Көп адамдар өзүнүн денесинде болуп жаткан процесстер
жөнүндө өтө аз нерсе билишет. Ооруп дарыланышы керек болгонго чейин, канчалаган
сансыз нерсенин ал үчүн алдын ала ойлонулуп коюлганын билбей жашайт. Бир күнү
бир жери ооруганга чейин, денесинин эч бир жерин текшерип, иштеп жатабы же
иштебей жатабы деп тынчсызданышына зарылчылык болбойт.
Клетка мембранасы адам өмүр сүрүшү үчүн жаратылган сансыз
нерселердин бирөөсү гана. Бирок адам бул ипичке май катмарынын эч чарчабай, жаңылбай
иштөөсүнө муктаж. Анткени, клетка мембранасы кемчиликсиз жасаган, адистикти
талап кылган жумуштардын бирөөсүн да адам өзү аныктап, жасай албайт, ал тургай,
аларды көзөмөлдөө да колунан келбейт. Эч ким 100 триллион клеткасынын баарынын
муктаждыктарын бир учурда канааттандырып, ал клеткаларга кайсы заттар, качан
жана канчалык көлөмдө кирип-чыгышы керек экенин аныктай албайт. Аллах ипичке
май катмарынан турган клетка мембранасын адам анын маанисин да түшүнө электе,
бардык клеткаларына жаратып, ага жашоо тартуулаган.
Клетка мембранасынын долбоору азыркыдай болбогондо,
клетка болмок эмес, демек жашоо да болмок эмес. Акылдуу жана аң-сезимдүү болуп
туруп, адам да жасай албаган бул жумушту кокустуктардан үмүт кылуу, болгондо
да, мунун эч кемчиликсиз, өмүр бою биологдон да, химиктен да алда канча
профессионалдуу иштешин күтүү канчалык акылга жатат? Албетте, мындай сандырак
пикирди акылмандык менен ойлонгон эч ким кабыл албайт. Ошондуктан кокустуктардын
кереметтерди жаратуусун күткөн эволюционисттерге абийирине жана акылына
кайрылып, бардык таңууланган пикирлерди, коомдун басымын, жаңылуудан келип
чыккан бушаймандык жана уялуу сезимдерин унутуп, өздөрүнө төмөнкү суроолорду
узатуусун сунуштайбыз:
Аң-сезими, акылы жана эс тутуму жок, майлар менен
белоктордон турган клеткалар тандоо жасай алабы? Бир заттын пайдалуу же зыяндуу
экенин айырмалай алабы? Ал затты кантип пайдаланаарын аныктай алабы? Пайдасыз
болсо, ага зыяны тийе электе ал затты кантип жок кылаарын ойлоно алабы?
Бири-бири менен координацияда, бир максатты көздөй иш-аракет жүргүзө алабы?
Бири-бирине кабар жиберип, жардамдаша алабы? План түзүп, чара көрө алабы?...
Буга окшогон сансыз суроолордун эч бирин клетка
мембранасынын өзүнөн күтүүгө болбойт. Бул жерде эч ким четке кага албай турган
бир акыл жана кемчиликсиз долбоор бар. Аллахтын бар экендигинин далилдерин
көрмөксөн болууну каалагандар болсо чындыктардан канчалык качышпасын, өмүр бою
денелеринин ар бир клеткасында Аллахтын кудуретинин, илиминин жана
чеберчилигинин курчоосунда жашап өтүшөт.
Куранда Аллах төмөнкүчө кабар берет:
Силерди Ал жараткан; ошого карабастан силердин бир
бөлүгүңөр каапыр, бир бөлүгүңөр ыймандуу, Аллах кылгандарыңарды көрүп турат.
Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып
(келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 2-3)

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder