Белоктор клетканын ичинде эркин жүрбөйт, тескерисинче
клетканын ичиндеги кыймылдары толук көзөмөлгө алынат. Үйдүн бөлмөлөрүнө окшоп
клетканын да бөлмөлөрү бар. Клеткадагы бөлмөлөрдүн дубалдары да «эшиктер» жана
химиялык «кабылдагычтар» менен жабдылган. Эгер жакындаган белоктун жеке
маалыматтарын көрсөткөн «этикеткасы» туура келсе, анда кабылдоочу эшикти ачып,
белоктун өтүшүнө уруксат берет. Эгер белоктун этикеткасы туура келбесе, анда
эшик ачылбайт. Белок өтүшү үчүн эшик, кабылдоочу жана этикетка үчөө тең болушу
керек. Бул процесстердин эң даанасын дененин эң чоң ички органы болуп саналган
жана углевод, белок сыяктуу кандагы абдан маанилүү азыктардын деңгээлин
көзөмөлдөгөн боордон көрүүгө болот. Эгер боор клеткаларынын мембраналарында
эшик, кабылдоочу жана этикетка үчөө тең болбогондо, боор жана натыйжада дене да
жашай алмак эмес. Болгондо да, бул жашоо үчүн талап кылынган шарттардын бирөөсү
гана.
Жогоруда клетка мембранасындагы белоктордун бир бөлүгү
каналдын милдетин аткарат деп айтып өттүк. Заттардын бул каналдардан өтүшү
каналдын диаметри, формасы жана ички бетиндеги электр заряды сыяктуу
өзгөчөлүктөргө жараша айырмаланат. Оклахома университетинен биохимик Филипп
Клебба Улуттук илимдер академиясынын колдоосу менен жүргүзгөн эксперименттердин
жыйынтыгында клетка мембранасындагы белоктордун клеткага заттардын киришин
жөнгө салуучу сырткы дарбаза-канал милдетин аткараарын жана бул дарбазалардын
клетканын өсүшүнө керектүү заттарды тааный турганын аныктаган. Ошондой эле, бул
дарбазалардын клеткалардын ичине материалдардын киришине уруксат берген соң
жабылаарын жана натыйжада клеткага керексиз, уулуу заттардын кирүүсүнө бөгөт
коюлуп, керектүү молекулалардын кирээрин байкаган. «Science» журналынын
1997-жылы 23-майдагы санында жарыяланган бул жыйынтыктар боюнча, клетка
мембранасындагы белоктор бир калыптуу, пассивдүү көңдөйлөрдү пайда кылышпайт,
тескерисинче айлана-чөйрөнү сезе алган динамикалуу заттардай болуп, клетканын
чоңоюшуна керектүү заттарды киргизишет.42
![]() |
| 1. Нейтралдуу абалдагы канал 2. Жабык абалдагы канал 3. Ачык абалдагы канал |
Кыскасы, белок каналдарынын эшиктери каналдардан
эмнелердин өтөөрүн көзөмөлдөйт. Илимпоздор бул жөнүндөгү түшүндүрмөлөрүндө
аң-сезимдүү бир системаны сүрөттөп жаткансып, «тандоо, сезүү, кабылдоо, уруксат
берүү, таануу» деген сыяктуу аң-сезимдүү жандыктарга тиешелүү этиштерди колдонушат.
Эч күмөнсүз, көлөмү жана функциясы кандай гана болбосун, системаны түзгөн
бөлүктөрдүн, т.а. атомдордун, аминокислоталардын, белоктордун жана башка
заттардын бүт баарынын аң-сезими жок. Бирок алардан түзүлгөн механизм же
система аң-сезимдүү иш-аракеттерден турат. Көз алдыбыздагы бул улуу аң-сезим
бүт нерсенин Жаратуучусу жана бүт тарапты ороп-курчап турган Улуу Раббибизге
тиешелүү.
