
негизинен эки генетикалык ооруга алып келет. Алар Вильсон жана Менкес оорулары.
Бул экөөнө тең жези бар белоктордо келип чыккан бузулуу себеп болот. Жез
иондорунун клетка мембранасынан өтүшүнө шарт түзүүчү атайын каналдар бузулууга
дуушар болот. Бул боор менен мээде жездин азайышына жана ичегилер менен
бөйрөктөрдө жездин көбөйүшүнө алып келет. Бул кем акылдык жана үч жашка чейинки
өлүмгө себеп болгон Менкес оорусун пайда кылат.
Ошондой эле, денеде жездин жетишсиздиги жарааттардын кеч
айыгуусу, бут жарасы жана ооз көңдөйүнүн жабыркашы, экзема, бүдүр, тырмактарда
сызыктардын пайда болушу, кеч чоңоюу, даам сезүүнүн начарлашы, иммунитеттин
өнөкөт алсыздыгы жана жугуштуу ооруларга көп чалдыгуу сыяктуу натыйжаларга алып
келет.78
Темир
Темир бир жагынан минерал жана экинчи жагынан адам денеси
тарабынан колдонулган маанилүү бир азык. Темир күчтүү иммундук система, энергия
өндүрүшү жана чоңоюу үчүн керек. Темирдин денедеги дагы бир ролу –
гемоглобиндин иштелип чыгышын жеңилдетүү жана эритроциттерге кычкылтекти
жетиштүү көлөмдө жеткирүүгө шарт түзүү. Салмагы 70 килограммды түзгөн бир
адамда 3,7 грамм темир болот. Жана денедеги темирдин үчтөн экиси гемоглобиндин
ичинде жайгашат.79 Башка формалары болсо азыраак көлөмдө боордо
жана чучукта кездешет.
Дененин бардык клеткаларынын митохондрияларында курамында
темири бар электрон ташуучулары болот. Алар клеткалардагы кычкылдануунун
көпчүлүгүнө керек. Ошондуктан темир тканьдарга кычкылтектин жеткирилишинде да,
тканьдардын клеткаларындагы кычкылдануу системасынын иштешинде да зор мааниге
ээ. Темир болбосо жашоо бир канча секундада токтойт. Темир жетишсиздиги көбүнчө
начар тамактануудан, ылдам чоңоюудан жана көп кан жоготуудан келип чыгат. Темир
жетишсиздигинин белгиси – бул көбүнчө аз кандуулук. Мындан тышкары, алсыроо,
оор жумуш жасай албоо сыяктуу натыйжаларга да себеп болот.
Темир ошол эле учурда өтө уулуу да боло алат. Ошондуктан
денеде темирдин сакталышы катуу көзөмөлдөнүшү керек. Темир химиялык жактан
абдан активдүү жана белоктордун көптөгөн түрлөрү менен байланыш түзүп, алардын
түзүлүшүнө зыян алып келет. Клетка мембраналарында кычкылдануу реакцияларында
катализатор кызматын аткарат. Ар дайым байланышкан абалда болгону үчүн, денеден
сыртка чыгарылбайт. Кан жоготуу, клеткалардын жаңыланышы жана жетилип жаткан
түйүлдүккө берүү сыяктуу процесстерде гана дене темир жоготот.80
Темир өтө маанилүү микро-азык. Гемоглобиндин ажырагыс бир
бөлүгү катары канда кычкылтекти жана көмүр кычкыл газын ташуу үчүн керек.
