Адамдын денесин түзгөн болжол менен 100 триллион клетка
эч тынымсыз, чарчап эс албастан, сансыз иш-аракеттерди жасайт. Органдар менен
кыртыштардын өз кызматын аткарышы, адамдын күнүмдүк жашоосун улантышы ушул
клеткалардын ар биринин өз милдетин кемчиликсиз орундатышынан жана бири-бири
менен толук гармониялуу иштешинен көз-каранды.
Ар бир организмге жашоо үчүн энергия жана натыйжада азык
керек, ошол сыяктуу эле клетка да сансыз иш-аракеттерин аткаруу үчүн ар түрдүү
азык заттарына муктаж. Бир заводдо өндүрүшкө керектүү чийки заттар алынып
келип, керек учурда кампада сакталып, өндүрүштөн кийинки калдыктар болсо
заводдун сыртына чыгарылып же жок кылынышы сыяктуу эле, клеткада да өтө татаал
өндүрүү, кампага жыйноо жана тазалоо системасы иштейт. Клетканын ичине
киргизилген чийки заттар ар кандай органикалык молекулалардан, минералдардан
жана металлдардан турат. Алар клетканын ичинде керектүү молекулалардын
өндүрүшүнө колдонулуп, калдыктар клетканын сыртына жиберилет же клетканын
ичинде жок кылынат. Ал ортодо заводдо өндүрүш жасоо үчүн электр энергиясы же
башка энергия түрлөрү колдонулганы сыяктуу, клетка да иш-аракеттерин өзүндө
өндүрүлгөн энергия аркылуу жүргүзөт.
Заводго алынып келе турган чийки заттардын техникалык
өзгөчөлүктөрү атайын мүнөздөмөлөр аркылуу белгилениши сыяктуу, клетка да чийки
заттарга атайын талаптарды койот. Чийки заттар клетканын ичине плансыз,
башаламан киргизилбейт. Клетка мембранасында бул заттардын өздүк маалыматтары
текшерилет. Клетканын ичине кирсе эч кандай зыян алып келбей турган заттар үчүн
ар дайым ачык турган эшиктер болот. Зыян алып келүү ыктымалдыгы бар башка
заттар болсо бармак издеринин текшерилиши сыяктуу өтө кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт.
Клетканын каалгасында заттардын тууралыгын текшерүү жана тастыктоо абдан
маанилүү. Анткени, бул кылдат коопсуздук чаралары клеткага сырттан келчү
кандайдыр бир вирус, бактерия же уулуу заттардын зыян тийгизүү рискине бөгөт
койот. Бул маанилүү жоопкерчилик ипичке кабыкчага тапшырылган.
![]() |
| Клетканын ичине киргизиле турган заттар көздүн торчосун сканерлөө системасы сыяктуу коопсуздук чаралары менен киргизилет. |
![]() |
| Клетка мембранасы имаратты курчап турган, ар тараптуу коопсуздук чаралары көрүлгөн бир дубал сыяктуу. |
Денебизди түзгөн триллиондогон клетканын ар биринде
ушундай аң-сезим бар жана ар бир клетка мембранасы тандоо механизмин кылдаттык
менен ишке ашырат. Биз болсо бул заттарды тандоо мындай турсун, денебизде
ушундай кереметтүү процесстердин жүрүп жатканын да билбейбиз. Клетка
мембранасынын адамдан да жогорку аң-сезимдүүлүктү көрсөтүшү, жогоруда да
айтылгандай, бул аң-сезимдин булагынын клетка эмес, аны жараткан Аллахтын илими
экендигин тастыктайт. Ар бир клетка Аллахтын буйругу менен өз милдетин эч
кемчиликсиз орундатып, бизге кызмат кылууда.
Клетка мембранасы эч кемчиликсиз жасаган, аң-сезимди жана
акылды талап кылган бул кызматтардын эч бирин адам баласы аныктап, өзүнүн акылы
жана эрки менен ишке ашыра албайт же башкара албайт. Адамдын денесиндеги
клеткалардын саны Саманчынын жолу галактикасындагы жылдыздардын санынан үч
эсеге көп. Бул кызматтын бардык клеткаларда ар бир секунда сайын, күнү-түнү эч
тынымсыз жана эч катасыз жасалышы керек экенин ойлогондо, ипичке клетка мембраналарынын
канчалык оор милдетти аткараарын жакшыраак түшүнөбүз.
Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске салуу керек: бул
китепте акылдуу, аң-сезимдүү, пландуу бир адамдын иш-аракеттерин сүрөттөй
турган сөздөр көп колдонулат. Бирок ал этиштер аң-сезимсиз атомдордон турган
май жана белок катмарынын, т.а. клетка мембранасынын кыймыл-аракеттерин
түшүндүрүү үчүн пайдаланылат. Мындай иш-аракеттерди аң-сезимсиз атомдордон
турган ипичке бир кабыкчанын өз эрки менен өз мойнуна алышы жана аларды
кемчиликсиз орундатышы, албетте, мүмкүн эмес.
Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам кабыл ала тургандай,
Аллах клетка мембранасы аркылуу адамдарга жандыктарды толук башкарып тураарын
көрсөтүүдө. Клеткадагы акыл Аллахтын чексиз акылынын бир чагылуусу. Курандын
бир аятында кабар берилгендей:
Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах
бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)
Клетка мембранасы клеткадагы татаал түзүлүштөрдүн бирөөсү
гана. Клетка мембранасынын түзүлүшүнө жана маанисине тереңирээк токтолоордон
мурда, клетканын комплекстүү түзүлүшү жөнүндө кыскача маалымат берели
(тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Клеткадагы керемет» аттуу китебин
караңыз).



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder