23 Temmuz 2019 Salı

ИММУНДУК СИСТЕМА КЛЕТКАЛАРЫНЫН ТАНДОО ЖӨНДӨМҮ


Микро душмандарыбыз – дененин өзүнө тиешелүү болбогон, кандайдыр бир жол менен денеге кирген жана натыйжада дененин коргонуу армиясын ишке киргизген микро жандыктар. Албетте, денеге кирген чоочун заттардын баарына эле душмандай мамиле кылынбайт. Тамак жегенде, дары ичкенде, суу ичкенде да денебизге чоочун заттар кирет. Бирок денебиз алар менен согушпайт. Чоочун зат иммундук клеткалар тарабынан душман катары кабыл алынышы үчүн кээ бир шарттар орун алышы керек: молекуланын чоңдугу, денеден чыгарылуу ылдамдыгы, денеге кирүү формасы сыяктуу...60


Т-клеткалар вирустар жана башка микробдор менен күрөшүүдө негизги рольду ойношот. Т-клеткалар душман сигналын алган соң, жилик чучугунун (чучуктун) ичинде кыймылдап башташат. Жетиле электери богок безине көчүп барып, ал жерде даярдыктан өтүшөт. Т-клеткалар кызматын аткарышы үчүн, кабылдоочулары аркылуу микробдорго тиешелүү антигендерге туташышы керек.
Иммундук системадагы Т-клетка сыяктуу клеткалар бир клетканын денеге тиешелүүлүгүн билдирүү үчүн тааныгыч белокторду колдонушат. Тааныгыч белоктор болсо молекулярдык желектер жана жол белгилери сыяктуу кызмат кылат. Булар клеткалардын бири-бирин таанып, байланыш түзүшүнө шарт түзөт. Бул белоктордун көбүнчө канттан турган чыбыкка окшогон бутактары (курамында канты бар белок молекулалары гликопротеиндер деп аталат) клетка мембранасынан сыртка чыгып турат.
Тааныгыч белоктор бир түргө тиешелүү сперма клеткасынын энелик клетканы таануусуна шарт түзөт; вирустар менен бактериялардын ыңгайлуу клеткаларды аныктоосуна жардам берет жана бир клетка экинчи клеткага карманышы үчүн орундарды пайда кылат. Токсиндер клеткаларды өлтүрүү үчүн тааныгыч белокторго туташат. Бир адамдан башка адамга которулган (трансплантация жасалган) органдардын тааныгыч белоктору жаңы денеге шайкеш келбегени үчүн, иммундук система алсыратылбаса, бул тканьдарды кабыл албай койот.
Тааныгыч белоктордун болбошу рактын келип чыгышында маанилүү рольду ойнойт. Кадимки шарттарда тааныгыч белоктор аркылуу клеткалардын ортосунда түзүлгөн байланыштар клетканын чоңоюшун жөнгө салат. Рак клеткалары болсо шишик же метастаз (рак клеткаларынын денеге тарашы) пайда кылуу үчүн бул көзөмөлдү жаңылтат. Рак клеткалары, ошондой эле, башка клетка түрлөрүнүн тааныгыч белокторун да жасай алат жана ал жасалма белокторду метастазга көмөкчү катары пайдаланат.
Ошол эле учурда рак клеткаларынын өздөрүнө тиешелүү тааныгыч белоктору абдан аз, ошондуктан иммундук система аларды жок кылынышы керек болгон клеткалардын арасына кошо албайт. Рак оорусу боюнча изилдөөлөрдүн негизги максаты – рак клеткаларына тиешелүү белокторду аныктап, алардын санын көбөйтүү. Натыйжада иммундук система шишиктин чоочун экенин аныктап, аны жок кыла алат. Рак клеткаларынын тааныгыч белокторунун түзүлүшүн билүү ошол эле учурда бул белоктор жана белгилүү рак клеткалары үчүн дарылардын иштелип чыгышына да шарт түзүшү мүмкүн.

  

Иммундук системадагы клеткалардын маалымат алмашуусу


Клеткалардын ортосундагы маалымат алмашуунун эң кереметтүү мисалдарынын бирин денедеги иммундук системадан көрүүгө болот. Мисалы, бир тканьда жараат сыяктуу бир көйгөй пайда болгондо, иммундук системанын реакциялары башталат. Макрофаг аттуу иммундук клеткалар жарааттан кирген микробдорго чабуул жасоо үчүн мүмкүн болушунча эң кыска убакытта жарааттын ордун аныкташат. Бул дененин күн сайын сансыз коркунучтардан коргонушуна шарт түзөт.
Бир клетканын жарааттын ордун аныкташы, анан коркунуч туудурган абалды анализ кылышы, андан соң ал жерде чара көрүү үчүн керектүү тараптарга билдирүүлөрдү жибериши өтө аң-сезимдүү иш-аракеттер. Бирок акылы бар эч бир адам буларды клетка өзү ойлоп тапкан дей албайт. Бул абдан маанилүү системаны денебизде кокусунан пайда болуп калган деп айтуу болсо акылга жана логикага туура келбейт.

Бактериянын иммундук клеткалар тарабынан жок кылынышы

Бул жердеги дагы бир маанилүү жагдай – бул макрофагдардын көпчүлүгүнүн мындай чабуулга биринчи жолу туш болушу. Эч кандай даярдыктан өтпөгөн клеткалардын эч нерсе билбеген шартта абалды анализдеп, эмненин кооптуу эмненин коопсуз экенин аныкташы, албетте, кокустук эмес. Бул кемчиликсиз система Рахман (мээримдүү) жана Рахим (ырайымдуу) Раббибиздин улуу жакшылыгы жана, ошондой эле, чексиз илиминин бир мисалы. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Иммундук система керемети» аттуу китебине кайрылыңыз.)


Плацентанын азыктарды тандоосу


Бир сперма тарабынан уруктанган энелик клетка же «зигота» экиге, төрткө, анан сегизге бөлүнүп, тездик менен чоңоюп баштайт. Ошондуктан абдан көп азыкты талап кылат. Азыктарды энеден алуу үчүн эмбрион клеткаларынын бир бөлүгү плацентага айланат. Плацента эне менен наристенин ортосунда азык, кычкылтек жана башка азыктардын алмашуусун камсыз кылат. Плацента жаңы клетка топтору, б.а. тканьдар пайда болушу үчүн керектүү азыктарды жана кычкылтекти кылдаттык менен тандап, аларды наристеге өткөрөт да, керексиз калдыктарды ажыратып, аларды эненин денесине жиберет.
Плацента клеткаларынын наристенин качан, эмнеге муктаж экенин түшүнүп, ошого жараша керектүү чараларды көрүшү, керектүү заттарды тандап, керексиздерин наристеден алыстатышы жана күнү-түнү эч тынымсыз бул иштерди жасашы өзүнчө бир керемет. Мындай оор милдетти медицина билими абдан күчтүү бир доктор да жасай албайт. Аллах, ааламдын бүт тарабы сыяктуу, плацента клеткаларына да улуу жөндөмдү тартуулап, бизге теңдешсиз жаратуу кудуретин көрсөткөн.

Жатындын ичиндеги наристенин кан айлануу системасы.