Ион каналдарынын кылдат тандоосу
Клетка мембранасы көптөгөн заттар сыяктуу, иондорду да
тандап өткөрөт. (Электрон бергенинен же алганынан улам электрдик зарядга ээ
болгон атомдор же молекулалар «иондор» деп аталат.) Клетка мембранасы
фосфолипиддик түзүлүшкө ээ болгондуктан, клетканын сыртындагы суюктукта жүргөн
иондорду түртөт. Ошондуктан иондор клеткаларга клетка мембранасындагы атайын
белоктор аркылуу гана кирип чыга алышат. Бирок иондор бул белок каналдарынан
туш келди өтө алышпайт. Бул каналдар кайсы иондордун өтөөрүн да кылдат
көзөмөлдөшөт.
Иондор көбүнчө электрдик зарядын тең салмактоо үчүн
кыймылда болушат. Кадимки шарттарда кандайдыр бир аралашмада оң заряддуу иондор
менен терс заряддуу иондордун саны бирдей болот. Бул тең салмактуулук
бузулмайынча, «потенциалдардын айырмасы» пайда болбойт. (Потенциалдардын
айырмасы: эки чекиттин (учтун) ортосундагы электрдик чыңалуунун айырмасы.) Эгер
бул тең салмактуулук бузулса, аралашмадагы «+» жана «–» заряддуу иондор
нейтралдуу абалга келүү үчүн кыймылдап баштайт.
Клетка мембранасынан иондор ушул механизм аркылуу өтүшөт.
Клетканын ичиндеги суюктуктун курамы сырттагы суюктуктан айырмалуу болгону
үчүн, иондор бул суюктуктардын ортосунда тең салмакты орнотуу үчүн ары-бери
өтүшөт. Иондор өтүүчү каналдар клетка мембранасында суюк көзөнөктөргө айланат.
Ошентип кээ бир иондордун, өзгөчө натрий, калий, кальций жана хлордун клетканын
ичине кирип-чыгышына шарт түзүлөт.
![]() |
1. Нерв клеткасы
2. Сигнал жеткирүүчү молекулалар
3. Мембрана каналдары
|
Ион каналдарынын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул
ар түрдүү иондорду тандай алышы. Бир атомдун башка бир атомду таанып, анын
өтүшүнө уруксат бериши, албетте, кереметтүү кубулуш. Аң-сезимсиз атомдорду өз
алдынча бул милдетти аркалап, эч ката кетирбестен, аң-сезимдүү күзөтчүлөрдөй иш
алып барат деп айтууга болбойт. Атомдор кокусунан чогулуп, ушундай маанилүү
милдетти пайда кылышкан деп айтуу да акылга сыйбайт. Акылын жана абийирин уккан
ар бир адам мунун баарын Аллахтын жараткандыгын, Аллахтын бүт нерсенин Өкүмдары
экендигин кабыл алат. Куранда «...Кургактыктагы
жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да
түшпөйт; кара жердин койнундагы бир даана дан, бардык суулуу же кургак
нерселердин баары (бүт нерсе) апачык китепте бар.» (Энъам Сүрөсү, 59) деп
кабар берилгендей, Аллах бүт баарын билет.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр ион каналдарынын ар дайым ачык болбошун,
эшик же ажыраткыч сыяктуу иштеп, бир иондун түрүн гана өткөрөөрүн көрсөткөн.
Джон Хопкинс университетинин Биомедициналык инженерия тармагынын профессору
Эрик Янг ион каналдарынын иргөө өзгөчөлүгү жөнүндө мындай дейт:
Ион каналдарынын эң негизги өзгөчөлүгү – бул иондорду
тандай алышы. Ичинен өтө ала турган иондорго жараша каналдар калий, натрий,
кальций же хлорид каналдары деп бөлүнөт. Көбүнчө каналдар химиялык жактан
дээрлик бирдей болгон иондорду иргей алышат (мисалы, натрий жана калий
сыяктуу)... Учурда каналдарда иргөө милдетин аткарган белок молекулаларынын
бөлүктөрү белгилүү, бирок бул иргөөнү түшүндүрө ала турган бир теория жок.