Микробиолог Майкл Дентон темирдин маанисине төмөнкүчө көңүл бурган:
Бардык металлдардын арасында темирден да маанилүүсү
жок... адамдын канындагы гемоглобинде жайгашып, кычкылтек менен кылдат
мамилесинен улам акырын гана, эң жогорку деңгээлде реактивдүү, эң баалуу
энергия булагы болгон бул атомду ташый алган зат – бул темир. Темир атому
болбосо, ааламда көмүртек негиздүү жашоо болмок эмес... гемоглобинди түзө турган,
кычкылтектин реактивдүүлүгүн басаңдата турган эч бир металл жана кычкылданууга
таянган зат алмашуу системасы болмок эмес. Жашоо жана темир менен кандын кызыл
түсү менен алыстагы бир жылдыздын өлүмүнүн ортосундагы бул сырдуу жана тыгыз
байланыш металлдардын биологиялык жактан маанисин эле көрсөтпөстөн, ааламдын
биологиялык маанисине да көңүл бурат... эч бир металл атому гемодогу темирдин
касиеттерин толугу менен туурай албайт. Темир менен жакын байланыштагы эч бир
өткөөл металл атому гемоглобинде темирдин ордун ээлей албайт, анткени алардын
эч бири керектүү чоңдукта эмес жана кычкылтек менен байланыштуу кылдат
өзгөрүүлөргө дуушар болушуна шарт түзө турган дал ошондой химиялык касиеттерге
ээ эмес.81
Магний
Ферменттердин иш-аракеттеринде жана өзгөчө энергиянын
иштелип чыгышында өтө маанилүү бир катализатор. Кальций менен калийдин
сиңирилишине көмөкчү болот. Сөөктүн пайда болушуна, углевод жана минерал
метаболизмине (зат алмашуусуна) салым кошот. Магний жетишсиздиги нерв жана
булчуң импульстарынын жиберилишине бөгөт болот. Ошондой эле, бат кыжырдануу, мээнин
чаташуусу, уйкусуздук, тынчсыздануу, тамак сиңирүүнүн начарлашы, жүрөктүн бат
согушу, эстен тануу, кан басымынын жогорулашы (гипертония), жүрөктүн күтүүсүз
токтоп калышы, астма, өнөкөт чарчоо, өнөкөт оору синдромдору сыяктуу
көйгөйлөргө себеп болот.
Марганец
Марганец денеде ферменттердин иш-аракеттерине, көбөйүү
жана чоңоюуга, жыныстык гормондун иштелип чыгышына, тканьдардын дем алуусуна
жана B1, E витаминдери менен май жана углевод зат алмашууларынын жүрүшүнө салым
кошот.
Фосфор
Фосфор маанилүү бир минерал. Адам денеси фосфорго сөөк
жана тиштердин калыптанышында, клетканын чоңоюшунда жана оңдолушунда,
энергиянын иштелип чыгышында, жүрөк булчуңдарынын жыйрылышында, нерв жана
булчуңдардын кыймылында жана бөйрөктөрдүн иштешинде муктаж. Фосфор, ошондой
эле, витаминдерди колдонуу аркылуу тамак-аштардын энергияга айландырылышына
көмөкчү болуп, денеге пайда алып келет. Фосфат (фосфордун дээрлик 85%ы сөөктө
фосфат формасында сакталат) клетканын ичиндеги суюктуктун негизги аниону. Фосфаттар
айлануу касиетинен тышкары, көптөгөн кофермент системасынын жана зат алмашуу
функцияларынын иштөөсүнө керектүү кошулмалар менен биригүү жөндөмүнө ээ.
Фосфаттардын көптөгөн маанилүү реакциялары өзгөчө АТФ, АДФ жана фосфокреатиндин
функциялары менен байланыштуу.
Калий
Дени сак нерв системасы жана бир калыптуу жүрөк ритми
үчүн маанилүү бир минерал. Инфаркттардын алдын алууга жардам берет, булчуңдардын
иштешин тартипке келтирет, натрий менен бирге денедеги суунун тең салмактуулугун
жөнгө салат. Клеткалардын ичиндеги химиялык реакцияларга салым кошот жана кан
басымынын жөнгө салынышына, электрохимиялык сигналдардын жиберилишине көмөк
берет. Ошондой эле, азыктардын клетка мембранасынан өтүшүн жөнгө салат. Калийдин
функциясы жаш өткөн сайын азайат. Бул кан айлануунун начарлашына жана
алсыздыкка себеп болот.