Жатындын ичин түйүлдүктү коргоочу амниотикалык суюктук каптап турат. Амниотикалык суюктук болбосо, наристе эненин курсагында өрчүй албайт. Бул суюктук аркылуу эне менен бала бири-биринен пайдаланат жана коргоого алынат. 12 жумалык болгондо түйүлдүктүн өзүнүн кан айлануу системасы калыптанат. Бирок кычкылтек менен азыктарды алуу жана көмүр кычкыл газы менен калдыктарды чыгаруу үчүн дагы деле энесинен көз-каранды болот. Эки кан айлануу системасынан ортосундагы зат алмашуу кандар бири-бирине аралашпастан ишке ашышы керек, антпесе өлүмгө да жол ачышы мүмкүн.
Плацента эне менен түйүлдүктүн кан айлануу системасын бири-биринен кемчиликсиз бөлөт. Газдар, азыктар жана калдыктар эне менен түйүлдүктүн биринин канынан экинчисине өтөт. Бирок амниотикалык суюктуктан жана эки башка кан айлануу системасынан турган бул физикалык тоскоолдуктар наристенин өмүрү үчүн жетиштүү эмес. Булар белгилүү деңгээлде гана натыйжалуу боло алат.61
Плацентанын түзүлүшүн тереңирээк караганыбызда, бул тосмону түзгөн трофобласт клеткаларынын атайын кан үчүн пландалган бир тосмону түзөөрүн көрөбүз. Эмбрион эненин тканьдары менен тыгыз байланышта. Бир тараптан энеден келген кандын ичиндеги заттар менен азыктанса, экинчи жагынан эненин иммундук клеткаларынын коркунучу астында болот. Анткени, эмбрион эненин денесинде душман катары кабыл алынуу ыктымалдыгы бар, чоочун бир зат болуп саналат. Ошондуктан азыктар менен бирге эненин канындагы иммундук клеткалардын эмбрионго барып калбашы абдан маанилүү. Плацентанын өзгөчө түзүлүшү эненин канындагы иммундук клеткалардын эмбрион тарапка өтүшүнө бөгөт койот. Эненин канынан алынган кычкылтек, азыктар жана минералдар кичинекей көңдөйлөрдөн өтүп, эмбрионго барат. Бирок иммундук клеткалар чоңураак болгону үчүн, бул көңдөйлөрдөн өтө албайт.
Плацента клеткалары наристенин эненин канындагы бул заттарга муктаж экенин кайдан билет? Эненин канынан бул заттарды кантип айырмалап, тандап алат? Наристенин иммундук клеткалардан коргонушу керек экенин кайдан билет жана кантип аларды өткөрбөй турган бир түзүлүштү пайда кылат? Эненин курсагындагы наристенин пландуу, максаттуу түрдө корголоору анык. Аллахтын илхамы менен плацента клеткалары бул милдетти аткарышат.




Өмүрдү сактап калуу үчүн өлүмдү тандаган макрофагдар


Бир жериңизди кесип алганыңызда сизди баскынчы бактериялардан коргоо үчүн, лейкоцит клеткалары өздөрүн курмандыкка чалышат. Өз жанын кыйган бул макрофагдар шашылыш түрдө, көптөгөн коңгуроо кагуучу химиялык заттарды бөлүп чыгарып, иммундук системаны жардамга чакырат.
Иммундук системанын адистери «макрофагдар баскынчыларды кантип тааныйт» деген суроону көп жылдан бери изилдөөдө. Нью-Йорк университетинин Медицина факультетинин кызматкери Артуро Зихлинский жана анын кесиптештери мунун сыры бактерия клеткаларынын мембранасындагы липопротеиндерде дешет. Артуро Зихлинский макрофагдарды бактериялардын липопротеиндери менен салыштырганда, иммундук клеткалардын мембраналарында бул липопротеиндерди таануучу «өлүм кабылдоочулары» бар экенин аныктаган. Алар бир кабылдоочуга туташаар замат, клетканын ичинде өзүн-өзү өлтүрүү буйругу берилип, программаланган клетка өлүмү ишке ашат. Бул кабылдоочулар клетка өзүн-өзү жок кылаардан мурда, бир катар сигналдарды жиберет. Өлүм кабылдоочусу шашылыш түрдө өзүн-өзү өлтүрүп, бактерия жайгаша электе инфекцияны ылдамдатат.62
Өзүн-өзү өлтүргөн клеткалардын калдыктары ошол замат айланадагы башка клеткалар тарабынан жок кылынат. Эң таң калыштуусу, өлүү клеткалардын бүт баары башка клеткалар тарабынан тазаланбайт. Көздүн линза бөлүгү, тери, тырмак сыяктуу тканьдар да өлүү клеткалардан турат, бирок булар денеге керектүү болгону үчүн жок кылынбайт. Кээ бир өлгөн клеткалар атайылап калтырылат, анткени алардын денедеги кызматы али бүтө элек болот. Клеткалардын кайсы өлүү клеткаларды жок кылып, кайсынысын калтыраарын чечиши жана бул чечимге дененин триллиондогон клеткасынын баш ийиши ойлонуу керек болгон абдан маанилүү жагдайлардын бири.
Клетка ушунчалык маанилүү чечимди чыгарып, аны ишке ашыра турган аң-сезимди кайдан алат? Бул суроонун жообу мындай: бардык клеткалар организм жашоосун улантышы үчүн эң идеалдуу программаланган. Бул программанын ээси болсо эч күмөнсүз жандыктардын бүт тарабында теңдешсиз жаратуусун жана чексиз илимин көз алдыбызга тартуулаган Раббибиз.