Иондорду иргөөнүн кээ бир тараптарын заряд жана көлөм менен түшүндүрүүгө болот.
Бирок булардын экөөсү тең натрий, калий жана кальций каналдарынын салыштырмалуу
иргөөсүн түшүндүрө албайт. Мисалы, натрий иону (Na+) калий ионунан (K+) кичинекей
жана заряды бирдей, бирок калий каналдары 10дон 100гө чейинки бир фактор
аркылуу натрийди айырмалай алат.43
Бул жерде да баса белгиленгендей, ион каналдарындагы
иргөө механизми өтө комплекстүү системага ээ. Каналды түзгөн аң-сезимсиз
молекулалардын атомдордун химиялык түзүлүшүн таанып, натрий ионун (Na+) калий
ионунан (K+) айырмалашы учурда илимпоздорго да табышмак бойдон калууда. Бул
каналдардын белгилүү шарттарда ачылып жабылышын жөнгө салуучу бир көзөмөл
механизми бар. Мисалы, кээ бир каналдар клетка мембранасынын айланасындагы
электрдик заряддын өзгөрүүсүнүн натыйжасында ачылса, кээ бирлери химиялык
кабарчылар менен гормондорго жооп берүү аркылуу ачылат.
![]() |
1. Клетканын сыртындагы суюктук
2. Калий эшиги жабык
3. Клетка мембранасы
4. Натрий эшиги жабык
5. Натрий эшиктери
6. Калий эшиктери
7. Натрий-калий насосу
|
Бул жерде белгилөө керек болгон дагы бир маанилүү жагдай
– бул билдирүүлөрдүн жеткирилүү ылдамдыгы. Таануу, иргөө сыяктуу процесстерге
карабастан, иондор каналдардан өтө ылдам өтүшөт. Иргөө учурунда кандайдыр бир
кечигүү болбойт жана ылдамдык начарлабайт. Ал тургай, иондор ушунчалык ылдам
өткөрүлгөндүктөн, билдирүүлөр дененин кандайдыр бир жерине секунданын бир канча
миңден бириндей ылдамдыкта жеткирилет. Мисалы, бир нерв клеткасында кыймыл
потенциалы өтө жогору жана бир миллисекундада (секунданын миңден бири)
миллиондогон ион агымы ишке ашат.44 Денебиздеги бул агымдардын көлөмүн жакшыраак
элестетүү үчүн, ион каналдарынан кирип-чыгуулардын 24 саат бою денебиздин ар
бир чекитинде ишке ашаарын ойлонуу керек.
Өмүрүбүз уланышы үчүн бул жерде бир канчасы гана каралган
сансыз шарттар бар жана алардын баары денебизде биз үчүн ар дайым даяр турат.
Ал тургай, биз али төрөлө электе, бир клетка кезибизде гендерибизде бул
системалардын маалыматтары коддор менен жазылган. Адамдын бул системанын
долбооруна да, курулушуна да, иштөөсүнө да эч кандай салымы жок. Куранда
Аллахтын адамдарга болгон мээрими «...Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди.
Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санаганга аракет кылсаңар, аны санап бүтө
албайсыңар...» (Ибрахим Сүрөсү, 34) деп кабар берилген.
Ион каналдарында электр энергиясынын өндүрүлүшү
![]() |
1. Ион
2. Клетка мембранасы
3. Ион каналы
|
Иондордун каналдар аркылуу агымы клетканын функцияларын
жана жашоосун улантышы жана ошондуктан адамдын жашоосу үчүн абдан маанилүү.