Селен
Селен антиоксидант; денеде ДНК жана белок синтези, иммунитет,
клетка мембранасынын бүтүндүгү, уйку безинин иштеши, тордомо челдин жана кан
тамырдын иштелип чыгышы, тордомо челдин жарыкты кабыл алуусу, көбөйүү
функциялары, тканьдардын ийкемдүүлүгү сыяктуу функцияларга салым кошот.
Натрий
Нерв импульстарынын жиберилиши, клеткада суюктуктун
деңгээлинин сакталышы, клетка мембранасына азыктардын жеткирилиши, жылма булчуңдардын
жыйрылышы сыяктуу иш-аракеттерге салым кошот. Натрий жетишсиздиги жана суу
жетишсиздиги дүйнөдөгү эң кеңири тараган жана эң олуттуу көйгөйлөрдөн. Денеде
суу жоготуусу көпкө созулганда, кан айлануу системасындагы суюктуктарды түзгөн
натрий да азайып баштайт. Бул суюктуктар жүрөктү, кан тамырларды, артерияларды
жана капиллярларды азыктандырат. Булардын кескин азайышы кан айлануу
системасында шокко себеп болот.
Денедеги маанилүү микроэлементтер:
Денеде өтө аз сандагы кээ бир элементтер «микроэлемент»
деп аталат. Алардын тамак-аштардагы көлөмү да абдан аз. Бирок арасынан бирөө
эле болбосо, ар кандай белгилер жана көйгөйлөр келип чыгат. Эң негизги үчөө –
йод, цинк жана фтор.
Йод
Эң белгилүү микроэлемент – бул йод. Бул элемент тиреоид
гормонунун пайда болушу жана иштеши менен байланыштуу. Бүт денеде орточо 14
миллиграммдай болот. Йод денеде бир гана тиреоид (калкан сымал без) гормондорунун,
т.а. тироксин жана трийодтиронин гормондорунун иштелип чыгышына колдонулат. Бул
эки тиреоид гормону дененин бардык клеткаларында зат алмашуунун нормалдуу
ылдамдыкта уланышы үчүн керек. Тиреоид секрециясы болбосо, көбүнчө зат
алмашуунун ылдамдыгы нормалдуунун 40-50%ына чейин төмөндөйт, секреция ашыкча
чыгарылганда болсо, зат алмашуунун ылдамдыгы нормалдуудан 60-100%га чейин
жогорулайт. Мындан тышкары, тиреоид гормонунун эмбриондун өрчүшүнө ар кандай
салымдары болгону үчүн, кош бойлуулук учурунда йоддун жетишсиздиги көптөгөн
тубаса майыптыктарга себеп болушу мүмкүн.
Йоддун жетишсиздиги богок (зоб) оорусуна себеп болот. Калкан
сымал бездин чоңоюшуна алып келген богок оорусу кем акылдык, тилдин чоңоюшу
жана кээде дүлөйлүк, сүйлөй албоо же аксактыкка себеп болушу мүмкүн. Организмге
бир күндө 0,10-0,15 мг йод кирсе жетиштүү болот, бир күндө 0,05 миллиграммдан
аз йод кирсе, йод жетишсиздиги келип чыгат. Ушунчалык аз өлчөмдөгү йод адамдын
ден-соолугу жана дене функцияларынын толук иштеши үчүн абдан маанилүү.
Цинк
Цинк денедеги 80ден ашуун ферменттин курамында бар. Цинк,
ошондой эле, бир нерв өткөргүчү. Цинктин аз болушу нерв кыймылдарынын
басаңдатылышын азайтып, анормалдуу кыймыл-аракеттерге себеп болот. Мындан
тышкары, күйүктөрдүн жана жарааттардын айыгышы, углеводдун сиңирилиши, простата
безинин иштеши, жыныстык органдардын чоңоюшу жана өрчүшү, B1 витамини менен
фосфор жана белок зат алмашууларынын ишке ашышы жагынан да маанилүү.