Өлгөн клеткалардын жана зыяндуу заттардын аныкталып сыртка чыгарылышы


Клеткалар жакшылап тазаланышы, б.а. пайдасыз же зыяндуу белоктор аныкталып, тазаланышы керек. Мисалы, клеткалар бөлүнүүнү токтотушу керек болгондо, анын чоңоюшуна түрткү болуучу белокторду жок кылышы зарыл. Антпесе, клетканын көзөмөлсүз бөлүнүшү ракка алып келет. Ошондуктан тазаланышы керек болгон белоктор өз убагында жок кылынышы керек. Бул процесс түйүлдүктүн өрчүү процессинен иммундук системанын микробдорго каршы күрөшүнө чейин бүт тарапта абдан маанилүү. Мындан тышкары, дээрлик дененин бүт тарабында белоктор бузулууга дуушар болот, мындай бузук белоктор да тазаланышы зарыл.
Биологдор кырсыкка кабылган белоктордо белгилүү, айырмалоочу формадагы чөнтөктөр пайда болоорун аныкташты. Белоктордун ажыратылышынын клетканын жашоо айлампасында өтө чоң роль ойноору он жылдан ашуун убакыттан бери белгилүү.
Бир клетка кандайдыр бир белокту жок кылууну чечкенде, ага убиквитин аттуу кичинекей бир молекула менен белги койот. Клетка механизми андан соң белги коюлган белокту алмаштырып, бөлүктөргө ажыратат. Туура эмес белокторго белги коюлушуна бөгөт коюу үчүн, убиквитинди көздөлгөн белокко чейин жандап жеткирет. Бул белги жабыштырылган соң, ал белок жок кылынат: артка жол жок. Катачылык кетирилбестен, тиешелүү белоктор өз учурунда жок кылынышы үчүн клеткалар бир катар ферменттерди колдонушат.63
Бир белоктун түзүлүшүнүн бузук экенин же клеткага зыяндуу тараптары бар экенин ким, кантип чечет? Бул белокторду тазалоо буйругун берген аң-сезим кимге тиешелүү? Бул чечим аткарылбаса, клеткага кооптуулук пайда болоорун кайдан билишет? Клетка катачылык кетирилбеши үчүн белокторго белги коюуну кантип түшүнгөн? Булардын баарын башкарган улуу акыл асмандарды жана жерди жараткан Раббибизге тиешелүү.

Булактар:

60. C.A. Janeway, Jr., "How the Immune System Recognizes Invaders", Scientific American, no. 269(3), Eylül 1993, ss. 72-79.
61. Bea Perks, Andrew Coulton, "The Great Escape", New Scientist, vol. 171, no. 2308, 15 Eylül 2001.
62. Andy Coghlan, "Secrets of the suicidal blood cell", New Scientist, vol. 167, no. 2248, 22 Temmuz 2000, s. 15.
63. Reto Kohler, "Chuck it out", New Scientist, vol. 166, no. 2242, 10 Temmuz 2000, s. 28.


Hiç yorum yok:

Yorum Gönder