Анткени, иондор клеткага бул каналдар аркылуу кирип-чыкканда, алсыз электрдик
агымдарды пайда кылышат. Бул денебизге сигналдарды жеткирген нерв клеткаларынын
иштешин жана клеткалардын бири-бири менен байланышын камсыз кылат. Денебиздеги
бардык иш-аракеттер ушул электрдик сигналдар аркылуу келген маалыматтардын
негизинде жөнгө салынат. Бул белоктор болбосо, клетка мембраналары электрдик
жактан уйкуда болот, бул болсо денедеги сигнал алмашуунун токтошу деген мааниге
келет. Бул жагынан алганда, клетка мембранасында «ион каналдарын» түзгөн
белоктор дененин электрдик иш-аракеттери жагынан эң негизги мүчөлөрү.
Ион каналы ачылганда, оң заряддуу натрий иондору клеткага
кирет, бул агым нервдерде жана булчуңдарда кыймылдаткыч күчтү түзгөн электрдик
процесстерди баштайт. Бул жагынан өзгөчө натрий каналдары негизги рольго ээ.
Кальцийдин атайын каналдар аркылуу клеткага кириши клеткалардын ортосунда
нейрондук өткөргүчтөрдүн жана гормондордун бөлүп чыгарылышына себеп болот.45
Ион каналдарында иондордун кыймылы өтө ылдам жана
тандалма түрдө жүрөт. Мисалы, бир клетка мембранасы натрийди тандоочу бир канал
ачып, натрийди клетканын ичине киргизет жана клетканын ичиндеги электрдик
чыңалууну оң зарядга көтөрөт. Калийди тандоочу бир канал ачканда, калийдин
клетканын сыртына чыгышына мүмкүнчүлүк түзүп, чыңалууну терс зарядга түшүрөт.
Ошентип чыңалуу тынымсыз абдан ылдам өзгөрүп турат. Клеткалардагы электрдик
сигнал алмашуу түпкүрүндө ушул механизмге таянат.
Клетканын электр энергиясы биологиянын абдан маанилүү бир
тармагы. Фосфат кошулмалары, аминокислоталар же иондор клетка мембранасынан
өткөндө, булардын кыймылы электрдик агымды жана натыйжада клетка мембранасында
чыңалуулардын айырмасын пайда кылат. Бул чыңалуу «мембрананын потенциалы» же
кээде «мембрананын чыңалуусу» деп аталат. Клетка мембранасында пайда болгон бул
электрдик потенциал клеткада энергия чогултууга колдонулуп, электр энергиясынын
топтолушу тең салмакка салынат.
Клетка мембранасында иондордун агымында бир өзгөрүү
болгондо, клетка мембранасы бул потенциалын бузат. Бул натрий каналдарынын
ачылышына шарт түзөт. Натрий каналдарынын көлөмү орточо 0,3-0,5 нанометр
(миллиметрдин миллиондон бири). Ачылган канал натрий иондорун клетканын ичине
тартканда, мембрананын чыңалуусу өзгөрүп, клетка электрдик жактан активдүү
абалга келет. Эс алуудагы нерв жана булчуң клеткаларында болсо натрий каналдары
бекем жабык болот. Клетка мембранасындагы потенциал төмөндөгөндө, т.а. клетканын
ичи сыртка салыштырмалуу бир аз көбүрөөк терс заряддуу болгондо, натрий
каналдары ачылат. Мындай каналдар «чыңалуу менен башкарылуучу каналдар» (voltage-gated)
деп да айтылат.
Чыңалуу менен башкарылуучу ион каналдары
![]() |
1. Клетканын сыртындагы суюктук
2. Клетканын ичиндеги суюктук
|
Ион каналдарынын дарбаза сыяктуу ачылып жабылышы клетка
мембранасынын электрдик абалынан көз-каранды. Мисалы, клетка мембранасынын ички
тарабында күчтүү терс заряд пайда болгондо, натрий дарбазаларынын сырткы тарабы
бекем жабык болот. Мембрананын ички тарабы терс зарядын жоготоор замат, бул
дарбазалар ачылат да, клетканын ичине көп санда натрий кирет. Калий каналдары
болсо клетка мембранасынын ички тарабы оң заряддуу болгондо ачылат.