Фтор
Зат алмашуу үчүн керектүү бир элементтей көрүнбөгөнү
менен, тиштердин калыптануу процессинде денеде аз өлчөмдө фтордун болушу кийин
кариестерге бөгөт болот. Фтор тиштерди бекемдебейт, бирок кандайдыр бир жол
менен кариести басаңдатат. «Фтор тиштин кабыгындагы (эмаль) кристаллдардын
ичине жайгашып, кариеске себеп болгон бактерия ферменттеринин иш-аракетине
керектүү көптөгөн микроэлементтер менен биригет» деп кабыл алынат. Ошентип
фтордон улам ферменттердин таасири жоюлуп, кариеске бөгөт коюлат.
Денеде витаминдердин тандалышы
Витаминдер – дененин нормалдуу зат алмашуусу үчүн аз
өлчөмдөрдө талап кылынган жана дененин клеткалары тарабынан иштелип чыкпаган
органикалык кошулмалар. Жеген тамак-аштарыбызда витаминдер болбосо, зат
алмашууда көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. Витаминдер дененин нормалдуу өрчүшү,
тамак сиңирүү функциялары, инфекцияларга каршы иммунитеттин пайда болушу
жагынан абдан керектүү. Ошондой эле, денебиздин углеводдорду, майларды жана
белокторду колдонушуна да шарт түзүшөт.
Витаминдер денеде «күйгүзүлбөйт», б.а. витаминдерден
түздөн-түз энергия (калория) алынбайт. Дене тынымсыз ар бир витаминдин керектүү
өлчөмдө кан айлануу системасында болушун камсыз кылат. Сууда ээриген
витаминдердин ашыкчасы дене суюктуктары аркылуу чыгарылып салынса, майда
ээриген витаминдердин ашыкчасы май кыртышында сакталат. Сакталып коюлганы үчүн
майда ээриген витаминдердин ашыкча дозасы зыяндуу болушу мүмкүн. Өзгөчө А жана D
витаминдеринде этият болуу керек. Витаминдер бардык клеткаларда аз өлчөмдө
сакталат. Кээ бир витаминдер болсо көп өлчөмдө боордо сакталат. Мисалы, боордо
сакталган А витамини эч витамин албаган бир кишиге 5-10 айга жете алат жана
боордогу D витамин кампасы сырттан эч D витамини албаган бир кишиге орточо 2-4
айга жетиштүү болот.
Сууда ээриген витаминдердин денеде сакталган көлөмү
салыштырмалуу төмөн болот. Бул өзгөчө В витаминдеринин көпчүлүгүнө тиешелүү. В
комплекстүү витаминдери жетишсиз болгон бир кишиде мунун белгилери кээде бир
канча күндө пайда болот. В12 витамининен тышкары, анткени В12нин боордогу
кампасы адамга бир жылга же андан да көбүрөөк убакытка жете алат. Сууда ээриген
витаминдердин бирөөсү С витамининин жетишсиздиги бир канча жумада белгилерди
пайда кылат. С витамининин жетишсиздигинен келип чыккан цинга (скорбут) оорусу
болсо 20-30 жумада өлүмгө алып барышы мүмкүн.
Элдин баары билген 13 витамин бар. Алардын төртөө, т.а.
A, D, E жана K витаминдери (майда ээриген витаминдер) дененин май кыртышында
сакталат. Калган тогуз витамин болсо сууда ээрийт жана көпчүлүгү денеде
сакталбайт. Сууда ээриген витаминдер С витамини жана В витамининин сегиз түрү: тиамин
(B1), рибофлавин (B2), ниацин (B3), пантотен кислотасы (B5), пиридоксин (B6),
кобаламин (B12), биотин жана фолий кислотасы (фолацин).
A витамини
Көз ооруларынын жана сокурдуктун алдын алат. Иммундук
системаны жакшыртып, тери ооруларына бөгөт болот. Ошондой эле, тамак сиңирүү
системасында пайда болгон жараларды (язва) дарылайт; суук тийгенден жана
бөйрөк, табарсык, өпкө жана былжыр челдердеги инфекциялардан денени коргойт. А
витамини тканьдардын кайра калыбына келиши, жаңы клеткалардын өрчүшү,
сөөктөрдүн жана тиштердин калыптанышы үчүн да абдан маанилүү. Мындан тышкары, А
витамини антиоксидант катары кызмат кылып, клеткаларды рактан жана башка
оорулардан коргойт, улгайуу процессин жайлатат, майдын сакталышына көмөкчү
болот. А витамининин денедеги дагы бир ролу – бул белоктордун А витаминисиз
колдонула албашы.
А витамини жетишпегенде теринин түлөшү, бүдүр сыяктуу
тери көйгөйлөрү, скелеттин жакшы өрчүбөшү жана чоңоюунун начардыгы, көздүн
айнекчели менен байланыштуу маселелер жана сокурдук келип чыгышы мүмкүн.
Ошондой эле, А витамини жетишпесе денеде инфекциялар көбөйөт. Ошондуктан А
витамини «анти-инфекция» витамини деп айтылат.
B2 витамини (рибофлавин)
Көздүн чарчашын, катаракталардын алдын алуу жана дарылоо
үчүн В2 витамини керек; углевод, май жана белоктордун зат алмашуусуна көмөк
берет. Ошондой эле, тери кыртыштарынын, тырмактардын жана чачтардын кычкылтекти
колдонуусуна жардам берет, какачтарды кетирет. Мындан тышкары, темирдин жана В6
витамининин сиңирилишине көмөк көрсөтөт. Бул витаминдин жетишсиздиги кош
бойлуулук учурунда наристенин өрчүшүнө зыян тийгизиши мүмкүн.
B12 витамини
Анемия оорусун алдын алуу үчүн керек, эритроциттин
иштелип чыгышында фолий кислотасынын жөнгө салынышына көмөк көрсөтөт жана
темирдин колдонулушуна жардам берет. Тамак сиңирүүнүн туура жүрүшү, азыктардын
сиңирилиши, белок синтези, углевод жана майлардын зат алмашуусу үчүн керек.
Дене 5 жылдык В12 витаминин сактап койо алат, бирок бул витамин өзгөчө
жаныбарлардын тканьдарында болот. Нервдердин бузулуусуна бөгөт койот, фертилдүүлүктү
камсыз кылат, клеткалардын калыптанышына жана узун жашашына шарт түзөт, нерв
учтарынын нормалдуу өрчүшүн жеңилдетет, эс тутумдун жакшырышына жана үйрөнүүгө
жардам берет.
Бул витамин жетишпегенде басуунун бузулушу, өнөкөт
чарчоо, депрессия, тамак сиңирүүнүн начарлашы, баш айлануу, уйкусуроо, боордун
чоңоюшу, көз оорулары, галлюцинациялар, баш оорулар, тил инфекциясы, тынчсыздануу,
оор дем алуу, эс тутумду жоготуу (амнезия), нерв оорулары, жүрөктүн бат согушу,
аз кандуулук, кулактардын чуулдашы, жүлүндүн жешилүүсү сыяктуу көйгөйлөр
жаралышы мүмкүн. В12 витамининин жетишсиздиги көбүнчө жоон нерв талчаларынын
миелинден ажырашына алып келет. Натыйжада көп адамдарда тышкы сезимдерин
жоготуу келип чыгат жана күчөп кеткенде шал (паралич) болуп калышы да мүмкүн.
В12 витамини суутек кабылдоочусу катары кофермент
кызматын аткарат жана көптөгөн зат алмашуу иш-аракеттерин жүргүзөт. Эң негизги
функциясы, балким, гендин копияланышында кофермент катары кызмат кылуусу болушу
мүмкүн. Ошондуктан В12 витамининин эки негизги кызматы бар деп айтууга болот:
чоңоюуну жана эритроциттердин пайда болуусун ылдамдатуу.