Дарбазалардын ачылып жабылышын коопсуздук
кызматкерлеринин көзөмөлү менен ачылып жабылган эшиктерге салыштырууга болот.
Коопсуздук кызматкеринин ошол имаратта иштеген кишилерди көрүп таанып же
тиешелүү документин текшерген соң гана эшиктин ачылышына уруксат бериши
сыяктуу, ион каналдары да иондорду тааныганда гана эшиктерин ачышат. Бирок
клетка мембранасындагы эшикти ачып жабуу процесси секунданын бир канча
миллиондон биринде болуп бүтөт. Бул абдан кыска убакыт. Эгер буга көбүрөөк
убакыт коротулганда, анда денебиздин бардык иш-аракеттери жайлап, айлана-чөйрөбүздү
кабылдашыбыз жана аларга реакция кылышыбыз да жай болуп калмак. Мындай
жайлатылган жашоодо клеткаларыбыз жана натыйжада биз өмүр сүрө алмак эмеспиз.
Ошондуктан клеткадагы комплекстүү системалар канчалык маанилүү болсо, алардын
иштөө ылдамдыгы да ошончолук маанилүү. Денебиздеги бардык системалар кемчиликсиз
иштеп, бирок бир эле клетка мембранасынан кирип-чыгуулар талап кылынгандан
жайыраак болгондо, денебиздин бүт системасы бузулмак. Ошондуктан денебиздин ар
бир өзгөчөлүгү эволюция теориясынын «организмдер акырындап, этап этабы менен
өрчүгөн (эволюцияланган)» деген көз-карашын жокко чыгарат.
Ион каналдарында чыңалуу аркылуу келип чыккан
өзгөрүүлөрдү биринчи жолу ченеген илимпоздор таң калыштуу жыйынтык алышкан. «Nature»
журналынын 2000-жылы 16-декабрьдагы санында чыңалууну кабылдоочу бөлүктөгү
аминокислоталардын мурда элестетилгендей жөнөкөй айланууларды жасабастан,
кулпунун ичиндеги ачкычтардай кыймылдай тургандыгы жарыяланган. Иллинойс
университетинин физика профессору Пол Сельвин бул изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына
төмөнкүчө токтолгон:
Нерв клеткасынын мембраналарында натрий менен калий
иондорунун агымын жөнгө салган атайын көңдөйлөр же каналдар бар. Ал каналдар
мембранадагы чыңалууга жараша эшикке окшоп ачылып жабылат жана ошентип нерв
сигналдарынын иштелип чыгышын жана жиберилишин башкарат. Бул изилдөөдө ион
каналдарынын чыңалуунун өзгөрүшүн кантип сезээрин жана каналдардагы чыңалууну
кабылдоочулардын ичиндеги аминокислоталардын булар ачылып жабылганда кандайча
кыймылдаарын аныктоого аракет кылдык... Биздин оюбузча, аминокислоталар клетка
мембранасында жаракага окшош кабаттарды пайда кылат. Айланма кыймыл клетканын
ичиндеги заряддардын клетканын сыртындагы заряддарга химиялык жактан кирүүсүн
өзгөртөт. Ошентип кыймылдын бир аз эле өзгөрүүсү чоң натыйжага себеп боло алат.46
Калифорния университетинен Франциско Безанилла болсо ион
каналындагы чыңалуу менен башкарылуучу эшиктердин комплекстүү түзүлүшү жөнүндө
мындай дейт:
Ион каналынын ичиндеги белгилүү аминокислоталарга белги
койдук, андан соң мембранадагы чыңалуунун функциясына жараша аралыктагы
өзгөрүүсүн ченедик... Таң калыштуусу, бул аминокислоталардын кээ бирлери
алыстаса, кээ бирлери жакындады, кээ бирлери болсо эч кыймылдаган жок. Бул
кыймылдарды жөнөкөй айланма кыймылдар менен клетка мембранасынын ичинде
насостун жогору төмөн кыймылы катары түшүндүрүүгө болбойт. Бул кулпунун
айланышы сыяктуу бир айланма кыймыл жана маалыматтарга толук дал келет.47
Бул сөздөрдөн да көрүнүп тургандай, клетка мембранасынын
ион каналдарындагы бул процесстер жөнөкөй механизмдер эмес. Бул жерде абдан
үстүртөн гана каралган клеткага кирүү-чыгуу процесстери бүт баарынын бүтүн
бойдон жаратылганын көрсөтөт. Анткени, бул система бардык бөлүктөрү толук
болуп, кемчиликсиз иштегенде гана денеге пайда алып келет. Антпесе, дене жашай
албайт.
Чыңалуу менен башкарылуучу калий каналдары клетка
мембранасындагы сигнал алмашуунун бир бөлүгү. Сигнал алмашуучу белоктордун
клетка мембранасынан секундасына миллиондогон иондорду өткөрүүчү көңдөйлөрү
бар. Бул көңдөйлөр иондорду укмуш иргеп, абдан тез өткөрүшөт. Дарбазаларында
чыңалуунун өзгөрүшүн аныктоочу бир кабылдоо механизми бар. Бул механизм
чыңалууда кандайдыр бир өзгөрүүнү сезгенде, дарбазалар миллисекундадай кыска
убакытта ачылат же жабылат. Гарвард медицина мектебинин нейробиология бөлүмүндө
эмгектенген Гари Йеллендин айтуусу боюнча, «бул адистешкен сигнал алмашуучу
молекулалардын архитектуралык түзүлүшү жана функциялык компоненттери жөнүндө
барган сайын көбүрөөк маалыматтар алынууда, бирок дагы деле изилдөөнү талап
кылган кээ бир маанилүү байланыштары бар.»48
Илимпоздор функцияларын да толук изилдей албай кыйналып
жаткан клетка мембранасынын комплекстүү түзүлүшү молекулярдык деңгээлде да
кокустуктарга орун жок экенин апачык көрсөтүүдө. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей
жерде кереметтүү ылдамдык жана кемчиликсиз тартип орун алган. Бул системанын
бөлүктөрүн караганыбызда, алардын аң-сезимсиз атомдордон турганын көрөбүз. Бул
атомдордун туш келди биригишинен мындай таң калыштуу системанын өзүнөн-өзү
пайда боло албашын акыл менен караган ар бир адам кабыл алат. Бирок дарвинизмге
эч далилсиз ишенген эволюционисттердин ою боюнча, бул комплекстүү система
өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон. Бир имаратты көрүп аны «максаты жок» деп
айтуу, бир тартипти көрүп аны «кокусунан пайда болгон» деп айтуу, албетте,
чындыктарды көрүп туруп четке кагууга барабар. Клетка мембранасынын түзүлүшүнө
байланыштуу үстүртөн берилген бир канча маалымат деле эволюция жомокторун
чыгаргандарга жетиштүү жоопту берүүдө: «кокустук көз-караштары логикага, акылга
сыйбайт жана чындыкка туура келбейт...»
Натрий-калий насосу:
Жогоруда айтылгандардан тышкары, иондорду ташуу үчүн
энергия талап кылган белок «насостору» да колдонулат. Эң белгилүү насостоо
системаларынын бири – бул натрий-калий насосу. Клетка мембранасында каналды
пайда кылуучу белок клеткада өндүрүлгөн жалпы энергиянын үчтөн бирин отун
катары колдонот. Бул белок күнү-түнү эч тынымсыз клетканын сыртына натрий
иондорун айдап, анын ордуна калий иондорун киргизип турат. Ар бир «насостоо»
учурунда клетканын сыртына 3 натрий (Na+) жиберилип, клетканын ичине 2 калий (K+)
киргизилет.49 Ошентип бул насостун жардамы менен клетканын
ичинде натрий (Na+) жана калий (K+) иондоруна жараша тыгыздыкта айырмалар келип
чыгат. Бул насостор дененин бардык клеткаларында бар жана клетканын ичинде
иондун тыгыздыгын камсыз кылуу жана клетканын көлөмүн контрольдоо үчүн
колдонулат.