C витамини (аскорбин кислотасы)
С витамини чоочун зыяндуу заттардын уусунан денени
тазалайт жана бир тазалоочу витамин. Табигый жол менен иштелип чыккан
кортизондун жакшыраак иштөөсүн камсыз кылып, антигаистамин кызматын аткара
алат. С витамини чучуктун ичинде гемоглобинге жана эритроциттин иштелип
чыгышына салым кошот, бириктиргич тканьда коллагендин жасалышына көмөк
көрсөтөт, ичегилерде темирдин сиңирилишин жакшыртат жана жарааттардын айыгышына
жардам берет.
Дене С витаминин өзү өндүрө албайт. Ошондуктан
тамак-аштар аркылуу сырттан алышы керек. С витамини жетишпесе, жарааттардын жай
айыгышы, каноо, шишик, күчтөн тайуу, теринин астында кан кетүү, инфекциялардын
көбөйүшү, суук тийүү жана бронхит инфекциялары, муун оорулары, алсыздык, тамак
сиңирүүнүн начарлашы, айыгуунун жайлашы, денеде чирүүлөрдүн көбөйүшү жана
тиштердин түшүшү сыяктуу көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.
Анти-стресс гормонунун иштелип чыгышын камсыз кылат,
рактын алдын алууга жардам берет, инфекциялардан коргойт, иммунитетти
жакшыртат, темирдин сиңирилишин жогорулатат, холестериндин деңгээлин жана
жогорку кан басымын төмөндөтүшү мүмкүн, денени кандын уюшунан жана чирүүдөн
коргойт.
Аскорбин кислотасы болбосо, дененин дээрлик бардык
тканьдарында жасалган коллаген жипчелери кемчиликтүү жана алсыз болот.
Ошондуктан С витамини теринин астындагы тканьда, кемирчекте, сөөктө жана
тиштерде жипчелердин чоңоюшу жана бекемдиги үчүн шарт. С витамини жетишпесе,
жарааттардын айыгуу ылдамдыгы төмөндөйт. Анткени, клеткаларда коллаген
жипчелеринин запасы азайып, клетканын ичиндеги байланыштыруучу заттардын
жетишсиздиги келип чыгат. Натыйжада демейде бир канча күндө айыга турган бир
жарааттын айыгышы бир канча айга созулушу мүмкүн.
![]() |
Ошондой эле, С витамини болбосо сөөктүн чоңоюшу токтойт.
Өсүп жаткан клеткалардын арасында жаңы коллаген запасы болбогондуктан, сөөккө
айлануу үзгүлтүккө учурайт жана сөөктөр өскөн жерлеринен оңой эле сынып кетиши
мүмкүн. Аскорбин кислотасы жетишпеген адамдарда сөөккө айлануу этабы аяктаган
сөөктөрдө жаңы сөөк матрикси пайда боло албайт. Натыйжада сынган сөөк калыбына
келбейт.
Байыркы доорлордо өзгөчө көп убакыт бою кургактыкка
чыкпаган жана ошондуктан жаңы жашылча-жемиш жей албаган деңиз саякатчыларында С
витамининин жетишсиздигинен келип чыккан цинга (скорбут) оорусу көп кездешкен.
Бул ооруда эндотелий клеткалары бири-бирине талап кылынгандай жабышпагандыктан,
тамырдын капталындагы коллаген жипчелери жетишсиз болуп калат. Натыйжада кан
тамырларынын капталдары өтө назик болуп, капиллярлар оңой эле жарылып баштайт.
Дененин бүт тарабында көптөгөн ички каноолор байкалат. Теринин астындагы мындай
каноолор кээде бүт денени каптайт жана С витамини абдан азайып кеткенде,
билектин терисинде кызыл тактар пайда болушу мүмкүн. Цинга оорусу күчөгөндө
кээде булчуң клеткалары айрылып, тиштер бошойт жана ооздо инфекция пайда болот.
D витамини
Кальций менен фосфордун тамак сиңирүү каналдарында
колдонулушу жана сиңирилиши, ошондой эле, өзгөчө жаш балдардын чоңоюшу үчүн
керектүү бир витамин. Булчуңдардын алсыздыгынан денени коргойт, жүрөктүн
согушунун жөнгө салынышына таасир тийгизет, иммундук системаны жакшыртат,
калкан сымал бездин иштеши жана кандын нормалдуу уюшу үчүн керек.