![]() |
1. Суу молекулалары менен бириккен калий иону
2. Жабык
3. Ачык
4. Иондор байланышуучу аймак
5. Нейтралдаштыруучу бөлүкчө
6. Клетка мембранасы
|
Жеткирүүчү белоктун клетканын ичин көздөй чыгып турган
бутагында натрий иондору байлануусу үчүн үч кабылдоочу аймак бар. Сырткы
тарабында болсо калий иондору үчүн эки кабылдоочу аймак бар. Жеткирүүчү
белоктун ички тарабына үч натрий байланганда, белоктун АТФаза (АТФнын ичиндеги
бир фермент) функциясы активдешет. Бул фермент жогорку энергиялуу АТФны (аденозинтрифосфат:
организмдер түздөн-түз колдонуучу клеткалык энергия) ажыратып, аны АДФга (аденозиндифосфат:
АТФдан фосфат тобунун ажырашынан келип чыккан компонент) айлантат. Энергиянын
эркиндикке чыгуусунун натыйжасында жеткирүүчү белок молекуласынын формасы
өзгөрөт жана натрий иондорун сыртка чыгарып, калий иондорун ичкери киргизүүчү
«насостоо» процесси келип чыгат.
Бул жерде жалпысынан сүрөттөлгөн «ион насостоо системасы»
көптөгөн илимпоздордун канча жылдык эмгегин короткон, канчалаган томдук
китептер жазылган клетка мембранасындагы комплекстүү процесстердин бирөөсү
гана. Электрондук микроскоптун жардамы менен аныкталган бул илимий ачылыштар,
албетте, өтө маанилүү. Аллах адамды бул системалардын ар биринин иштөөсүнө
муктаж кылып жараткан. Биздин доордо аныкталган бул маалыматтар Аллахтын бүт
тарапты курчап турган чексиз илимин түшүнүшүбүз үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк.
Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
... Раббим илим жагынан бардык нерселерди курчап турат.
Дагы эле насаат алып-ойлонбойсуңарбы? (Энъам Сүрөсү, 80)
Булактар:
42. http://www.nsf.gov/od/lpa/news/press/pr9740.htm; National Science Foundation Press Release.
43 http://www.bme.jhu.edu/courses/580.439/notes/Notes_channels.pdf
44. http://www.nature.com/cgi-taf/DynaPage.taf?file=/nature/journal/v419/n6902/full/nature00978_r.html
45. Wray, D., "Ion Channels: Molecular Machines par Excellence", Science Spectra, 2000, no. 23, ss. 64-71.
46. A. Cha, G.E. Snyder, P. R. Selvin, F. Bezanilla, "Atomic scale movement of the voltage-sensing region in a potassium channel measured via spectroscopy", Nature, no. 402, 16 Aralık 1999 ss. 809-813; http://www.hhmi.org/news/mackinnon4.html.
47. A. Cha, G.E. Snyder, P. R. Selvin, F. Bezanilla, "Atomic scale movement of the voltage-sensing region in a potassium channel measured via spectroscopy", Nature, no. 402, 16 Aralık 1999 ss. 809-813; http://www.hhmi.org/news/mackinnon4.html.
48. Gary Yellen, "The voltage-gated potassium channels and their relatives", Nature, no. 419, 5 Eylül 2002, ss. 35-42.











Hiç yorum yok:
Yorum Gönder