D витамини тамак сиңирүү системасында кальцийдин
сиңирилишин жакшыртат жана сөөктөргө кальцийдин топтолушуна жардам берет. D
витамини кальцийдин сиңирилишин жана кальцийдин активдүү ташылышын ылдамдатып жакшыртат.
Өзгөчө ичегилердеги эпителий клеткаларында кальцийдин сиңирилишине жардам
берген, кальцийге байланышуучу белоктордун пайда болушун ылдамдатат.
E витамини
Рак жана артерия ооруларын алдын алуу үчүн маанилүү бир
антиоксидант. Сегиз түрдүү, бирок бири-бири менен байланыштуу молекула
бүлөсүнөн турат. Кан айлануусун жакшыртат, кандын нормалдуу уюшун жакшыртат.
Тканьдар калыбына келиши үчүн керек, кээ бир жарааттардын айланасында
тырыктардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтат. Кан басымын төмөндөтөт,
катарактага бөгөт койот, спорттук кубаттуулукту жогорулатат, буттардын
карышуусун кетирет, капиллярлардын капталдарын бекемдеп, нервдерди жана
булчуңдарды чыңдайт. Ошондой эле, тери чың болушу үчүн керек. Анемиядан жана убактысынан
эрте төрөлгөн наристелерде пайда болгон көз ооруларынан денени коргойт,
улгайууну кечеңдетет жана улгайганда тактарга бөгөт болушу мүмкүн.
Бири-бири менен байланыштуу көптөгөн кошулмалар Е
витамининдей таасирге ээ. Дээрлик бардык витаминдер сыяктуу, Е витамининин
жетишсиздиги да нормалдуу чоңоюуга жолтоо болот жана кээде бөйрөк клеткаларынын
бузулушуна алып келет. Е витамини болбосо, клеткаларда канбаган май кислоталары
азайат жана митохондрия, лизосома жана клетка мембранасы сыяктуу органеллдерде
структуралык жана функционалдык анормалдуу өзгөрүүлөр келип чыгат.
Фолий кислотасы
Мээнин азыгы деп айтылат, энергиянын өндүрүлүшү,
чоңоюунун ылдамдашы жана эритроциттердин иштелип чыгышы үчүн керек.
Клеткалардын туура бөлүнүшү жана копияланышы жагынан да маанилүү. Фолий
кислотасы жетишпегенде, клетканын бөлүнүшүнүн көзөмөлү начарлайт, бул болсо рак
рискин жогорулатат. Белоктун зат алмашуусу менен байланышы бар. Депрессиядан,
нервдин бузулушунан коргойт. Кош бойлуулук учурунда эмбриондун жана нерв клеткаларынын
калыптанышын жөнгө салууга көмөк көрсөтөт, убактысынан эрте төрөлүүлөрдүн алдын
алууга жардам берет. Фолий кислотасынын денедеги эң негизги милдети деп ДНК
синтезине керектүү пурин жана тиминдин синтезин эсептөөгө болот.
B3 витамини (ниацин)
B3 витамини негизинен кан айлануунун жана теринин чың
болушу үчүн керек. Ошондой эле, бул витамин нерв системасынын, углевод, май
жана белок зат алмашууларынын нормалдуу иштешине, холестериндин азайышына жана
эс тутумдун жакшырышына да салым кошот.
B1 витамини (тиамин)
Денеде маанилүү функцияларды аткарат: кан айлануусун
жакшыртат, кандын пайда болушуна жардам берет, углевод зат алмашуусунун
нормалдуу иштешине таасир тийгизет. Ошондой эле, туз кислотасынын иштелип
чыгышына көмөк көрсөтөт, кабылдоо процессин, мээнин функцияларын жана тамак
сиңирүүнү жакшыртат. Мындан тышкары, бул витаминдин улгайуу учурунда дененин
жешилүүсүнө каршы антиоксидант кызматын аткараары белгилүү.
Адамдарда В1 витамининин жетишсиздиги тамак сиңирүүнүн
начарлашына, теринин жана көздөрдүн ачышуусуна, ооздун бурчтарынын жарылышына,
баш оору жана психикалык депрессияга, унутчаактыкка алып келет. Борбордук нерв
системасына керектүү энергиянын дээрлик бүт баары углевод зат алмашуусунан
көз-каранды. Тиамин жетишпегенде, борбордук нерв системасынын нейрон
клеткаларында хроматолиз жана шишик көп кездешет. Начар азыктанган нейрон
клеткаларына мүнөздүү болгон мындай өзгөрүүлөр борбордук нерв системасынын
бөлүктөрүнүн ортосундагы байланышты үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Ошондой эле,
тиамин жетишсиздиги нерв талчаларынын миелин кабыкчаларында бузулууга себеп
болушу мүмкүн. Бул көбүнчө нервдердин назик болушуна алып келет. Каракуш мээден
омурткага кеткен каналдарда болсо шал (паралич) кыла турган бузулуулар
байкалышы ыктымал. Кээде шал кылбаса да, булчуңдар абдан алсыз болуп калат.
Тиамин жетишсиздиги жүрөк булчуңун да алсыздатат. Тиамин абдан азайып кеткенде,
адамда жүрөк жетишсиздиги (сердечная недостаточность) келип чыгат. Тиамин
жетишпегенде, тамак сиңирүүгө байланыштуу оорулар да пайда болот.
Пиридоксин (В6 витамини)
Пиридоксин клеткаларда аминокислота жана белок зат
алмашуусу менен байланыштуу көптөгөн химиялык реакцияларда кофермент кызматын
аткарат. Эң негизги ролу аминокислоталардын синтезинде кофермент кызматы.
Натыйжада пиридоксин зат алмашуусу өзгөчө белок зат алмашуусунун көптөгөн
этабында абдан маанилүү рольду ойнойт. Ошондой эле, кээ бир аминокислоталарды
клетка мембранасынан ташып өткөрүү процессине катышаары да белгилүү.
Пантотен кислотасы (В5 витамини)
Пантотен кислотасы денеде көптөгөн зат алмашууга катышкан
кофермент А (KoA) менен байланыш түзөт.
Бул зат болбосо, углевод жана май зат алмашуусу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Зат
алмашууда башка витаминдердей эле ролу чоң.
K витамини
K витамини боордо кандын уюшу үчүн зарыл болгон
протромбин, фактор VII, фактор IX жана фактор X пайда болушу үчүн керек.
Ошондуктан K витамини жетишпегенде, кандын уюшу кечеңдейт. K витамини жоон
ичегиде бактериялар тарабынан синтезделет. Анткен менен, жоон ичегидеги
бактериялар антибиотиктерди көп ичкенден улам бузулууга дуушар болсо, K
витамини жетишсиздиги келип чыгат. Себеби бул кошулма тамак-аштарда өтө аз
өлчөмдө болот.
Булактар:
74. http://www.essense-of-life.com/info/Minerals.htm
75. http://www.chem.utoronto.ca/people/academic/zambled.html
76. Michael J. Denton, Nature's Destiny, The Free Press, New York, 1998, s. 206.
77. http://www.skinbiology.com/copperhealth.html; [Klevay, Inman, Johnson, et al, Metabolism, 1984, ss. 1112-1118.; Klevay, Med Hypothesis, 1987, ss. 111-119.; Klevay, Med Hypothesis, 1987, ss. 111-119].
78. http://neuro-www.mgh.harvard.edu/forum_2/TouretteSyndromeF/1.12.005.20
PMZINCDEFICIEN.html; William J. Walsh, Mart 1995
79. http://www-medlib.med.utah.edu/NetBiochem/hi8.htm
80. http://www.mostproject.org/ISTD1.htm
81. Michael J. Denton, Nature's Destiny, The Free Press, New York, 1998, ss. 198, 201.














Hiç yorum yok:
Yorum Gönder